Ата салты: Өпкө чабуу салты тууралуу билесизби? Ал кайсы учурда колдонулат?

Тектеш кабарлар: Ата салты (22 материал)

Биздин өлкөдө аймактар боюнча бири-биринен айырмалынып турган салт-санаалар бар. Алардын бири өпкө чабуу салты. Ал кайсы жөрөлгөдө, кандай шарттарда колдонулары жөнүндө айтып беребиз.

Өпкө чабуу - баш кошуп жаткан жаштарды кырсыктан сактоо, көп балалуу болушун камсыз кылуу максатында жасалуучу элдик ишенимге негиздеген салт.

Аталган салт тууралуу Талас жергесинин жана Токтогул районунун жергиликтүү тургундары салттын мааниси жана кайсы учурда колдонулары тууралуу айтып беришти.

Талас облусунун тургуну Керез Сарыбаева аталган салт боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Өпкө чабуу салтын келин алуу учурунда колдонобуз. Бул жөрөлгө эки жаш бири-бирине өпкөлөнүшпөй, үй тиричилигин жакшы өздөштүрүп кетишсин деген максатта жасалат. Анда жубайларды жакын отургузуп, аруу тилектер айтылып, өпкө чабуу ырымы колдонулат. Аталган ырымды аткарууда эчкинин же козунун өпкөсү керектелет.

Аягында эки жаштын жеңелери, жоро-жолдоштору экөөнү эки жакка тартышат. Эгер кимиси биринчи туруп кетсе, ошол үйдү башкарат деген ишеним бар. Бул тамаша иретинде дагы айтылып жүрөт. Кармашкан колуңар бекем болсун, ынтымактуу болгула, түбөлүгүңөр түз болсун деген тилектерди айылдын алдыңкы байбичеси айтып, эки жашты өпкө менен (малдын өпкөсү бүтүн бойдон, колкосунан кармап) чабат. Аягында аталган салтка катышкан жоро-жолдоштору өпкөнү алып кетип, куурдак кылып жешет", - деп айтып берди Сарыбаева.

Ал эми Токтогул өрөөнүндө өпкө чабуу салты жаңы келин алган учурда ар дайым колдонулуп келерин айыл тургуну Бусайра Уезбаева айтып өттү.

"Токтогул өрөөнүндө жаңы келин алган учурда өпкө чабуу салтын колдонобуз. Бул салт кайсы убактан бери колдонулуп келгенин айта албайм. Азыр 64 жаштамын. Бала кезимден бери бул салт колдонулуп келет.

Келин келгенде өпкөнү садага чабышат. Мында баш кошуп жаткан эки жашты отургузуп алып, үстүнө кийимдери булганып калбашы үчүн материал, баштык жаап коюшат. Айылдын алдыңкы, үлгүлүү үй-бүлөнүн башында турган байбиче колуна жылуу өпкөнү (өпкө 3 бөлүккө бөлүнөт) алып, жакшы сөздөрдү айтып чабат. Байбиче Кудайым кырсыктан сактасын, жамандыктан алыс болушсун. Жаш түгөйлөргө эч кандай жамандык жолобосун. Бактылуу болушсун. Эки жашта болгон бардык жамандыктар ушул өпкө менен кетсин. Жолдору ачык болсун деген изги тилек менен өпкөнү жаштарга чаап, андан соң ыргытып жиберет. Аягында аркасынан суу айлантып чачып коёт", - деп айтып берди Уезбаева.




кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kurmanbek_81
2021-09-17 17:05:24
Мурун союп өпкөсүн чабышчу эле, азыр тирүү эле садагага деп эчкини (улакты) эки жашты айлантып коюп жатышат
+5
talas0707
2021-09-17 17:52:01
Kurmanbek_81, эчки он мин болуп жатса союп салганга кыйбай жататда
+5
VENOM
2021-09-17 19:23:04
Жапаизм
-2
Muzik
2021-09-20 01:29:18
Ширк го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан