Германияда окуп жаткан Надырбек Акматжан уулу: "Көп тил билүү чоң мүмкүнчүлүктөргө эшик ачат"

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)
Чет өлкөдө жашап, иштеп, окуп жүргөн кыргыз жаштары арбын. Алардын бири Германияда билим алып жаткан 24 жаштагы Надырбек Акматжан уулу. Кыргыздын сыймыктуу уулу менен SUPER.KG порталы маек курду.

- Надырбек, алгач өзүңүз жөнүндө, андан соң Германияга кантип барып калдыңыз эле ошол тууралуу айтып берсеңиз?

- Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылында төрөлгөм. Мектепте да ошол жерден окуп, кийин шаардагы университеттердин биринде билим алдым, бирок белгилүү бир себептерден улам аягына чыкпай калгам. Өзүм туризм тармагында окугандыктан ошол тармакта практика кылуу үчүн мүмкүнчүлүк болуп келип калдык. Учурда Германиянын Мангейм шаарындамын. Чет жакта жүргөнүмө быйыл эки жылдын жүзү болду.

- Алгач эле барганда эмне менен алек болдуңуз?

- Туризм тармагында билимим бар үчүн, биринчи жылы гастрономия тармагында эмгектендим. Ошондой эле сегиз ай ооруканада ыктыярчы болуп иштедим. Бул аралык мен үчүн мединица жаатында көп нерсени үйрөнүүмө түрткү болду, кызыгуумду арттырды. Анын үстүнө Германияда медицина алда канча алдыда. Ошентип ушул жатта тереңирээк билим алууну чечтим.

- Азыр медицина багытында билим алуудасызбы?

- Ооба, ушул жаатта окуп жатам. Окуу мөөнөтү 3 жыл. Мага бул кесиптин 50 пайызы теория, 50 пайызы практикадан тургандыгы жакты. Ошол эле учурда сөзсүз стипендия аласың, ал өзүңө кеңири жетет. Оюң акча табуу эмес, жалаң билим алууда болот. Ийгиликтүү аяктаган соң жумушсуз калбайсың деп дагы айта алам. Себеби Германияда аталган кесиптин ээлерине суроо-талап абдан жогору.

- Алгачкы баргандагы сезимдериңиз менен бөлүшсөңүз? Биринчи көргөндө эмнеси менен эсиңизде калды?

- Эң биринчи 2018-жылы жай айында үч айлык программа менен келгем. Өнүккөн өлкөлөр десе дарагы жок бийик-бийик имараттарды, катар-катар салынган өнөр жайларды элестетчү элем. Ошол кезде бул өлкөнүн жашылдыгына аябай таң калгам. Германия тазалыктын жана тартиптин өлкөсү десем болот. Эң алгачкы сезимдерге келчү болсок аябай сүйүнгөм. Себеби ар кандай тоскоолдуктарга карабай максатымды көздөй умтулуп, жетип келе жатам десем болот. Чет өлкөдө окуу бирден бир кыялым болчу десем дагы болот.

- Мекенден алгачкы жолу алыстап жатсаңыз керек, Кыргыз өлкөсүнө кеткиңиз келип сагындыңызбы?

- "Элин сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас ат болбойт" дейт эмеспи, анын сыңарындай бейиштей болгон жерибизди сагынбай болобу? Албетте, сагындым. Бирок сагындым деп эле кетип калганым да туура болбойт. (күлүп) Атайын максат менен келген соң ошол кыялымды ишке ашырып, мекениме кыргыздын билимдүү уулу катары баргым келет. Мурда Казакстан сыяктуу коңшулаш өлкөлөргө барып келгем. Бирок өтө эле алыс чыккан өлкөм Германия болду.

- Чет жакта билим алгысы келген жаштарга кандай кеңештерди бере аласыз?

- Динибизде айтылат эмеспи, илим алуу төрөлгөндөн кабырга чейин деп. Ошондуктан ар дайым билим алууга аракет кылгыла демекчимин. Ата-энелерге дагы айтарым балдарыңардын өз эрки менен кесип тандоосуна, билим алуусуна түрткү болгула. Азыр технологиянын заманы, адамдар окуп, үйрөнүүгө үлгүрбөй калып жаткан доордобуз. Эртеңки күндү күтүп жашабай азыр мүмкүнчүлүктөрдү пайдалансак, мекенге кайдыгер болбосок. Кыргыз өлкөсүнө жардам берүү үчүн сөзсүз түрдө Европадан же Америкадан окуп келүү шарт эмес. Бирок, албетте, башка мамлекеттен окуп келип, аны өз өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн пайдалансак сонун. Чет жакка чыккысы келген жаштарга алгач эле тил үйрөнүүнү сунуштайм. Тил билүү көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө эшик ачат.

- Тил үйрөнүү боюнча жеке өзүңүз колдонгон ыкмалар барбы? Канча тил билесиз?

- Тилди үйрөнүү үчүн биринчиден каалоо, анан да көп кайталоо керек. Андан тышкары жакшы көргөн хоббисин ошол тилде аткарса. Мисалы, мен футболду жакшы көрөм, бул жактын жергиликтүү тургундары менен да көп ойнодум. Жаңылыктарды, комедияларды немис тилинде көрөм. Бул да болсо тилимдин өсүшүнө өбөлгө болду. Айтор ким эмнеге кызыкпасын ошол тил аркылуу укса же болбосо аткарса, жакшы жыйынтык берет. Мен кыргызча, түркчө, орусча жана немис тилинде сүйлөйм.

- Ал жактын билим берүү системасынан кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз? Биздикинен алда канча жогору болсо керек.

- Биринчи айырмачылыгы жогорку окуу жайларында же болбосо кесиптик окуу жайларда окуу убактысы үч жыл. Экинчиси болсо окуу материалдарынын көптүгү жана жаңылыгы. Үчүнчү окуудан кийин жумуш орду жана төлөнгөн жумуш акысы. Анан да бул жактын билим берүү системасынын бир артыкчылыгы, ар кимдин өз интеллектуалдык деңгээлиндегилер менен чогуу окушу. Мыктылар мыктылар менен, орточо ортосу менен жана башка бөлүп окутушат. Бекеринен Германия "Нобель" сыйлыгын алуу боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турбаса керек деген ойго келет.

- Окууну аяктасаңыз мекенге келип кызмат кылам деген ойлор барбы? Же ошол жакта калып эле карьераңызды улантасызбы?

- Чет жакка чыгуудагы максатым сапаттуу билим алып, мыкты адистикке ээ болуп, андан кийин өлкөмдүн өнүгүүсүнө салым кошуу болчу. Азыр дагы бул максатымдын артындамын. "Бирөөнүн элинде султан болгончо, өз элиңде ултан бол" деген кеп бар да элибизде. Андыктан буюрса өз мекенибизде эле иштейбиз. Баарыбыз эле башка мамлекеттерде окуп кала берсек, анда мекенибиз кантип өнүгөт? Билим алып, тажрыйба топтоп алган соң мекенге сөзсүз барабыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
futboler
2020-12-04 23:03:18
Азаматсың
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан