БШК 3 президенттикке талапкерге талапка жооп бербегени боюнча маалымкат берди

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Борбордук шайлоо комиссиясы 3 президенттикке талапкерге талапка жооп бербегени боюнча маалымкат берди. Бул тууралуу аталган комиссиянын жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Нурлан Мотуевдун соттолгондугу жоюлбагандыктан, талаптарга жооп бербегендиги жөнүндө маалымкат берилди.

Анар Зарипованын, Куттуумидин Базаркуловдун, Анаркүл Араеванын, Тынчтык Акжолтоевдин, Юлия Лилиенталдин, Чыңгыз Капаровдун, Жээнбек Искендеровдун, Елена Клипачеванын жана Султан Ажиматовдун документтери кайтарылды. Анткени алар Кыргызтест тапшырганы боюнча сертификат беришкен эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан