Европада окуп келген Биймырза Нурланбек уулу: "Саясатка келип, алган билимимди колдоном"

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Каарманым учурда 25 жашта. Ал Босния жана Герцеговина мамлекетинде 5 жыл билим алып келип, учурда окуусун Кыргыз өлкөсүндө улантууда. Аны менен чет мамлекетте окуунун күнгөй-тескейи, келечек пландары тууралуу сүйлөшүп, жаштарга багытталган кеп-кеңештерин уктук.

- Биймырза, алгач өзүң жана үй-бүлөң тууралуу айтып берсең?

- Аты-жөнүм Биймырза Нурланбек уулу 1994-жылы 2-октябрда Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылында төрөлгөм. Ош шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептен билим алдым. Мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз-Кытай колледжде окуумду уланттым. Атамдын кесиби адвокат, апамдын кесиби мугалим. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Агам, иним жана карындашым бар.

- Босния өлкөсүнө барып, билим алуу бактысына кантип туш келип калдың?

- Окууну бүтүп, Кыргыз-Түрк "Манас" университетине окууга тапшырууну көксөп, бирок ал жакка окууга өтпөй калдым. Анткени мен кыялданган факультетке алган баллым туура келбей калды. Ошентип маанайым чөгүп жүргөн. Ошол учурда Humanitarian Relief Foundation фонду дүйнө жүзүндөгү 50 мамлекеттен виза менен студенттерди топтоп жаткан экен. Мен дагы Кудайдын буйругу менен ал жакка окуу үчүн грант утуп алдым. Бул долбоордо бир мамлекеттен бир эле студентти окутуу каралыптыр. Кыргыз өлкөсүнүн атынан Босния мамлекетиндеги эл аралык Сараево университетинде окуй турган болдум. Ал жакка документ тапшыргандан кийин бизге чакыруу келди. Ал учурдагы сүйүнүчүмдө чек жок эле. Ата-энеме айтсам, алар дароо эле макул болгон жок. Анын үстүнө ал өлкө дүйнөнүн кычыгында экен деп бир аз түшүнбөй турушту. Кийин менин көңүлүмө карап, окуп келүүмө уруксат беришти. Анан 1 жарым айдын ичинде документтеримди даярдап бүттүм.

- Ал жакка барганда эмнеден кыйналдың? Балким, тил жагынан кыйналгандырсың?

- Кыргыз өлкөсүндө Кыргыз-Кытай колледжде билим алгандыктан, англис тилин билчүмүн. Алгач барганда бир аз кыйынчылык болбосо, калган жылдарым кадимкидей өз ыргагында өттү. 2013-жылы чоң учак менен Стамбул шаарына бардым. Анткени буга чейин андай чоң учак менен уча элек болчумун. Мени тосуп ала турган киши жок, аэропортто аңкайып эле туруп калдым. Баары ары-бери өтүп жатышат. Мени тоскон эч ким жок. Көрсө ал күнү тосуп ала турган адам уктап калган экен. Ал мага ачыгын айтты "учактын мындай эрте келе турганын билбептирмин" деп кечирим сурады. Анткени Босния жана Герцеговина менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда виза келишими жок. Мен жеке Түркия жана Босния жана Герцеговина мамлекетинин элчилиги менен сүйлөшүп, анан виза алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болбосо Боснияга Стамбул аркылуу эмес, түз эле кетмекмин. Виза алып жатканда дагы визам кеч чыгып, бир аз күтүп калдым.

- Ал жактын окуу жайы биздин окуу жайлардан эмнеси менен айырмаланат экен? Кандай артыкчылык же кемчиликтерди байкай алдың?

- Окуу боюнча айтсам, окуу системи негизи Евро Биримдикке карап, ал жактын окуу системине кирген. Алардын мыйзамдарына баш ийет жана окуу англис тилинде жүргүзүлөт. Алгач барганда бир жыл даярдоо курсунда окудум. Айырмачылыгы Сараево университетинде сабак берген профессорлордун көпчүлүгү эле башка мамлекеттен келген мугалимдер. Мисалы, Словакия, Англия, Италия, АКШдан келген окутуучулар сабак өтчү. Негизги айырмачылыгы жемкорлук деген такыр жок. Эгер сабак тууралуу бирөөгө акча сунуштасаң же сурасаң окуудан айдалдың деген түшүнүк бар. Ошондуктан ал жакта эч кимге ишенбей, өзүңө ишенип, тырышып окуйсуң. Сынактар катуу тартипте өтөт.

- Учурда Бишкекте экенсиң, эмне менен алектенип жатасың?

- Мен Босниядагы эл аралык мамилелер факультетин 2018-жылы окуп бүтүрдүм. Ал жакка 2013-жылы барып, 1 жыл даярдоо курсун окуп, 4 жыл эл аралык мамилелер факультетинде адистик боюнча билим алдым. Жалпысынан ал өлкөдө билимдин арты менен беш жыл жүрдүм. Учурда Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинде менеджмент тармагы боюнча билим алып жатам. Босниядан деле окуумду улантсам болмок, бирок мен мекенимде окуумду улантууну туура көрдүм.

- Чет мамлекетте алып келген билимиңди кантип пайдаланып жатасың?

- Албетте, билимди колдонууну ар ким ар кандай түшүнөт. Мисалы, мен үчүн билим - бул билген нерселериңди учурунда колдоно билүү. Эгерде сен билген нерсеңди колдонбосоң, ал билим болуп эсептелинбейт. Билген нерсеңди башкалар менен бөлүшүү абдан маанилүү нерсе. Анткени сен билген нерселериң менен башкаларга пайда келтирип, алардын жашоосун кандайдыр бир деңгээлде жакшы жакка өзгөртүүгө себепчи болуп калышың мүмкүн. Мени менен сүйлөшкөн өзүмдөн кичүүлөргө чет мамлекетте окугула деп сунуштайт элем. Ар кандай долбоорлорго катышып, резюмеңерди жибере бергиле жана Кудайдан тиленгиле деп айткым келет. Анткени ал жакты мен өз көзүм менен көрүп, билип келдим. Өзүңө окшош эле адамдардын башка салт, башка түшүнүктөр, башка максат-кыялдар менен жүргөнүн көрүү адамдын көз карашынын дагы да жакшы өнүгүшүнө себепчи болот экен. Албетте, сөз менен эмес жүрүм-турум менен башкаларга сабак болгонго аракет кылам. Келечекте окуумду аяктасам, алган билимимди эл үчүн пайдаланып, саясатка келсем деген оюм бар.

- Биздин өлкөдө билимге умтулган жаштар көп. Алар чет мамлекеттерден билимин тереңдетүүнү каалашат. Боснияда окуп келген студент катары жаштарга кандай кеп-кеңештерди бере аласың?

- Ар бир адамдын пикири болот - бул менин жеке оюм. Биздин билим берүү системин өстүрүү үчүн дагы убакыт бар деп ойлойм. Бирок өлкөбүздө билим берүү мыкты болуп турган учурда деле чет мамлекеттен убактылуу билим алып келгениң жакшы. Кандай болгон күндө дагы ал жакта окуп келгендин өзгөчө артыкчылыктары бар. Айрыкча мекениңди ичте жүргөндө кадырлабай жүрсөң, башка өлкөгө барып келгенден кийин кадырын билип, жакшы нерсе жасасам деп шыктанып каласың. Өлкөңдү сырттан башкалардын көз карашы менен көрүп, билесиң. Бирок мен окуп ал жакта калып калгыла деп айткандан алысмын. Тескерисинче Кыргыз өлкөсүнө келип, билимиңерди колдонгула демекмин.

- Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?

- Китепти көп окуйм дебейм. Бирок кээде адабий көркөм китептерди окууга аракет жасап турам. Спорттун джиу-джитсу деген түрү менен машыгам. Убактымды текке кетирбей, жакшы бир нерсе жасап калууга аракет кылам.

- Канча тил билесиң?

- Эне тилимден сырткары орус, англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nargiza1987k
2019-09-03 18:54:50
Сасыган саясатка келбей эле койбопсун
+1
Tolik777
2019-09-04 13:42:28
Саясаттын богун жейсинби? Шымынды шымдап алып тиричилигинди кыл
+2
doncha
2019-09-06 14:06:00
Tolik777, сен комментин богун жейсинби, турсанды кийип тиричилигинди кыл.
0
patriott
2019-09-05 21:57:32
Азаматсың, кыргыз жигиттери ар дайым аракетчил болуш керек. Силердей жаштар бар өлкөбүздүн келечеги бар. Ичи тар, маданиятсыз адамдарга көңүл бурбастан ийгиликти багынта бер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан