Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда төрагалык кылуучу Жаңыл Мамбеталы Садыр Жапаровго акыркы сөзүн айтууну сунуштады.
Отурумдун жүрүшүндө Садыр Жапаров акыркы сөзүн айтуудан баш тартты.
"Мен азыр акыркы сөздү айтууга даяр эмесмин. Бир тарабы башым ооруп, өзүмдү жаман сезип турам. Эртең даярданып келип айтамын", - деп билдирди Жапаров.
Соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочу Шарабидин Токтосунов: "Садыр Жапаровдун бир дагы күнөөсү далилденген жок. Прокурор эч кандай жүйө келтире алган жок. Мына азыр Жапаровдун ак экендигин, анын күнөөсү прокурор тарабынан далилденбегендигин аудиого жазып жатышат. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык түйүндөр аркылуу тараткыла, бүтүндөй кыргыз эли уксун", - деди ал.
Соттук отурум эртең саат 11:00гө жылдырылды.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.