IT адистери, түгөйлөр: "Балдарыбыздын паспорту АКШныкы болгону менен жүрөгү кыргыз" (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

SUPER.KG порталы чет өлкөдө эмгектенип жаткан мекендештердин бейнеси, иш тажрыйбалары менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каармандарыбыз өзгөчө деп айтсак жаңылышпайбыз. Себеби технология өнүгүп жаткан заманда эң керектүү жана суроо-талап жогору кесиптин ээлери IT түгөйлөр Бакыт Абдишов, Айдана Омурбаева болмокчу. IT түгөйлөр SUPER.KG порталына IT тармагы, Гавайи аралы жана бала тарбиялоо тууралуу маек курду.

- Саламатсыздарбы, алгач эле өзүңүздөр тууралуу маалымат берип өтсөңүздөр?

Айдана Омурбаева: - Саламатчылык, азыркы учурда 27 жаштамын. Бишкектеги №4 мектеп-гимназияны аяктагам. Кичинекей кезимден баштап мектепте жакшы окучумун. Ата-энем жакшы окуганга түрткү болду. Үч бир тууганмын. Жөнөкөй, карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырып, биринчи курста АКШга окууга келип, билимимди бул жактан уланттым. Кыргыз өлкөсүндөгү окуумду аралыктан окуу форматына өткөрүп, үч жыл мурун Кыргыз өлкөсүнөн дагы диплом алдым.

Акыркы он жылдан бери АКШнын Чикаго штатында үй-бүлөм менен жашап, эмгектенип келгем. Учурда Гавайиде жашап, иштеп жатабыз. Эки баланын энесимин, кызыбыз жана уулубуз бар. Социалдык тармактарда IT'нин маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берип, айыл жергелерине туура маалымат жеткирүүгө аракет кылып келебиз. Мындан тышкары социалдык форумдарга катышып турабыз. Спорт менен алектенгенди жакшы көрөм.

Бакыт Абдишов: - Мен Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы мектепти аяктагам. Чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойдум. Мектепти аяктаган соң эки жыл Орусияга барып эмгектенип келип, кийин Кыргызстан эл аралык университетине окууга тапшырып, котормочу, америка таануучу адистигин аяктагам. Экинчи кесибим - IT адиси.

Учурда Гавайиде (Япония менен АКШнын ортосундагы арал) жашап жатабыз. Аталган арал Тынч океандын ортосунда жайгашкан.

- Учурда кайсы компанияларда эмгектенип жатасыздар?

Бакыт Абдишов: - "Salesforce" компаниясында Cloud Engineer болуп эмгектенем. IT тармагы азыркы учурда дүйнө жүзүндө эң бат ылдамдык менен өнүгүп келе жаткан тармак. IT тармагында инженерлер, IT адистеринин таңкыстыгы чоң болгондуктан, IT адистери болсо, бизге келип иштегиле деп ошол эле чоң компаниялар, өнүккөн өлкөлөр дүйнө жүзүнө жар салып келишет. Биз АКШга келип, бул жакта IT'нин өнүккөнүн көрүп, түшүнүк алып, анан окудук. Кесибим IT кызматкери. Мурунку кесибим котормочу болчу. IT тармагында иштеп жатканыма 7-8 жыл болуп калды.

Айдана Омурбаева: - Азыркы убакта Чикагодогу "Relativty E-Discovery" компаниясында DevOps Engineer болуп эмгектенем. Негизи эле Бакыт айткандай эч кимге сыр эмес, IT адистерине айлык маянасы жакшы төлөнөт.

Эмне үчүн IT? Себеби потенциалы, мүмкүнчүлөктөрү чоң. Эки жолу 3 айлык декретке чыктым. Европа, башка өлкөлөргө салыштырмалуу эң кыска тыныгуу мөөнөттөр Америкада болот. Бирок ага карабастан көз жарганга чейин иштедим. Аралыктан иштегенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жумуш графиктери дагы ыңгайлуу. Өзүңө ыңгайлуу убакытта кирип, долбоорлоруңду бүтүрүп иштеп алсаң болот. Андан сырткары IT'де жумуш аткаруу үчүн кеңсеге баруунун кажети жок. Эң негизгиси компьютер жана интернет болсо болду.

Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун балаңды чоңойтуп, иштей берсең болот. Ошол жактары магы аябай жагат. Андан тышкары мен бир нерсеге кызыгып, үйрөнүү үчүн анын артынан сая түшкөндү жакшы көрөм. Дагы бир жаккан жагы адам ар дайым өнүгүүдө, ар дайым изденүүдө болот. Технология күнүгө алмашат. Жаңы нерсе чыгат. Ошондуктан күн сайын окуп туруу керек. Өнүгүүнүн, өзгөрүүнү каалабаган адамдарга бул IT багытында өтө кыйын болот. Жумушта дагы, башка жакта дагы IT'ге тиешелүү нерселер бат өзгөрөт. Жаңы кызыктуу программалар, инструменттер чыгат. Ошолордун баарын үйрөнүү зарыл. IT жаатында иштеген адамдардын баарынын дүйнө таанымы мыкты, бат өздөштүрүп, бат үйрөнгөн кызыктуу адамдар болот деп ойлойм.

Көптөгөн кесиптер бар, бир эле нерсени аткара берип, деградация болуп кеткен. Бир жумушту 10-20 жыл аткара берип, башка жакта кандай жаңылыктар болуп калганын билбей калгандар дагы бар. IT'де билгенибизден билбегенибиз көп.

- Эмнеге IT тармагын тандап алдыңыздар эле? Бул тармакта канча жылдан бери эмгектенип келесиздер?

Бакыт Абдишов: - Кошумчалап айтып кетейин. Дүйнө жүзүндө пандемиядан кийин IT адистерине "digital nomad" (заманбап көчмөн) деген термин пайда болду. Анын маанисин чечмелей кетсек, IT адистери жакшы, кооз жерлерге барып иштегенден улам ушундай термин жаралган.

Биз дагы заманбап көчмөндөрдүн бирибиз. Учурда Гавайи аралында жашап жатабыз. Ушундай мүмкүнчүлүктөрдү бизге IT түзүп берди десек болот. Бир учурда жумушта иштеп, ошол эле убакта балдарды карап, аларга тарбия берип, эс алып, блогубузду алып барып жатабыз. Жашоо супсак эмес, кызыктуу.

- Сиздер Чикагодон Гавайи аралына келдиңиздер. Эмне үчүн Кыргыз өлкөсүнө эмес, Гавайиге бардыңыздар?

Айдана Омурбаева: - Биринчиден, биздин компаниябыз менен келишимге ылайык бул жакка келгенбиз. Гавайи Американын 50-штаты болот. Биз Кыргыз өлкөсүнө барсак салык кызматына болгон талаптар эки башка (АКШ менен салыштыруу) болгондуктан, бардык келишимдерди кайрадан түзүп чыгуу талап кылынат. Ал эми Американын кайсы гана бурчу болбосун иштей берсе болот.

Экинчи себеби - аба ырайы. Чикагодо кыш мезгили суук, Кыргыз өлкөсү дагы суук. Биз Гавайини ысык болгону үчүн тандап алдык.

Үчүнчүдөн, Гавайиде пандемия жокко эсе. Бул жерде ковид эмне экендигин билишпейт. Өзгөчө бет кап жок, колубузду спирт менен жуубайбыз. Балдарыбыз ылайга жатып ойноп, бактылуу балалыгы өтүп жатат. Ушул нерсени балдарыбызга бере алганыбызга сүйүнүп жатабыз. Балдар сууга түшөт, жамгыр жааган учурда сыртта ойношот. Чындыгында, Чикогодо акыркы 6-7 айдан бери, атап айтканда, пандемия башталгандан бери биз үчүн дагы, балдарыбыз үчүн дагы стресс абалында болдук. Эч жакка чыга албай, бардык жакта локдаун (карантин). Ошондуктан коронавирус минималдуу болгон жерди тандап алууга аракет кылдык.

- IT түгөйлөр кантип таанышып калганына кызыгып турабыз...

Айдана Омурбаева: - Мен бул тууралуу көп эле айтып жүрөм. Азыр Бакыттын оюн угуп көрөлү айтып берсин. Мен дагы кызыгып жатам (күлүп).

Бакыт Абдишов: - Таанышканыбыз бул сыр (күлүп). Биз Чикаго шаарында таанышканбыз. Ошол жерде биздин эң сүйүктүү Линкольн сейил багы бар. Алгач ал жерге барып маек куруп, эс алып келгенбиз. Ошондон кийин мамилебиз уланган. Андан кийин үч жарым жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Бул жылдар аралыгында биз бири-бирибизди жакшы түшүндүк. Окшоштуктар көп экен, алдыга койгон максаттарыбыз, умтулууларыбыз дагы бир экендигин түшүндүк. Мен деле кыздардан издеген сапаттардын баарын Айданадан таптым. Жашоого болгон көз карашы, аракетчилдиги, тамак жасаганы, бүт сапаттары мага жаккан. Үч жарым жыл сүйлөшүп жүргөндөн кийин 2015-жылы Чикагодо чакан той өткөрүп баш кошконбуз.

Азыркы учурда деле балдарбыз менен ал сейил бакка көп барабыз.

- Учурда кыргыз коомчулугунда балдарды башкача (башка тилди мыкты билгени менен эне тилге көңүл бурбоо) тарбия берүүгө көбүрөөк басым жасалганы байкалууда. Балдарыңыздарга кандай тарбия берип жатасыздар? Алар кыргыз тилин билбей калышкан жокпу?

- Айдана Омурбаева: - Балдарыбызга китептерди Кыргыз өлкөсүнөн алдыртабыз. Үйдө жалаң кыргыз тилинде сүйлөйбүз. Орус же англис тилин аралаштырбайбыз. Ата-эне кайсы тилде сүйлөсө, балдар ошол тилде сүйлөйт. Ошого өзүбүз өрнөк болуп, кыргызча сүйлөйбүз. Кызым кыргызча ырларды айтат. Интернет тармагында кызымдын гимн ырдагыны тарап кеткен (күлүп).

Бакыт Абдишов: - Биздин кызыбыз, балабыз дагы кыргызча жакшы сүйлөйт, түшүнөт. Чоң эне, таята, таенеси менен сүйлөшүп турушат. Биз кыргыз үй-бүлө катары улуттук баалуулуктарыбыз бар. Ошолордун бири үйдө кыргызча сүйлөшөбүз. Кызыбызды өзүбүз кыргызча окутабыз. Бир улуттун маданиятын, тилин үйрөнүү үчүн ошол тилди үйрөнүү керек деп коёт эмеспи. Ошол сыяктуу балдарыбыздын паспорту Американыкы болгону менен жүрөгү кыргыз. Балдарга колубуздан келишинче кыргыздын баалуулуктарын, үрп-адаттарын өткөрүп бергенге, жүрөгүнө сиңирүүгө аракет кылабыз. Азыр биз, өзүбүз кыйын ата-энебиз деп деле ойлобойбуз. Бирок өнүгүү жолундабыз. Буларга кичинекей кезинен баштап музыкаларды тандап, "керемет көчтү" коюп беребиз. Ар дайым кыргызча сүйлөшөбүз. Жомокторду дагы кыргызча окушат.

- Айдана айым, айтсаңыз үй тиричилиги, балдарды тарбиялоо анан дагы жумушту бирге алып жүрөсүз. Баарына кантип жетишесиз?

Айдана Омурбаева: - Негизи ушул суроону көп беришет. Биринчиден, колдоо керек. Бакыт мен билген аталардын эң мыктысы деп айта алам. Балдарына мага салыштырмалуу атасы көп көңүл бурат. Балдар эненин курсагында жатканда эле апасына жакын сезим болот деген сөз бар да. Кыскача айтканда, эне менен баланын ортосунда табигый жакындык бар. Ал эми бала менен атанын ортосунда болгон жакындык бала төрөлгөндөн кийин башталат деп коюшат эмеспи. Ошондуктан балдар менен көп убакытты Бакыт өткөрөт. Жумушуна, балдарга дагы жетишет. Бул учурда мен үй тиричилиги: тамак жасап, үйдү жыйнаштыруу иштери менен алек болом. Андан сырткары убакытты туура колдоно билүүдө биз конкреттүү түрдө бизге эмне керек, кайсы нерсе маанилүү экендигин билишибиз керек. Ошол эле учурда аларга канча убакыт кетирүү зарыл экендигин билүү абзел.

Бир нерсеге жетүү үчүн кайсы бир нерседен баш тартуу зарыл. Учурда адамдардын убактысынын басымдуу бөлүгү социалдык тармактарга кетип жатат. Биз ошол жактан бири-бирибизди көзөмөлдөп турабыз. Мисалы, мынча убакытта бул ишти жасоо зарыл деп. Ар бир адам өз ишин туура, так аткара алса, убактысын туура колдоно алат.

- Кыргызда той-топур, карым-катыш дегенге өзгөчө көңүл бөлөт эмеспи. Сиздер дагы ушундай той, кечелерге көп барасыздарбы?

Бакыт Абдишов: - Биз негизинен тойго аз барган үй-бүлөлөргө киребиз. Экөөбүз тең иштегендиктен жумуш графигине туура келбей калат. Акыркы төрт жыл аралыгында эки гана тойго бардык. Балдардын өзүнүн уктоо, тамактануу убактылары бар. Мисалы, түнкү 12ге чейин жүрүп, балдардын күн тартибин бузгубуз келбейт. Көпчүлүк тойлорго бара албагыныбызды айтабыз. Колубуздан келишинче белектерди, кошумчаны берип коёбуз.

Ал эми Кыргыз өлкөсүндөгү тойлор тууралуу сурасаңыз. Тойлорго эч кандай каршылыгыбыз жок. Бирок учурда экономикалык абалыбыз жакшы эмес. Тойлоп жүрүп, ага кеткен чыгымдарды эске алып, маанисиз тойлорду азайтса деген ойдобуз. Көпчүлүк балдар бизге жазып калышат. Биз окугубуз келет. Бирок каражат жок болуп жатат деп. Ошол тойго кеткен каражатты ата-энелер балдарынын билим алуусуна жумшаса жакшы болмок деген ойдобуз.

Айдана Омурбаева: - Бакыттын айтканына мен дагы кошулам. Ар бир адамдын жашоосунда маанилүү 2-3 той өтсө жакшы болмок. Башка тойлорду деле белгилегенге каршы эмеспиз. Мисалы, наристе төрөлсө, аны бешикке бөлөп, тушоо той өткөргөнү жакшы. Бирок бул эң жакын гана жакындарынын жанында өткөрсө деген ойдомун. Бизде тойдун саны аябай көп экен. Аны ысырап деп ойлойбуз. Бүгүнкү күндөн ырахат алып жашоону үйрөнсөк, бул дүйнөдө бактылуу адамдар көп болот беле?!

- Кыргыз өлкөсүндө эмне үчүн IT тармагы өнүкпөй жатат? Кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн? Сиздердин пикириңиздер.

Айдана Омурбаева: - Кыргыз өлкөсүндө IT тармагы өнүкпөй жатат дегенге көп кошулбайт элем. Бизде таланттуу кыздар, балдар аябай көп. Мындан дагы көп өнүгүүсүн каалайт элек. Мамлекеттик деңгээлде колдоолор болуп, ошол эле мыкты шарттарды түзүп берсе жакшы болмок. Көпчүлүк IT адистери дүйнөнүн ар кайсы бурчуна тарап кетишкен. Ар бир IT адиси жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлсө, өз өлкөсүндө эле иштегенди каалайт. Азыркы учурда деле Кудайга шүгүр, жакшы компаниялар ачылып жатат. Ушул тренд шаарларда эле эмес, айылдарга дагы жетсе экен. Ар бир үй-бүлө баласын курска окутууга мүмкүнчүлүк жок. Кыргыз өлкөсүндө жашаган адамдар үчүн балдарды окутуу акылары кымбат. Себеби бизде айлык маяна аз.

Бакыт Абдишов: - Биз башка тармактар менен ат салыша албасак дагы IT тармагы менен ат салыша аларыбызга ишенем. Бул тармакка кыргыз жаштары киришкенине өтө деле көп убакыт болгон жок. Ошого карабай дүйнө жүзүндө чоң компаниялар менен келишим түзүп иштеп жаткан стартаптар, компаниялар түзүлдү. Ошол себептен дагы Айдана экөөбүз IT тармагын тандоого багыт берип келебиз. IT каатчылыктан чыгаруучу, Кыргыз өлкөсүн өнүктүрүүчү жол деп билебиз. Ошондой эле билим алып, IT менен чоң ийгиликтерди жаратса болорун айтып келебиз.


- IT тармагына аралашууну каалагандар кандай этаптарды басып өтүшү керек?

Айдана Омурбаева: - IT тармагына жаңы аралашканда IT тууралуу түшүнүк алуу зарыл. IT эмне, анын кандай багыттары бар дегендей. Менин байкашыма караганда, IT'ни көп адамдар түшүнө бербейт окшойт. Код жазып эле отура берген бир адам катары эсептешет экен. IT - багыт да. Маалымат технологиясы. IT ичинде креативдүү адамдарга ар кандай кесиптер бар. Дизайн, код жазганды жактырбаган адамдарга дагы. Журналисттердин, физиктердин жана жаңы кесиптерине байланыштуу ар түрдүү кесиптер бар. Адам чындап аракет кылып окуш керек. Күнүнө 5-6 саат окуу, туура максат коюуну, кыялданууну билиши керек.

Код жазганды үйрөнүү оңой эмес. Программалоо - бул универсалдуу тил. Бул жөн эле компьютер менен адамдардын сүйлөшкөн тили. IT аркылуу көптөгөн кыялдарды орундатууга болот.

Бакыт Абдишов: - Айдананын айткандарына кошулам. Мектепте окуп баштагандан баштап туура жүрүп, максат коюп, аракет кылганды үйрөнүү абзел. Мээнеткеч болуу зарыл. Узун мөөнөттүү максаттарды коюу керек. Чуркап бара жатып алдыдагы адамга жетем деп. Жеткен соң арттагы адамды өзүнө жетпөөгө аракет кылышың керек.

Америкада жашасак дагы айылда жашаган окуучулар үчүн интернет аркылуу IT тууралуу маалыматтарды бергенге аракет кылып жатабыз. Андан сырткары финансылык болобу же башка көйгөйлөр болобу баарын окуу менен чечкенге аракет кылуу зарыл деп айта кетмекчимин.

- Кызыктуу маек куруп бергениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!



Гавайиде гимнди ырдаган кичинекей Бермет
IT түгөйлөр жашап жаткан Гавайи аралы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aizira
2021-04-16 04:47:19
Эн сонун маек болуптур. Жаштар УлГУ алса болчуудай.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан