Президенттикке талапкер Бабыржан Тольбаев 58 миң 29 кол чогултту. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чогултулган колдор 8 күндүн ичинде текшерилип чыгат.
"Берилген мөөнөт бүгүн түнкү саат 23:59да аяктайт. Ошого чейин талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден ашык эмес кол чогултуусу зарыл. Учурда 1 талапкердин чогулткан колдору кабыл алынды. Мындан сырткары башка талапкерлер да тапшырып жатышат. Ар бир талапкердин чогулткан колдору кабыл алынган сайын улам маалымат берип турабыз", - деди БШКнын басма сөз кызматкери.