Кыргыз-Казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Мамлекеттик чек ара кызматынан коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.
Анын айтымында, учурда "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында 490 фура, "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайында 162 фура кезекте турат.
Ал эми "Ак-Жол", "Чалдыбар", "Кең-Булуң", "Токмок" көзөмөл-өткөрүү жайларында унаалардын жана адамдардын тыгыны жок.
Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар ушул жылдын 10-октябрында жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турган.
Өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес. Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин алкагында маселени чечүү үчүн иштелип чыккан жол картага кол коюлмак. Бирок Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кол коюудан баш тартып койгон.