Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаровго карата чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз каралып, соттук отурум өткөрүлдү.
Соттук отурумдун жүрүшүндө "2013-жылдын 7-октябрында Саруу айылында өткөн митингге тиешеси бар" делип суралган 10дон ашуун күбө жана шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрү окулду.
Отурумдун жүрүшүндө сот "тиешеси жоктордун көрсөтмөсүн окутуп жатасыз" деди жактоочуга.
Жактоочу Шарабидин Токтосунов:
"Урматтуу сот, сиздер ишке тиешеси жок деп жатасыздар. Анда эмне үчүн ишке тиешеси бар деп документтердин катарына тиркеп жүрөсүздөр? Эгерде алардын көрсөтмөсү сиздерге мааниси жок болсо бизге маанилүү. Ошондуктан окуп бериңиз", - деди ал.
Сот Жаңыл Мамбеталы менен жактоочу Шарабидин Токтосунов жана Садыр Жапаров соттун күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн окубай туруп жарыш сөзгө өтөбүз дегенинен улам чырдашты.
Жыйынтыгында Сот Жапаровду сот залынан чыгарып салууга буюрду. Конвойлор Садыр Жапаровду сот залынан алып чыгып кетти. Андан соң залда отурган Жапаровдун тарапташтарын аларга кошо журналисттерди залдан чыгарып салды.
Соттук отурум эртең саат 14:00гө жылдырылды.
Эске салсак, Садыр Жапаров ушул жылдын 2-августунда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.