"Айылда чоңойдум, мындан улам чоң-чоң ийгиликтерди жаратууга мүмкүнчүлүгүм жок" деген жөн гана шылтоо, чынында бардык адамда мүмкүнчүлүк бирдей. Мындай пикирин 26 жаштагы Асылбек Мадалиев SUPER.KG'ге план коюу жана аны ишке ашыруу тууралуу берген маегинде айтты.
Ал Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Айылдык мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетине окууга тапшырган. Бирок окуудагы кыйынчылыктар каарманыбызды такыр башка жолго жетелеген.
Орус тилдүү тайпада көп уят болдум, чогуу окугандар тоготушчу эмес
- Ушул макаланы окуп айрым жаштардын өзүнө болгон ишеними артып, алдыга умтулуусу мурдагыдан да күчөйт деген ойдомун. Анткени кыйынчылык менен бет маңдай туруп күрөшүү ийгиликке жеткирерине ишенип калдым.
Ош шаарындагы жогорку окуу жайда бир топ кыйналдым, айылдагы мектепти бүтүп орус тилдүү тайпага киргендиктен сабактардын баары орус тилинде болчу. Тайпада көбүнчө шаардык балдар окугандыктан, алар менен тил табышуу кыйын эле. Орус тилин жакшы билбегеним үчүн өзүмдү жаман көрчүмүн, тайпалаштарым билген нерсени мен деле билчүмүн, бирок сабакта орус тилинде айтыш керек эле. Кыргызча айтуудан өзүмчө оңтойсуз абалда болуп, чүнчүп, басмырлоого кабылып жүрдүм.
Мектепте окуп жүргөндө лидер болгондуктан, шаарга келип эч ким тоготпогон бир бала болуп калганыма ыза болуп жүрдүм. Биздеги окуу жайлар орус тилине басым жасагандыктан, мен сыяктуу көп жаштар өзүнүн жөндөмүн көрсөтө албай, окууну таштайт же мен жакшы окуй албайт окшоймун, колумдан келбейт экен деп айылга кайтат, мигрант болуп Орусияга кетип окуусуна акча берип, сырттан бүтөт. Ошол учурда мен да ушул ойлор менен жүрдүм.
Бирок капысынан бир жумушка орношуп, ошол жактан өзүмдүн жөндөмдүү экенимди байкадым. Окуудан кийин фотостудияда иштей баштадым, кардарлар менен жакшы тил табышып, досторум да көбөйдү. Жетекчилик да ишимди баалап, дизайнер болдум, айлыгым да жакшы болуп калды. Ошондо ийгилик жаратуу мүмкүн экенине ишене баштадым. Бирок окууда баягыдай эле болуп жатты, эч кандай жетишкендиктер жок. Ошондо кесипти туура эмес тандаганымды билип, чоң-чоң максаттарды түзүүнү чечтим.
Максатка жетүү үчүн пландар тууралуу көп китептерди окудум, анан блокнотко максаттарымды жаздым. Биринчи заманбап смартфон алуу, окуу үчүн келишимдик акчаны төлөө деген пландарды коюп, бат эле аткарып койдум. Кайра жашоо кызыксыз боло баштаганда масштабдуу пландарды жаздым. Анда беш жылдык максатымды жаздым, анын ичинде өнүккөн беш мамлекетке барып билим алып келүү жазылды. Эгер мен бул максаттарымды тайпадагы студенттерге айтсам, менин ошол кездеги абалым менен салыштырып күлүшмөк.
Кытайдан атаандаштыктан жеңип чыгууну үйрөндүм
Пландарым түзүлгөндөн кийин 1-1,5 жылда ишке ашып жатат. 2014-жылы Кытайдын Ланчжоу университети тарабынан уюштурулган кызматташтык программасы аркылуу Ланчжоу шаарына барып окуп калдым.
Ал университетте кытай тилин үйрөндүм. Кытай Эл Республикасы мени бир топ өзгөрттү. Билим эле албастан, сабак алчу жактарын өзүмө сиңирдим. Ал жакта адамдар өтө мээнеткеч, бир күн эле иштебесең ачка каласың. Адамдын көптүгүнөн атандаштык күчтүү. Кайсы бир тармактагы бир орунга бизде 100-200 киши арасында ат салышуу болсо, аларда миллионго жетет. Демек, анын арасынан суурулуп чыгуу өтө көп эмгекти талап кылат. Мен Кытайдан атаандаштыктан жеңип чыгууну үйрөнө алдым.
Орусиядан алган билимим да жашоо үчүн маанилүү
2015-жылы Орусиянын Новосибрск шаарына барып, экономикадагы биржа багыты боюнча курстардан окуудан өттүм. Орусияда бизге караганда көп айырмачылыктарды байкаган жокмун. Бирок керектүү билимди ала алдым.
Америкада ар дайым калпак кийип жүрдүм
- Негизи Кытайда, Орусияда деле калпак кийип жүрчүмүн. Кээде мага келип "сен кыргызсыңбы?" деп сурап калышчу. Ошондо аз да болсо биздин улутту башкаларга таанытып жатам деп кубанып калчумун.
АКШга IVLP деген программа менен барып, Лос-Анжелес, Нью-Йорк, Вашингтон жана башка шаарларда болдум. Ал жакка жаштар уюмдарындагы иштер боюнча тажрыйба алмашуулар болду. Америкада улутуна карабай өз мекенин сүйгөн, ийгилик жаратууга дилгир адамдарды абдан сыйлашат экен. Менин калпак кийим жүргөнүмдү дайыма суктануу менен карашчу. Ал жактан ушул жылдын август айында келдим. Анан калкы абдан сыпайы, мага алардын бул сапаты жакты. Кечирим эле сурай беришет.
Учурда өзүм окуган мектепте мугалиммин
Азыркы убакта Кадамжайдагы өзүм окуган мектепте мугалим болуп иштеп жатам. Балдарга шык берүүдөн чарчабайм. Мындан тышкары ишкердик менен алектенем, тактап айтканда, басмакана ачкам, ал райондун борборунда жайгашкан. Көп жактан алган билимимди пайдаланып жатам. Бирок алдыда дагы көптөгөн ири пландарым бар. Буюрса, мен кыргыз элинин керегине жараган адам болсом деп өзүмдү ошого даярдоодомун. Өлкөнүн келечегине такыр кайдыгер карай албайм. 2019-жылы Европага барууну, ал жактан жаңы нерселерди үйрөнүп келүүнү пландап жатам. Андан соң өз өлкөмө кызмат кылууну баштайм.
Окуучу, студенттер, "колумдан келбейт" деген ойду өзүңөрдөн алыс кылгыла
- Жеңилүү - убактылуу эле нерсе. Окууда жакшы эмес баа алып калуу - сенин колуңдан эч нерсе келбейт дегенди билдирбейт. Башка тармактарда да өзүңдү сынап көрүүдөн коркпо. Максат койгула, аны блокнотко жазгыла. Жаштар, окуучулар, студентер чоң нерселер тууралуу ойлонгула, "сенин колундан келбейт" дегендерге кулак салбагыла. Биз биргеликте Кыргыз өлкөсүнүн келечегин түзөбүз.