"Ун сыйпап, тай мингизип...". Эшик-төр көрсөтүү жөрөлгөсү жети дубанда кандай өткөрүлөт?

Тектеш кабарлар: Ата салты (22 материал)

Кыргыздар келин алып, кыз берген жакшылык тойлорду "бышыкчылык убак" дешип күз мезгилине белгилешет эмеспи. Күздүн күнүндө ашуу ашып, кудага баргандардан жергиликтүү элдин каада-салтына таң калып келгендерди көп эле кездештиребиз. Себеби кыргыз эли аймактык өзгөчөлүктөргө, өз ара ишенимдерге жана өзгөчө маани-маңызга негизделген үрп-адат түрлөрүнө бай келет. Ата салты түрмөгүбүздө "эшик төр көрсөтүү" жөрөлгөсүнүн жети дубандагы айырмачылыктары тууралуу кеп кылабыз.

Келин алган тарап кудаларын үйгө чакырып, эшик-төр көрсөтмөйүнчө кыздын туугандары алардын үйүнө бара алышпайт. Ошол эле нерсе айрым аймактарда кыз тарапка дагы тиешелүү. Кызы менен күйөө баласын, кудаларын үйүнө чакырып, эшик-төрүн көрсөткөндөн кийин гана кыз төркүнүнө келе алат. Өлкөнүн түштүк тарабында бул каада "кыз көрдү", "ата чакырды" деп аталат.

Кенже Ибраимова, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылынын тургуну:

Мурун "отко киргизүү" дээр эле, кийин "эшик-төр көргөзүү" деп калбадыкпы. Экөөнүн айырмасы, отко киргизүүдө кыз-күйөөнү гана чакырчу. Ал эми эшик-төр көрсөтүүдө кыз, жигит менен кошо ата-энесин, туугандарын, тай жагын чакырат. Андыктан азыр эшик-төр көрсөтүү ыңгайлуу болуп калды окшойт. Кызга сөйкө салып кетерде бала тарап биротоло кудаларынын эшик-төрүн көрөт. Андан кийин кайра экинчи тарап чакырат. Анда шарт болсо кыздын себин кошо ала келет. Улам бир нерсеси кошулуп жатат, азыр кудалар кешик деп малын союп, боорсок, таттууларын алып барышат. Кыздын төркүнүнөн эң аз дегенде 15 адам келет. Эң кызыгы, чоң куда келгенде алдынан балдар аркан тосуп чыгышат. Улгайган апалар бир идишке ун алып чыгып "ак жалгасын, акжолтой болсун" деп чоң кудалардын ийиндерине ун сыйпашат. Кетеринде кийит кийгизет. Эгерде кыздын ата-энеси, туугандары күйөө баланы көрө элек болсо, ал күйөө жолдош менен унаада отуруп турат. Жеңелери жигитти жүгүндүрүп, кайын-журтунан көрүндүк алган соң үйгө киргизет.

Бусайра Уезбаева, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ничке-Сай айылынын тургуну:

Бизде бул каада "кыз төркүлөтүү" деп аталат. Чындыгында, кызды төркүлөтүүдө азап эле. Анткени кийит, акча алып барасың. Малды да союп алып барып, жеңелерине өзүнчө куржун даярдашың керек. Анын бир жагына эт, боорсок салынса, бир жагына таттуу, жоолук салынат. Ал эми кудаларга да өзүнчө куржун алып барат. Бизде дагы деле кудалардын бири-бирине кийит кийгизип, шакек, сөйкө салуусу кала элек. Жигит тараптын тууган-уругу, тай жагы, ата-энеси барышат. Кетеринде кешик деп кайра бир малды союп беришет. Көп жерде мындай кылбайт экен, устукандарын эле алып кетишет. Бул кааданын өзүнүн мааниси бар. Илгери төркүлөтүү боло электе кыз үйүнө барчу эмес. Кыскасы, бул кызды ата-энесин, туугандарын сагынганда үйүнө алып баруу, кайра учураштыруу. Бирок азыр кыз турмушка узагандан кийин 10-15 күндөн кийин эле ата-энесинин үйүнө барып жатпайбы.

Ырыс Каныбек кызы, Чүй облусунун Жайыл районундагы Кожомкул айылынын тургуну:

Өзүм Токтогулданмын, Чүйгө келин болгом. Токтогулда "кызды төркүлөтүп баруу" деп аталат. Ал эми Чүй тарапта "эшик-төр көрсөтүү" дешет экен. Мындайда кыздын үйүнө күйөө бала тараптын ата-энеси, туугандары барат, 10 чакты адамдай болот. Таттуу алып барышат, эгер кудалар кийит жок десе кийити жок эле барат. Бул эки жактын сүйлөшүүсүнө жараша болот.

Замирахан Сатылганова, Ош облусунун Өзгөн районундагы Эркин-Тоо айылынын тургуну:

Бизде той берүүдө эле бир топ салт бар. Мисалы, эң алгач кыз менен жигиттин ата-энеси таанышат. Андан соң эшик-төр каадасы болсо, кийин кыздын себин алып барышат. Бул жөрөлгөлөр жасалып бүткөндөн кийин чоң той болот. Эшик-төр көрсөтүүдө эки тарап тең бири-биринин үйүнө барышат. Алгач жигит тарап келиндин үйүнө келсе, андан соң кыздын ата-энеси, тууган-уруктары күйөө баласыныкына барат. Куда-кудагыйлар бири-бирине кийит кийгизишет. Баткенде күйөө бала тарап кудаларга куржун алып келсе, бизде себет берет. Үй-бүлө мүчөсүнүн ар бирине себет даярдалат, жок дегенде 4-5 себет болот. Мисалы, кыздын чоң энесине бериле турган себеттин ичинде таттуулардан сырткары материал, жоолук болот. Ал эми эркектердикине материал кошпойт, ичинде сакал алгыч, атыр сыяктуу эркекке тиешелүү буюмдар салынат. Ушунусу менен себет бири-биринен айырмаланат. Ал эми сеп өзүнчө берилет. Ошто сеп берүүгө аябай көңүл бурушат. Жигит тарап канча калың алып келсе, кийин кыздын ата-энеси ошол акчага, кээде үстүнө акча кошуп, кыздын себин алып барышат. Кийин кыз-күйөө өзүнчө бөлүнөрдө сепке келгендин бирин калтырбай алып кетет. Мындайча айтканда, сеп деген бала менен кызга берилген жардам болуп саналат. "Сандык ачты" дегенибиз бар. Сеп менен кошо атайын сандык да даярдап алып келишет. Анын ичинде сүлгү, жүз аарчы, самын сыяктуу кызга керектүү майда-чүйдө нерселердин баары болот. Сандыктын үстүнө жакшы бир жууркан же жер төшөк коюшат. Аны сандыкты ачкан жеңелердин бири алат.

Катича Мамбетова, Талас облусунун Чоң-Кара-Буура айылынын тургуну:

Таласта эшик-төр көрсөтүүдө кудаларды үйгө чакырып коноктошот. Эки тарап бири-биринин үйүн көрүшөт. Мындан сырткары, өз аймагынын кооз жерлерин көрсөтсө болот. Эгер чоң эне, чоң атасынын үйү болсо алар да өзүнчө чакырып, сый көрсөтөт. Азыр муну "түштөндүрүү" деп калбадыбы. Илгери турмушка жаңы чыккан кыздын себи да ушу каада менен кошо берилген учурлар болгон. "Эшик-төр көрүп, биротоло кызыбыздын себин берели" деп айтышчу. Эгер шарты болуп, септи өзүнчө алып барабыз десе кыздын жеңелери эле алып барчу. Андан кийин куда-кудагыйларга эшик-төр көрсөтөр эле. Ал эми күйөө бала тарап эшик-төр көрүүгө келгенде кыздын ата-энеси ага энчилеп мал берет. Азыр калың берип эле коюп жатышат. Мурун калың менен кошо кыздын атасына тай мингизип, энесине уй ырымдап берчи. Кийин кызга да тоок болобу, кой болобу, айтор бир жандыкты энчилеп берер эле.

Жибек Сапарова, Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айылынын тургуну:

Баткенде кызды алып кетүүдө бир топ эле салттар бар. Мисалы, кызды үйүнөн алып кете электе 2 күн мурун кудалар барат. Муну "кам той" деп коёт. Анда 2 эчки, 6 кой менен кыздын калыңын алып барышат. Бирок жакшы жери, көпчүлүгү ошо каражатка эле кыздын себин даярдашат. Сеп алып барганда төшөк, кызга керектүү эмерек, кийим-кече, май, кант, 2000 сомго нан алып барат. Сеп берилгенден кийин кайра күйөө бала тарап кыздын үйүнө барат. Муну түштүк тарапта "кыз төркүлөтүү" деп аташат. Төркүлөтүүдө кудалар кыздын ата-энесине кийим, тамак-аш алып барат. Коноктордун кетеринде дасторкондун үстүндөгүлөрдүн бирин калтырбай баштыкка салып беришет. Кыргыздын ушул каадасы жагат.

Тилемиш Акматкеримов, Ысык-Көл облусунун Тоң айылынын тургуну:

Бул каада өлкөнүн ар кайсы аймагында, ошол эле Ысык-Көлдүн ичинде ар түрдүү болот. Бизде эшик-төрдү күйөө бала тарап көрсөтөт. Ал эми кыз узатуу тою өткөрүлсө, бул кыз тараптын эшик-төр көрсөтүү каадасы аткарылды деп эсептелет. Мурун бул каада эки үй-бүлөнүн жакшы-жамандыкта биримдикте, ынтымакта болуусу үчүн жасалчу. Кудалар келгенде кой союп, сары майын коюп, чай берип эле коноктоп койчу. Азыр эшик-төр көрсөтөт десе эле үйүнүн эки кабат экенин, жаңы эмерек, идишин көргөнү эле барышат. Үйүнө киргенде эле эки жагын карап, килем, полунун өңүнө чейин сындашат. Азыркы заманда эшик-төр көрүү өтө татаал. Анын үстүнө эшик-төр көрсөтөбүз деп кафе, ресторандарга эле чакырып калды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан