"Эркектер үйлөнгөндөн кийин жубайынын карьералык жактан өсүшүнө колдоо көрсөтсө" дейт Абу-Дабиде эмгектенип жаткан жаш түгөйлөр

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)
Үй-бүлө - бул биздин үй, элибиздин эң маанилүү адеп-ахлактары жана каада-салттары муундан муунга өтүп, мында биз сүйүүнү, урматтоону жана өз ара жардамдашууну үйрөнөбүз.

15-май - Үй-бүлөнүн эл аралык күнү. Ушул күнгө карата SUPER.KG порталы учурда Бириккен Араб Эмираттарынын борбор шаары Абу-Даби шаарында жашап жаткан түгөйлөр Ажымурат Орозалиев жана Нурайым Ысмайыл кызы менен маек курду.

- Алгач өзүңүздөр тууралуу айтып берсеңиздер?

Ажымурат Орозалиев: - Бишкектеги эл аралык Ала-Тоо университетинин индустриялык электроника бөлүмүн бүтүргөм. Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарындагы Masdar Institute окуу жайынын микросистемалык инженерия боюнча магистратураны бүтүрдүм. Ошондон бери академия жаатындагы билим берүү, илим изилдөө тармагында инженер-иликтөөчү болуп иштеп келем. Нано, био технологиялар боюнча иш алып барабыз. Негизги ишим лабораторияларда өтөт. Ар кайсы тармактагы адистер биологдор, физиктер, ошондой эле инженерлер менен чогуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзөбүз. Магистратураны бүткөн соң Абу-Дабидеги New York университетине ишке чакырылып, ошондон бери иштеп келем. Аталган университет дүйнөдөгү топ-50 университеттин катарына кирген окуу жай. Лабораториялары акыркы үлгүдөгү илимий жабдуулар менен жабдылган.

Нурайым Ысмайыл кызы: - Өзүм тууралуу айта турган болсом, кесибим боюнча мугалим. Бул менин иденттүүлүгүмдүн эң сыймыктанар бөлүгү десем болот. Былтыр Дубайдагы Америка университетинде билим берүү боюнча магистратураны аяктадым.

Мугалимдиктин мен үчүн өтө баалуу экендигинин да узун тарыхы бар. 2014-жылы Бириккен Араб Эмираттарына келип жашап калгандан кийин кесибимди алмаштырып, билим берүү адиси болууну чечтим. Кесибимди алмаштырууга - кызымдын төрөлүшү абдан чоң түрткү болду. Кош бойлуу кезимде жакшы апа болуу максатында балдар психологиясы, адам баласынын үйрөнүү илими жана өнүгүшү (Human learning and Development) тууралуу китептерди көп окудум. Ал китептер мени нейроилимдер, тагыраак айтканда, нейро-педагогика, когнитивдик психология илимдери менен тааныштырды. Ага чейин көңүлүм көксөп, бирок эмне экенин так билбей жүргөн тармагыма ушундайча баш багып калдым десем болот.

Биринчи кесибим журналист эле. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика бөлүмүн артыкчылык менен аяктагам. Аталган университетте 3-курска келип калганда эмнегедир журналистика мен үчүн эмес экенин сезе баштадым. Бирок эмне себептен экенин өзүмө дагы негиздүү кылып түшүндүрүп бере алчу эмесмин. Ойлонгон, толгонгон учурлар абдан көп болду. Бир күнү университеттеги мен сыйлаган окутуучума "журналистика мен үчүн эместей болуп жатат" деп кеңеш сурап кайрылдым. Бирок ал мугалимим "Cенден мыкты журналист чыгат, сенден үмүтүбүз чоң" деп журналист болууга катуу шыктандырып койду. Ал учурда болгону 19 жашта элем. Мектепти 15 жашымда аяктап, 16 жашымда студент болдум эле. Жаштык кылдымбы, айтор мугалимимдин айткандары жөндүү сезилип, журналист эле болом деген бүтүмгө келдим. Ошентип кийинки жылы 20 жашымда журналистика бөлүмүнүн биринчиси болуу менен биргеликте Коммуникация факультетинин биринчиси болуп университетти ийгиликтүү аяктадым.

Окууну аяктаарым менен эле борбордогу радиолордун биринде журналист болуп эмгектенип баштадым. Журналистиканын ашканасын ичинен көрүп, кесиптин күңгөй-тескейин жон терим менен сезип баштагандан кийин баягы 3-курстагы сезимдерим туура болуп чыга баштады. Чындыгында, журналистиканын менин жашоого болгон көз карашым, жеке инсандык баалуулуктарым менен айкалышкан, жашоомо маңыз бере ала турган кесибим эмес экенин түшүндүм. Ошондо эле педагогика мага абдан жакын сезилчү. Педагогика боюнча магистратурага тапшырууну ойлондум. Бирок ошол кезде эмнегедир жакын чөйрөмдөгү адамдар бул оюма "адашуу" катары баа берип жатышты. Бирок ичимдеги агартуучулукка болгон көксөөм өчкөн жок. Ошол учурларда болочок жолдошум менен таанышып, кыска убакыттын ичинде эле баш кошуп, жолдошумдун жумушуна байланыштуу БАЭнин борбору Абу-Даби шаарына келип жашап калдык. Кыздуу болуп, кызымдын дүйнөсү мени агартуу тармагына ишенимдүү кадам таштоомо себепчи болду десем жаңылышпайм.

- Жубайыңыз менен кантип таанышып, баш кошуп калдыңыз эле?

Ажымурат Орозалиев: - Жубайымды алгач Бишкек шаарында тууганымдын үйүнөн көрүп калгам. Ошол учурда купулума толуп, сыныман өтүп ушундай бир жакшы таасир калтырган экен. Кийин бул жакта магистратураны бүтүргөн соң интернеттен көрүп, таанышып калганбыз. Анын да себеби бар ал учурда Нурайым Чыңгыз Айтматовдун сегиз томдук чыгармалар жыйнагын издеп жүргөн экен. Ал басылма саналуу гана нускада чыгып көп дүкөндөрдө сатылбайт экен. Биздин үйдө ал басылма бар эле. Ошол китепти мен ага белек катары берип, ошентип Чыңгыз Айтматовдун китептери аркылуу таанышып калганбыз.

- Абу-Дабиде эмне менен алектенесиз?

Нурайым Ысмайыл кызы: - Учурда Абу-Даби шаарындагы Америка Жамаатташтык мектебинде педагогикалык көмөкчү болуп эмгектенем. Бул мектеп өлкөдөгү, ал тургай Ортоңку Чыгыш чөлкөмүндөгү эң алдыңкы мектептердин сап башында турат. Бул жерде эмгектенүүмдүн эң негизги максаты - орто билим берүү боюнча мыкты эл аралык тажрыйба топтоо. Билим берүү бул өтө комплекстүү тармак. Кайсы өлкө болбосун билим берүүнүн негизги өзөгүн - жалпы орто билим же мектептер түзөт. Агартуу тармагында алдыңкы адис болом деген адам эң биринчи кезекте билим берүүнүн ушул баскычын абдан терең өздөштүрүп, системаны ичинен дыкат талдай алышы керек. Азыр мени мектепте кармап турган нерсе ушул: тажрыйба куржунумду толтуруу. Буюрса, келечекте өзүмдү агартуу тармагында илимпоз катары көрөм. Бул жерде алып жаткан педагогдук тажрыйбам келечектеги илимий ишмердүүлүгүмө өтө пайдалуу болушунан күмөнүм жок.

- Бириккен Араб Эмираттарында мугалимдик кесипке карата мамиле кандай?

- Бириккен Араб Эмирликтери мугалимдик кесипти бийик койгон, мугалимдердин коомдук кадыр-баркы жогору болгон өлкөлөрдүн бири. Мугалимдерди камсыздоо, колдоо өтө жакшы деңгээлде жолго коюлган. Мисалы, мектепте иштеген мугалимдер сөзсүз түрдө үй жана медициналык коргоо менен камсыз кылынат. Мугалимдердин айлык-акысы жогору. Мындан тышкары, мугалимдин өзү эле социалдык коргоого алынбастан мугалимдин үй-бүлөсүнө дагы жакшы кам көрүлөт. Мисалы, мугалимдердин балдары мектепте акысыз билим ала алышат, алар дагы медициналык жактан толук коргоого алынат. Коомдун мугалимдерге мамилесин ушундан билсеңиз болот, жадакалса жергиликтүү мейманканалар, ресторандар, эс-алуу борборлору мезгил мезгили менен мугалимдер үчүн атайын арзандатууларды, жеңилдиктерди уюштуруп турушат.

- Өзүңүздөрдү жаш, үлгүлүү үй-бүлө катары эсептейсиздерби?

Ажымурат Орозалиев: - Башкаларга үлгүбүзбү бул боюнча ойлонуп көрбөптүрбүз. Анткени бул биздин башкы максатыбыз эмес экен. Үй-бүлө куруу жеке тандообуз, тизгин өзүбүздүн колубузда. Өзүбүз туура деп ойлогон жолдо өзүбүздү бактылуу сезебиз. Ошол эле учурда башка үй-бүлөлөр менен салыштырып, бул үй-бүлө үлгүлүү, бул жок деп салыштырбайбыз. Биздин оюбузча ар бир үй-бүлөнүн тандаган жолу бар. Биз Кудайга шүгүр өзүбүздүкү менен ыраазыбыз.

- Кызыңыз тууралуу социалдык тармактарга кызыктуу икаяларды жазасыз. Ал жөнүндө айтып берсеңиз?

Нурайым Ысмайыл кызы: - Кызыбыздын аты - Айша Зирек. Атасына Айша, мага Зирек деген ысым жагып, экөөбүз биргелешип ушундай кош ат койгонбуз. Ата-эненин балага берген ысымы - алардын перзентине болгон биринчи жана түбөлүктүү тилеги деп ойлойм. Биздин да кызыбызга болгон аруу-тилектерибиз ушул аттарында камтылган. Адамдын ысымы жашоосуна, мүнөзүнө таасир берет дегенге чын дилимден ишенем. Чындыгында эле кызымдын кулк-мүнөзү Айша (позитивдүү, жашоону сүйгөн, шайыр деген маанилерге келет) жана Зирек (акылдуу, сезимтал) деген аттарынын маанисин чагылдырып турат. Кээде өзүм дагы абдан таң калам. Учурда 5 жaшта, Америка Жамаатташтык мектебинин Kindergarten 1 баскычында окуйт.

- Пандемия маалындагы жашоо кандай өттү?

Нурайым Ысмайыл кызы: - Пандемия мен үчүн көп сабактарды берди. Бир топ чектөөлөр, ашыкча түйшүктөрдү жаратканы менен жеке жашоодо болобу, кесиптик жашоодо болобу чоң-чоң сабактарды берди. Ден соолукка кам көрүү - жөпжөнөкөй кол жуудан башталарын ар бир клеткабыз менен сезип чыктык окшойт. Кол жуу же тазалык - адам өмүрүнө тете нерсе экенин башка нерсе мынчалык таасын көргөзүп бере алмак эмес. Дагы бир нерсе, өзүбүздүн жана башкалардын ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылганды үйрөндүк. Пандемиядан мурдагы жашоодо кадырын унутуп калган нерселерди баалай баштадык. Кадырланбай калган кесиптердин баркы билинди дегендей. Мектеп менен мугалимдин адам баласынын жалпы жана күнүмдүк турмушундагы ролу бир гана билим берүү менен чектелбесин көрдүк. Белгилүү бир деңгээлде мектеп менен мугалим жашоодо көп нерсенин борбору экенин аңдадык. Жалпысынан жашоого болгон көз караш тазарды десем болот.

- Жаңыдан баш кошкон үй-бүлөлөргө кандай кеңеш берет элеңиз?

Ажымурат Орозалиев: - Жаш үй-бүлөлөргө эмес, негизи эле азыркы кыргыз жаштарга айта турган оюм бар. Өтө деле көп жылдык тажрыйба, акылмандык, даанышмандык сапаттарга ээмин деп ойлобойм, бирок менин байкаганымдан бизде үй-бүлөлөрдө эркектер көбүрөөк өзүн ойлойт. Ошонун ордуна эркектер үйлөнгөндөн кийин жубайын дагы карьералык жактан өсүшүнө колдоо көрсөтсө. Аялдарынын да потенциалын ачканга жардам берсе ошондо коом катары кыйла өнүгүп алдыга кетмекпиз. Анткени "бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы" дейт. Бир үй-бүлөдө бир билимдүү жакшы, эки билимдүү болсо андан жакшыраак.

Эки кишинин тең карьерасы жакшы кетсе бул ошол үй-бүлөгө пайда гана алып келет. Үй-бүлөнүн жалпы атмосферасына дагы таасирин тийгизет. Мисалы, аялы беш жыл университетте окуду, бүткөн соң үйдө отуруп калды. Анткени карьералык өсүш боюнча колдоо жок. Колдоо көрсөтсө аялынын ал беш жылдык эмгеги текке кетмек эмес. Колдоо деген бул эң жок эле дегенде сөз менен. Болбосо үйдөгү тиричиликке аралашып, мисалы, аялы жумуштан кеч келип калганда тамак жасап бериш керек. Мен үчүн бул нормалдуу эле көрүнүш. Ушул жактан эркектер жубайларына көбүрөөк көңүл бурса. Анткени бала тарбиялоодо бала көбүрөөк убактысын энеси менен өткөрөт. Эненин билимдүү болушу бала тарбиялоодо чоң роль ойнойт. Негизинен ушул нерсени жалпы көрүнүш катары ар бир кыргыз эркегине сунуштайт элем.

