"Чач өрүү", "Жоолук уурдоо", "Түштөндүрүү" жана башка Нарын облусунда үлпөт тойдо колдонулган жөрөлгөлөр

Тектеш кабарлар: Ата салты (22 материал)

Кыргыз эли күзүндө түшүм жыйнап, эгин оруп, жаз-жай бою кылган эмгегинин акыбетин көрөт. Андыктан той-топурларды да көбүнчө дал ушул мезгилге пландашат. Мындан улам SUPER.KG порталы Кыргыздын үйлөнүү тойлордо колдонулган өзгөчө салт-санаа жана ырым-жырымдары менен тааныштырат. Кызыгы өлкөдөгү ар бир облуста өзүнө гана тиешелүү болгон салттар, ишенимдер бар. Алгачкылардан болуп Нарын облусундагы үлпөт тойлордо колдонулган каада-салт жана жөрөлгөлөр тууралуу кеп кылабыз.

Нарын облусунда жаңы келген келиндин чачын өрүү салты бар. Бул тууралуу аталган аймакка келин болуп барган Минура Алтынбекова SUPER.KG порталына айтып берди.

Маалым болгондой, үйгө келин жаңы келгенде 3 күн көшөгөдө отурат. Андан соң айылдын мыктысы делген 40 аял чакырылат. Алар келиндин чачын сары май менен майлап, өрүп, учун кебез менен байлап коюшат. Май сүйкөгөндүн себеби майлуу-сүттүү болсун дегени болсо, кебез байлаганы кебездей ак, таза жана аруу болсун деген тилекти түшүндүрөт. Чач өрүп баштагандан бүткөнгө чейин жаңы келинге каалоо-тилектер арналат. Демек, чач канчалык узун болсо, каалоо-тилектер да ошончолук көп айтылат. Ал эми чач өргөн апаларга жаңыдан баш кошкон жубайлардын өкүл апасы менен өкүл атасы даярдаган чачыла, кешикти бөлүп беришет.

"Мен Аксыдан Ат-Башыга келин болуп бардым. Чынында эле каада-салт жагынан айырмачылыктар байкалат экен. Мисалы, чач өрүү салтын биринчи жолу көрдүм. Айылдагы апалар чачымды сары май менен майлап, анан өрүштү. Аны 1 күн жуубай жүрүш керек экен", - деди ал.

Ошондой эле келиндин жоолук салынуусунда да өзгөчөлүктөр бар экенин кошумчалады.

"Бизде келин келгенде эле жоолукту артка салынат. Бул жакта жаңы баргандан баштап, 3-4 күн бою жоолукту алдына салынып жүрүш керек экен. Качан гана чачты өрүп, ал өрүлгөн чачты жуугандан кийин жоолукту артка салынууга уруксат берилди", - деди ал.

Нарында келиндин чай сунуусуна да өзгөчө маани берилет. Келген конокторду келиндин колунан чай ичсин деп, чайды бир гана жаңы келген келинге сундурушат.

Аталган облустун Ак-Талаа районунда "жоолук уурдоо" ишеними бар.

  • Жаңы келген келин көшөгөдө отурганда, аны менен чогуу келген курбулары келинге билдирбестен, өздөрүнө жаккан жоолуктардын ичинен бирди катып алышат. Муну менен "биз да ушундай жерге келин бололу, бизге да ушундай бакыт насип этсин" деп ниет кылышат;

Ал эми Ат-Башыда "жоолук салуу" ырымы колдонулат.

  • Мында келиндин кайненеси көшөгөдөгү жоолуктардын жакшыларын тандап, айылдагы кадыр-барктуу, көп балалуу апалардын башына салат. Бул жөрөлгө "үйгө келген келин да ушулардын жолун жолдоп, кадыр-барктуу, балпайган байбиче болсун" деген тилек менен аткарылат;

Нарында колдонулган дагы бир өзгөчөлүк "конок катуу".

  • "Конок катуу" жөрөлгөсүн куда тоскон тарап кылышат. Тагыраагы, конокторду тосуп алган соң, узатарда келген кудалардын бирин бир бөлмөгө киргизип, чыгарбай коюшат. Мында экинчи тарап конок каткан жеңелерге ырымы деп акча же белек берип, катылган куданы алып чыгышат;

Аталган облуста колдонулган дагы бир жөрөлгө - бул "түштөндүрүү". Бул жөрөлгөгө журналист Бейшенбек Бекешов кененирээк токтолуп өттү.

"Куда тоскон үйдүн тууган-уруктары, жоро-жолдоштору жана башка ушул сыяктуу жакшы катышкан жакындары кудаларды өз үйлөрүнө чакырып, сый көрсөтөт. Анда сөзсүз түрдө мал союлуп, конокторго эт тартылат. Мисалы, коноктор күндүз келсе, таң атканча уктатпастан ар бир үйгө коноктоп, эт тартуу менен күн өткөрүшөт. Жок эле дегенде 10 үйдөн тамак беришет, бул эмне деген ысырапкорчулук? Кыргызда мындай салт жок, бул жөн гана "аш көп болсо, каада көп" дегендей кийин эле чыккан нерсе. Мен буга караманча каршымын. Адамдын курсагы бир муштумдай ашка эле тоёт да. Анан 10 үйдөн эт тартып, бекер эле чыгым коротуунун эмне кереги бар?" - деди ал.

Ал эми этнограф Октябрь Капалбаев "түштөндүрүү" жакында эле пайда болгон деген сөзгө кошулбай турганын билдирди.

"Нарында "түштөндүрүү" салты эзелтен эле келе жатат. Илгери кудага болгон сый-урматты дал ушул түштөндүрүү, тагыраагы, ар үйгө коноктоо менен билдиришкен. Мунун эч кандай зыяны жок. Болгону өтө эле чачылып, ысырап кылбай, колунан келген сыйын көрсөтүү жетиштүү болот", - деди ал.

Ал эми чакырган үйлөрдүн баарына барууга убакыт тар болсо, түштөндүрө турган үй-бүлө куда тосуп жаткан үйгө эле эт менен таттууларын көтөрүп, конокторго тартуулашат. Анда алып келинген азыктарды жебестен, дароо эле баштыктарына чогултуп, салып алууга уруксат берилет. Бул "кол чайкаар" деп аталат.

Урматтуу, окурман! Үйлөнүү тойлордо колдонулган өзгөчө салт-санаа жана ырым-жырымдар Нарын облусу менен гана чектелбейт. Эгер сиз жашаган аймакта да үлпөт тойлордо колдонулган өзгөчө жөрөлгөлөр болсо SUPER.KG порталына 0557 473939 номери аркылуу кабарласаңыз болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Samina007
2018-09-26 15:19:33
Биз өзү Алайданбыз,наарынга кыз бергенбиз.охооо айтып бүткүс алардын каада салты.Акыры кетеер күнү тырп этме деп"тырпылдатып"салдыгоо чиркин.Жездебиз саяктардан экен аябай соонун салттары.
+4
bond02
2018-09-27 03:28:48
Samina007,уйдун ичинде эле «тырпылдаттыбы» же кандай?
+1
Samina007
2018-09-26 15:21:38
Этти десең эми үйүлгөн эле тоо.биз алайлыктар этти көп жейбиз десек нарында ващще экен.
+6
Aikaaaa
2018-09-26 15:33:19
Келген келиндин чачын майлап өрүү бул Нарын областынын кээ бир эле райондорунда, мисалы Ат-Башы менен Ак-Талаа районундале болсо керек. Калган жактарда бул салт колдонулбайт
+2
sabirdinovich
2018-09-27 07:14:31
Aikaaaa, андай эмес. Нарын шаарында деле ошондой, менин келинчегимдин чачын да сары май менен майлап өрүшкөн. Ал эмес келин үйгө жаңы кирип жатканда да сары май оозантышкан, аялым сары майды жактырбагандыктан аз жерден кусуп жибере жаздаган. Аны кийин мага айтып берген
0
HanTegin
2018-09-27 10:59:44
Aikaaaa, АК Талаада чач оруу жок го. Мен ошол жактын кызы болом. Кийин мен кеткенден кийин эле болбосо
0
Aikaaaa
2018-09-26 15:35:17
Ал эми кол чайкаар, түштөндүрүү бул салт мурдатан эле бар.
+2
Jigitchem
2018-10-02 00:29:12
Нарынга куйоо жолдош болуп барбай эле койгула олтурот
0
Jin1209
2018-10-29 17:50:08
Сонун экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан