Антарктидада жүргөн кыргыз жигити: "Бул жакта муздар эрип жатканына, миңге чукул кит кемебиздин астынан өткөнүнө күбө болдум"

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө Антарктидада илимий топ менен жүргөн мекендешибиз Улукбек Аманалиев болмокчу.

Ал Антарктидада жүрүп туш болгон кызыктуу окуялары, таасирлери жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

Улукбек Аманалиев 1991-жылы Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген.

Үй-бүлөлүү, 2 кыздын сүйүктүү атасы.

- Азыркы кезде Антарктидада жүргөнүңүздү социалдык тармактагы баракчаңыздан көрүп калдык. Ал жакка эмне себеп менен барып калдыңыз?

- Учурда Антарктидада экспедициялык круиздик кемеде эмгектенип жатам. Жумушту интернет аркылуу тапкам. Бул жакка келиш оңой болгон жок. Аргентинадан атайын окуудан, көптөгөн тренингден өтүп, сертификат алгам.

Келгениме эки ай болуп калды. Дагы бир ай мөөнөт калды. Экспедиция бүткөн соң бул жактан кетебиз. Андан кийин Чилинин, Экватордун, тактап айтканда киши барбаган аралдарга барабыз.

Биздин круиздик лайнер киши барбаган аралдарды, жерлерди кыдырууга арналган.

- Маалыматтарда Антарктиданын 1 пайызында гана муз жок экени айтылып келет. Өз көзүңүз менен көргөн адам катары материк тууралуу баяндап берсеңиз.

- Ооба, Антарктиданын бир эле пайызында муз жок деп айтылат. Жылдан жылга дүйнөдө климаттык өзгөрүү, тагыраагы жылуу болуп жаткандыктан муздар дагы эрип жатат. Менин көргөнүм боюнча, болжолдуу 10 пайыз жеринде муз эрип кеткен деп айта алам.

Илимий команда менен 8 жолу экспедицияга чыгып келдим. Анын ичинен 2 жолу континентке, калгандары аралдар, жарым аралдарга чыктым.

Ар түрдүү пингвиндерди, морждорду көрө берип чындыгында тажап баштадым (күлүп).

Жакында эле кызыктуу көрүнүш болду. Массалык миграция болуп жатканбы, айтор, биздин круиздик кеменин жанынан 1000ге чукул кит өттү. Алар өткөнчө кемени токтотуп күтүп турдук. Кеменин өзүнүн эрежеси (протокол) бар. Ага ылайык, эгер кеменин жанында чоң киттер өтсө, кеме токтоп турушу зарыл. Буга чейин кемелер жүрүп бара жатып киттерди сүзүп, өлтүрүп алган учурлар болгон экен.

Көп жылдан бери Антарктидада экспедицияда жүргөн окумуштуулар "мындай киттердин массалык миграциясы болгонун буга чейин көргөн эмеспиз" деп айтышты.

Арабызда бир украиналык жаран бар. Ал бул жакта Украинанын Вернардскийдин академиясы деген илимий станциясында иштейт. Учурда чогуу жүрөбүз.

Экспедицияда жүргөндөрдүн ичинде жалгыз кыргызмын. Ал эми КМШ өлкөлөрү боюнча үчөө бар.

- Киши барбаган, кызыктарга бай жерлерде кызыктуу окуялар дагы көп болсо керек...

- Кызыктуу окуялар көп болот. Алардын бирин айтып өтөйүн. Биз кеме менен келе жатып Антарктидада 8 окумуштууну сактап калдык. Алардын келгенине жарым жылдай болуптур. Кете турган болгондо белгисиз себептерден круиздик кеме келбей калыптыр. Пландалган азык-түлүктөрү түгөнүп, ачка болуп башташканда жалпы сигнал жөнөтүшкөн экен. Ал учурда жалгыз биздин лайнер Антарктидада жүргөн болчу. Биз сигналды кабыл алып аларды сактап калдык. Алар Щвециядан, Англиядан келген окумуштуулар болчу.

Бизге ыраазычылык билдирип, аябай сүйүнүштү. Ал арада аларга Кыргыз өлкөсү жөнүндө айтып бергенге үлгүрдүм.

- Февраль айы Антарктидада эң жылуу учур болуп саналат. Күн катуу тиет. Эшикте жүргөндө күндөн сактоочу бет май менен жүрбөсөң 5-10 мүнөттө эле күйгүзүп жиберет. Суунун жээгинде кургактыктар көбөйүп эле калыптыр. Муздар, айсбергдер азайып келе жатыптыр.

- Жашоодогу негизги максатыңыз...

- Негизги максатым көп өлкөлөрдү кыдырып чыгуу. 30дан ашык өлкөнү кыдырып чыктым. Антарктиданын Түштүк уюлун 2 жолу кесип өткөм. Жайында Түндүк уюлун кесип өткөнү жатам. Алдыда пландарым 100дөн ашык өлкөнү кыдыруу.

- Көп өлкөлөрдү саякаттап чыккан экенсиз. Өзгөчө таасирлерди катырган өлкөлөрдү атап өтсөңүз.

- Чет жерде иштеп жүргөнүмө көп эле жыл болду. Канчалык өйдө-ылдый болбосун Кыргыз өлкөсүнө жеткен жер жок.

- Кызыктуу маек үчүн чоң рамхат!

Улукбек Аманалиев Украинанын Вернардскийдин академиясы станциясынан Түштүк уюлду багынтты деген атайын сыйлык алганын кошумчалады.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
raikakyz
2022-02-16 23:11:40
Азамат, ийгиликтерди багынта бер. Чынында канча чет жерде жүрсөк да өз жерибизге жетпейт.
+7
Tansuluu09
2022-02-17 10:32:22
Соонунго
Ийгилик!!!
+2
Asmat84
2022-02-17 11:08:32
Баарынан да кызыгы Антарктидада февраль айында күн ыссык болгону, крем колдонбосо бетти күйгүзүп жибергенине таң калдым
+3
Margo82
2022-02-17 11:09:47
Азамат,эң азамат экен.иштерине ийгилик.
Ушундай адамдар жашоого мотивация берет да.
+2
Nursul
2022-02-17 14:56:56
Азамат жолун ачык болсун ийгилик каалайм
+1
satiev87
2022-02-17 17:35:01
Иштерине ийгилик! Оз максаттарына жетебер! Азаматсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан