Кыргызда каза болгон адамды акыркы сапарга татыктуу узатуу бул маркумга болгон акыркы сый-урмат катары эсептелет. Көз жумган адамды акыркы сапарга узатуу - анын балдарынын жана жакындарынын милдети. Маркум көз жумгандан тартып аны жерге бергенге чейин кыргыздардын алмустактан бери сактап, колдонуп келген өзүнүн ырым-жырымдары, салт-санаалары болгон.
Акыркы мезгилдерде сөөк коюудагы салттар болгон кошок кошуу, өкүрүп келүү, сөөктү 3 күн кармоо тууралуу коомчулукта эки кайчы пикир жаралып, туугандар арасында да ар кандай чыр-чатактар, пикир келишпестиктер чыгууда. Кыргызда өлүктү жайга коёрго чейин тестиер балдар таяк таянып боз үйдүн маркум жаткан тарабын карап туруп өкүргөн. Ал эми өлгөн адамдын кыз-кыркындары кошок кошкон.
Кыргыз философия илимдеринин докторлорунун жана Кыргыз салт таануучуларынын жазып, айткандарына таянсак, байыртадан эле кыргызда көз жумган адамдын денесин 3 күн кармашкан. Себеби адам көз жумгандан кийин анын жаны үч күн бою денесин айланчыктап жанында жүрөт. Ал эми жети күнгө чейин ошол жан дене жаткан мүрзөсүнүн жанында болот. Мына ошондуктан кыргыздар илгертен "үчилик", "жетилик" күндөрүн белгилешет. Дагы бир тарабы маркумдун алыста жашаган жакындары келип, аны менен коштошуп, топурак салып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Кээ бир маалыматтарга таянсак каза болгон адамдын жакындары анын жерге берилип жатканын өз көзү менен көрүп, топурак салмайын көксөөсү суубайт.
Ошондой эле кыргыздар өзүнүн каада-салтына кошокту бекеринен киргизген эмес. Кошок кошуп, өкүрүп ыйлап жаткан адам өзүнүн ичиндеги күйүтүн чыгарып алат. Мурда улуулар "жөн койгула, көкүрөгү сууганча ыйлап алсын, тыйсаңар ыза-муңу өзөгүнө түшүп кетип өмүр бою оорукчан болуп калат" деп айтышкан. Бул факт медицинада да такталган. Кошокто маркумдун жакшы жактары саналып, анын көзү тирүү кезинде кандай адам болгону сыпатталып берилет. Ал макталат, даңкталат, коштошуу сөздөрү кошулат. Муну менен тирүү адамдар анын ким болгонун, кандай жашап өткөнүнөн кабардар болушат.