- Келечекке койгон максаттарыңыз?

Нурайым Ысмайыл кызы: - Кудай буюрса, мен үчүн кийинки баскыч PhD илимий даражасын алуу. Дубайдагы Америка университетинин педагогика факультетинин деканы, менин академиялык устатым Катерин Хилл деген профессорумдун сөзү ар дайым мага дем жана багыт берип турат. Бир күнү бөлмөсүндө сүйлөшүп отурсак "Нурайым, Гарвардга тапшыр. Гарварддагы Кэннеди мектеби - сен барышың керек болгон жер. Менден кандай колдоо керек болсо даярмын" деди. Профессорумдун бул сөзү менин эсимден эч качан чыкпайт. Өзү магистратурасын жана докторантурасын Гарварддан окуган, өмүрүн билим берүү тармагына арнаган, мындай улуу агартуучунун мага болгон ишеними өтө чоң мааниге ээ. Гарвардда докторантурада окууга Кудай насип кылабы же жокпу билбейм, бирок устатымдын сөзүн жерге таштабай, анын мага болгон ишеничин актагым келет. Ал үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм. Болгону үй-бүлөм менен карьерамды туура тең салмактап, экөөнү бири-бирине зыян бербегидей кылып алып кетким келет.

Үй-бүлө дегенде мен жолдошумдун дагы максаттарын эске алып, анын да карьералык өнүгүүсүнө керек болгон колдоону беришим керек. Экөөбүздүн тең туруктуу карьералык өнүгүүбүз - кезектешүү жолу менен ишке ашат деп ойлойм. Анын үстүнө экинчи наристебизди күтүп жаткандыктан аны бала багуучуга таштап, энелик мээримден кем кылгым келбейт. Жок дегенде 3 жашка чейин, бардык нерсени токтото туруп балдарыма өзүмдү толук арнашым керек деген эрежем бар. Бул менин эң негизги ишим. Мен жасай турган эң негизги инвестиция. Аялзаты катары эске ала турган ушундай өтө маанилүү үй-бүлөлүк жагдайлар бар. Буюрса, булардын баарын өзүмдүн келечектеги максаттарым менен туура кезектештирип алып кете алам деп ишенем.

- Жаштарга кандай кеңештерди берет элеңиз?

Нурайым Ысмайыл кызы: - Эң биринчи кезекте, англис тилин өздөштүрүүнү көптөн көп сунуштамакмын. Анткени англис тили - кайсы тармак болбосун илим-билимдин тили. Демек, адамзаттын глобалдык өсүп-өнүгүү агымына кошулуунун бирден бир жолу. Дүйнөнүн тили, мүмкүнчүлүктөрдүн тили десек жаңылбайм. Жеке тажрыйбама таянып - англис тилин мен өтө керемет мүмкүнчүлүктөрдү ача турган "алтын ачкычтай" элестетем. Ошол алтын ачкыч биздин жаштарыбыздын ар биринин колунда болсо деп тилейм. Экинчиден, өзгөрүүдөн, кесип өзгөртүүдөн эч качан коркпогула деп айтмакмын. Себеби, биздин коомчулукта жаштардын өздөрүнө туура кесип тандоосуна өтө көп тоскоолдуктар бар. Андыктан "агымга каршы сүзүп туруп", өз жан дүйнөңөргө туура келген, жашооңорго маңыз, ырахат бере турган кесибиңерди издөөдөн эч качан тайманбагыла демекмин.

- Кызыктуу маек куруп бергениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!

15-майдын жылнаамасы.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mubarak
2021-05-15 09:32:42
Ее сонун аябай жакшына уй було екен.
+1
akinaika
2021-05-15 10:18:31
Ап бали! Азаматтар! Оркундой бергиле! Супер инфо гезити мына,уйронгуло адабий таза тил мына ушундай болот.
+1
algakaray
2021-05-17 00:36:20
Ушундай онуккон, кооз мамлекетте жакшы жумуштарда чогуу уйбулоо бала чакасы менен иштеген жубайларды коргондо оло ичим куйоо берет. Жиним келип жаман болуп кетем. Ушундай коро албас жаман сапатым бар да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан