Президенттикке ат салышуу үчүн Темирлан Ормуков БШКга арыз жазды

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 14-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 1976-жылы төрөлгөн Ормуков Темирлан Иниятович арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"2020-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын жараны, 1976-жылы 19-июнда туулган Ормуков Темирлан Иниятович өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн көрсөтүү үчүн БШКга кайрылды", - деп жазылган билдирүүдө.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан