Бүгүн, 6-июнда Жогорку Сотто экс-депутат Садыр Жапаровдун сот иши уланат. 5-июндагы сот жараянында соттук жамаат анын жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун сөзүн угуп, башка жактоочу жана прокурорлордун сөзүн угууга жетишпей калгандыктан ишти 6-июнда улантууну чечкен.
Шарабидин Токтосунов сотто Жапаров күнөөсүз экендигин белгилеп, аны толук актоо өтүнүчүн келтирген.
Бүгүнкү отурумда тараптар жарыш сөздөрүн аягына чыгарууга жетишсе, сот чечими чыгарылышы мүмкүн.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.