"Бүгүнкү окууң - эртеңки лидерлигиң". Египетте билим алып жаткан кыргыз жигитинен тил үйрөнүү боюнча 10 кеңеш

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Бүгүнкү каарманым Абдулла Анарбаев билимдин арты менен алыскы Египет мамлекетинде жүрөт. Ал Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында туулуп-өскөн. Учурда Каир шаарындагы Аль-Азхар университетинин колледжинде окуп жатат. Ар дайым билим алуудан, эмгектенүүдөн жана алдыга чоң максаттарды коюудан жалтанбашыбыз керек деген каарманым өзү, окуусу тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

- Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз

- Мен Абдулла Анарбаев, 1996-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылында жарык дүйнөгө келгем. Ош социалдык колледжинин юридикалык бөлүмүн, Нарын шаарындагы Нарын медресесин окуп бүтүргөм. 2018-2020-жылдары Орусия Федерациясындагы курулуш компаниялардын биринде кадрлар бөлүмүндө эмгектендим.

- Египетке окууга кандайча барып калдыңыз?

- Нарын шаарында окуп жүргөн кезде диний билимимди жогорулатууну кыялданчу элем, жакшы тилек - жарым ырыс демекчи, Жараткан буюруп 2020-жылдын баш ченинде досторумдун, туугандарымдын сунушу менен Египет өлкөсүнө илим-билим алганы келгем. 2020-жылдын башкы айларынан тарта Египет өлкөсүнө окууга келдим, азыркы учурда Аль-Азхар университетинин колледжинде окуп жатам.

- Окууңуз тууралуу айтып берсеңиз, Кыргыз өлкөсү менен айырмачылыктары

- Негизи бул жактын окуу системасын үстүртөн карай турган болсок, жалпы дүйнөлүк окуу системаларынан эч кандай айырмасы деле жок. Бирок бул жактын окуу системасынын өзгөчөлүгү булар араб өлкөсү болгондугуна байланыштуу диний предметтер балдарга бакчадан баштап үйрөтүлүп баштайт. Тагыраак айтканда, 11-классты бүтүп жаткан ар бир окуучу кеминде 30 пара куранды жатка жаттап эле тим болбостон, күнүмдүк турмушта зарыл болгон башка диний предметтерди да мыкты өздөштүрүп чыгышат.

Эгерде салыштыруу менен айта турган болсок, жеке менин байкоомдо бул жактын окуу системасы боюнча мектепти жогорку көрсөткүчтөр менен аяктаган окуучулар Кыргыз өлкөсүндө диний мекемелерде мугалимдик кесипти аркалап жаткан устаттардан алда канча илимдүү, билимдүү болушканын байкадым. Дүйнөдөгү жалпы мусулмандардын да көбүнчө Египет аалымдарына кайрылуусу жана берилген ар бир суроого камырабай жооп берүүсү дагы булардын илим-билимге болгон кызыгуусу, окуу системасынын күчтүү экендигин далилдеп тургансыйт.

Айырмачылыктар тууралуу айта турган болсок, мен байкаган эң чоң айырмачылык бул жогоруда мен сөз кылып өткөн диний предметтердин өтүлүүсү. Анан дагы бир чоң айырмачылык жыныска карап окуу мекемелеринин экиге бөлүнүшү. Мисалы: эркек балдар үчүн атайын окуу жайлары жана кыздар үчүн өзүнчө окуу жайлары.

- Чет өлкө сизди эмнеге үйрөттү?

- Египет өлкөсүнө студенттер дүйнөнүн булуң-бурчунан билим алууга келишет. Ал нерсе мени ар кандай адамдар менен тил табышууга, баарлашып байланышууга үйрөттү. Бул жактан ар кайсы улуттагы досторду таптым. Египет мени сабырдуулукка үйрөтүп жатат десем жаңылышпайм.

- Кыргыз жаштарына ийгиликке жетүү үчүн кандай кеңештерди сунуштайт элеңиз?

- "Today a reader, tomorrow a leader" дегендей бүгүнкү окууң эртеңки ийгилигиң. Окуу адамдын акыл-эсин, аң-сезимин кеңейтип, ийгилик эшиктерин ачат. Өткөн аалым-уламалардын, илимпоз жана ийгиликтүү инсандардын өмүр таржымалын окуп, максатка жетүүдө, алардан сабак алуу керек. Күнүмдүк, айлык, жылдык пландарды түзүп, ошол пландардын үстүндө иштөө зарыл. Өзүңдү-өзүң эсепке алып туруу, "кечээ эмне кылдың?, "бүгүн эмне кылып жатасың?", "эртең эмне кыласың?" деген суроолорго жооп табуу.

Өзүңдүн окуп үйрөнгөнүңдү башкалар менен бөлүшүү жана аларга үйрөтүү, себеби үйрөтүүдө өзүңдөгү маалыматты бекемдеп жана үйрөтүү методикасында тажрыйба аласың. Убактыңды туура пайдаланып, эрте жатып эрте туруу жана башкаларга үлгү болуу. Маалыматың жок болгон маселеде унчукпоо. Интернетти туура пайдалануу. Интернет аркылуу көптөгөн ийгиликтерге жетсе болот. Онлайн сабак, тренингдерге катышуу, өзүң кызыккан тармакта видео роликтерди көрүү, тил үйрөнүү жана башка.

- Келечектеги максаттарыңыз тууралуу айтып берсеңиз

- Келечектеги максаттарым окуумду ийгиликтүү аяктап, үйрөнгөнүмдү башкаларга жеткирүү, кыргыз элимдин руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу.

- Түрк, араб тилдерин өздөштүргөн экенсиз. Тил үйрөнүүдө кеңештериңиз

- Жаңы тил үйрөнүүдөгү ыкмалар:
1. Блокнотко жаңы сөздөрдү жазып жаттаңыз;
2. Кайсы тилди үйрөнүп жаткан болсоңуз, ошол тилде көп видео роликтерди көрүңүз;
3. Үйрөнүп жаткан тилиңизде радио, ыр жана башкаларды көп угуңуз;
4. Күнүмдүк үйрөнгөнүңүздү бирөөлөргө айтып бериңиз. Айтып бергениңиз эсиңизде калат.
5. Кол жазмаңызды жакшыртуу, көндүрүү үчүн күнүгө жазууну адат кылыңыз;
6. Күнүмдүк тапшырмаларды толук аткарыңыз;
7. Күнүмдүк үйрөнгөнүңүздү күнүгө кайталаңыз;
8. Күнүнө эң азында жарым саат үйрөнүп жаткан тилиңиз боюнча китеп, журнал, макала окуңуз;
9. Ката болуп калат деп коркпостон адамдар менен сүйлөшүңүз. Катасын билбей, туурасына жетпейсиз;

10. Түшүнбөгөн кандай нерсеңиз болбосун үйрөтүп жаткан агай-эжейлерден сөзсүз сураңыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pankration_MMA
2021-08-17 17:14:35
Макаланы Кыргызча эле айта берчи блин, качантан бери эле фащист англисти ээрчип калдык эле. Гүленчилер тажатасыңарда ушу!
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан