Жактоочу: "Эмилбек Каптагаев "эч кандай доом жок" дегенден кийин Жапаров акталышы керек"

Садыр Жапаровдун соттук отурумунда жабырлануучу Эмилбек Каптагаевдин "мен жабырлануучу эмесмин, эч кандай доом жок дегени менен Жапаров акталышы керек. Ал үчүн бир кадам ташталды. Мындай маалыматты бүгүн, 30-июнда SUPER.KG порталына Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Бүгүн соттук отурумдун жүрүшүндө жабырлануучу деп катталган Эмилбек Каптагаев суралды. Ал "Мен Садыр Жапаровго эч кандай доом жок, мен жабырлануучу эмесмин" деп жооп берди. Ушул жооптон кийин эгер сот акыйкат чечим чыгарса ал акталат. Акталышы керек. Эмилбек Каптагаев ошол күнү ким мени өлтүргүсү келгенин азыркыга чейин билгим келип изилдеп жүрөм деди. Ошол эле учурда буга чейинки соттук отурумдарда Саруу айылындагы митингди уюштуруп, соттолгон балдардан Садыр Жапаров мени өлтүрүүгө аракет жасаган деген сөздү укпадым деп айтпадыбы. Мындай сөздөн кийин сот бир гана актоо өкүмүн чыгарышы керек. Эгерде мыйзамдуу, адилеттүү сот болсо. Эгерде көрсөтүп бере албаган мыйзам менен соттосо анда ал иш алардын абийиринде", - деп билдирди Токтосунов.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aravan.kg
2017-06-30 19:20:39
Кудай буйруса аз калды Садыке
+5
Shapak1979
2017-06-30 19:40:25
Азаматсыз Эмилбек Каптагаев...
+4
raykray
2017-06-30 19:56:21
Кудай дегенго Каптагаев, ар Ким жазасын созсуз алат
+4
bakulya2015
2017-06-30 23:32:35
Аллах колдосун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан