Ата салты: Кыргызда "аксарбашыл" сөзү кайсы учурда айтылат?

Тектеш кабарлар: Ата салты (22 материал)
Байыртан кыргыз элинин маданияты ар кандай ырым-жырымдарга, каада-салттарга бай келет. Кылымдарды карыткан элдин айрым ырымдары, жөрөлгөлөрү азыркыга чейин күнүмдүк турмушта колдонулуп келет.
Алмустактан бери жаратылыш менен жакшы мамиледе болуп, жаратканга жана кайып күчтөргө ишенген кыргыздар үчүн аксарбашыл айтуу, түлөө өткөрүү өзгөчө орунда турган. Тарыхчы Гүлзат Маматованын айтымында, кыргыз эли байыртан эле улуу күчтөргө ишенип, аларга жардам сурап кайрылышкан.
"Аксарбашыл - сөзү "башы сары ак кой" дегенди түшүндүрөт. Кыргыздар илгери кандайдыр бир жаман ишке, кырсыкка туш болгон мезгилде айтылган. "Ээ, жараткан аксарбашыл" деген сөздүн түпкү маанисинде ушул жаман иш бүтсө же кырсыктан аман калсам кан чыгарып, кой союп түлөө өткөрөм деген ой жатат", - дейт Маматова.
Ал эми көпчүлүк салт таануучулардын жазган эмгектерине таянсак, аксарбашыл сөзү кыргыз элинде кандайдыр бир жаман окуя, кырсык баштан өтүп, аман калганда же узак жол жүрүп, аман-эсен кайткандан кийин айтылат. Бул сөздү айтуу менен бирге эле адам кан чыгарып, мал союп, анын этин бышырып таратат же элди өргөөсүнө чакырып бата алат.
Катуу оорудан айыгып, кырсыктан аман калып же узак жолдон кайтканда коңшу-колоңду, урук-тууганды ак өргөөгө чакырып бата алуу түлөө деп аталат. Адатта түлөөдө кара түстөгү кой-эчки, козу-улак же тай-торпок союлат. Түлөө өткөрүп жаткан адам элден бата суроо менен бирге, жаратканга жалынып экинчи мындай окуялар кайталанбасын деп тилек кылат.
Биздин күндөрдө да түлөө өткөрүү салты жакшы сакталган. Айыл тургундары көбүнчө жаз мезгилинде жаратканга "элди, журтту жаратылыш кырсыктарынан, бөөдө кырсыктардан сактай көр", "элибизде жакшылык, тынччылык болсун", "дыйкандардын эмгеги акталып, түшүм мол болсун" деген тилектерин айтышып, бата кылышат.
Алысты көрө билген, баамчыл кыргыз элинин маданиятындагы күнүмдүк турмушунда колдонгон ар бир ырым-жырымы, жөрөлгөсү жөн жерден чыкпаса керек. Дал ошол каада-салттар кылым карыткан, көрөңгөлүү кыргыз элинин улут болуп сакталып калышына чоң салым кошкон.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан