Кыргыз эли ата-бабадан бери карай очогунан оту өчпөгөн, жайы-кышы жашап, тукум улап, жашоо тиричилигин башынан кечирген өргөөсүн дайыма ыйык туткан.
Өргөө көтөргөн учурда алыс-жакында жашаган, ага-тууган, коңшу-колоң келип куттуктап өрлүктөө салты орун алган. Аталган салт ар кандай ырым-жырымдар жана той менен коштолгон. Өрлүктөө салты жөн гана жаңы өргөө көтөрүп жаткан адамды куттуктоо эмес, коңшу-колоңдун, ага-туугандын ынтымагын, катышын бекемдөөчү жөрөлгө катары каралган.
Салт таануучу Абылкасым Нурсеитовдун айтымында, байыртадан кыргыз эли жаңы конуштуу болгон адамдын ак өргөөсүнө барып "конуш жайлуу болсун!" деген куттуктоо сөзүн айтып, эгерде жаңы көчүп келген коңшу болсо таанышып, ал-абалын сурап, колдон келген жардамын берген. Ал эми көптөн берки коңшусу жаңы өргөөлүү болсо кубанычын тең бөлүшкөн.
"Илгери кыргыз журт алмаштырып, түндүк көтөргөн маалда жакындары, коңшулары келип өрлүктөө жөрөлгөсүн жасашкан. Өргөлүү болуп жаткан адам курмандык чалып, келген меймандардын батасын алган. Убакыттын өтүшү менен адамдар туруктуу үй-жайлуу боло башташты. Ошол учурда деле кыргыздар өзүнүн каада-салттарын унутпай жаңы тургузулган үйдүн пайдубалы бекем болсун, ак өргөөнүн ичинде бала үнү жаңырып, жалаң гана жакшылыктар орун алсын деген тилекте той берет", - дейт салт таануучу.
Адам алгач жаңы өргөөлүү болгондо үйдүн ичин аластоосу зарыл. Аластоонун мааниси - үйдүн ичин тазалап, арча түтөтүү менен жакшылыктарды тилек кылуу. Өрлүктөп келген адам эч качан куру кол келбейт. Ал өргөөнүн ээсине арналган белегин же болбосо жаңы өргөөгө көрүндүк берет. Той учурунда ырыскы, береке, бардарчылык болсун деген жакшы тилек менен конокторго боорсок, таттуу-тарападан турган чачыла чачылат.