Поэтерапия: "Энекем! Энем менин, Тийген Күн сыяктанып, түндү да кууп ийчү – көӊүлгө чырак жагып"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)
Акын Алтынбек Исмаилов Өзгөн районунун Көлдүк айылында 1982-жылы 31-декабрда туулган. 2005-жылы Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин түркология факультетин бүтүргөн. Учурда аталган окуу жайда окутуучу болуп эмгектенет. Ал көркөм котормого да аралашып, суфистик-мистикалык поэзиянын ири өкүлдөрү, белгилүү түрк акындары Мевлана Жалалиддин Руми жана Юнус Эмренин ырларын кыргыз тилине которгон. "Таш күзгү", "Агыш түн" аттуу ыр жыйнактары чыккан. Ырлары 12 тилге которулган.
Энем
Дидарын бырыш баскан
тоолордун бүктөмүндөй,
түйшүгү кабат-кабат,
жыйылган жүктөрүндөй,
пейили жараткандын,
таптаза сүт көлүндөй,
дүйнөсү укмуш эле –
балдардын түштөрүндөй.
Алмашып анан баары,
ай-жылдар түтүн болду.
Тагдыры бирде жарым,
а бирде бүтүн болду…
Туугандар жүгүн артып,
турмушу бүкүр болду.
Эх, бизди чоӊойтом деп,
дүйнөсү күкүм болду…
Ийиктей чарк айланып,
төрт мезгил тегеренчү.
Көйгөйүн айтып ага
көрүнгөн келе берчү…
Таруудай чачып жанын,
таркатып бере берчү.
Уурдалып убактысы,
убайым чеге берчү...
Жаргылчак тарткан ундай
жашоосу майдаланды.
Тоо түгүл, кырга жетпей
ташыркап, тайгаланды.
Бактысын бөлүп-жарып,
башкалар пайдаланды…
Кертилип кайран өмүр
керексиз жайда калды…
Энекем! Энем менин
тийген Күн сыяктанып,
түндү да кууп ийчү –
көӊүлгө чырак жагып.
Жиндечү асман анда –
жылдыздар кулап калып.
Жатса да жер алдында
жүрөгү турат кагып...
"Энем" деген ырды жазыш үчүн чынымды айтайын 20 жыл ойлондум. Эне, ата-эне жөнүндө мыкты ыр жазгым келчү, жаңы 9-классымда ыр жазып баштаганда ушул нерсени ойлонгом. Көпкө жүрдүм, аракет кылдым бирок, купулума толгон ырды жаза албай көп жыл жүрдүм. Эне тууралуу көп ырларды окугам, ошол ырларга такыр окшобогон ыр жазсам экен деп тилечүмүн. Анан кудай жалгап өткөн жылы март айында өзүнөн-өзү капилет келди. Күткөн эмесмин, бирок энем эгиз төрөгөндөй кубандым. Мен негизи 5, 8, 40 деген сандарды жакшы көрөм. Жазып бүтүп карасам, симметрия болуп калыптыр. Атайылап андай болсун деп жазбаган үчүн абдан таң калдым. Себеби 5 куплет, ар бир куплети 8 саптан анан бардык саптарды бири-бирине кошкондо 40 сап болот экен. Бул менин эң жакшы көргөн ырларымдын бири деп айта алам. Негизи эле мен ырларымды жасап эмес, жашап жазам.
Агрессия
Жүрөгүндө ыза, согуш, дүрбөлөң
Жүздөрдү көп көрчү болдум күлбөгөн.
Жаакташып, жакалашкан жандарды,
Жолуктурам бардык жерден күндө мен...
Азыр, ырас, албууттанып басылбай:
Ажылдамай, беттен алмай, бакырмай
Адат болду кадыресе... Атүгүл
Аздектеген ишенимге асылмай...
Союл кезеп ызырынса тентектер,
Сүйүү издеп дүйнө кезет элпек жел.
Арбып барат отоо чөптөй ансайын
Аялзатка кол көтөргөн эркектер...
Өрт чыгарып агрессиянын учкуну,
Өлкөлөрдү каптайт улам ыш, күлү.
Шоола чачкан карегине балдардын
Шилтенүүдө аталардын муштуму...
Салтка айланса азыр бетке тарс урмай,
Салтка айланган эбак көңүл калтырмай.
Кырды-бычак теле-радио, гезиттер...
"Кызыл кыргын" интернетте ал тургай!
Бир-биринин короосуна таш аткан,
Бирин-бири былчылдатып... ашаткан.
Жарандардын жаңжалынан түн ыйлап,
Жада калса мурду канап атат таң...
Жаалданган АДАМ болбой, куруп кал!
Жашын төгөт жетим, жесир булуттар...
Бир атадан, бир энеден тараган -
Бирин-бири мойсоп жатат улуттар!!!
Жүрөгүндө ыза, согуш, дүрбөлөң,
Жүздөрдү көп көрчү болдум күлбөгөн.
Жаакташып, жакалашкан жандарды,
Жолуктурам бардык жерден күндө мен...
Бул ырым бир жыл мурда жаралган. Коомдо бүткүл дүйнөдө болуп жаткан анын ичинде биздин өлкөдө болуп жаткан терс көрүнүштөр, адамга болгон мамилени карап отуруп, жүрөгүмдү канатып, жүлүнүмдү сыздатып анан ушул ырды жараткам
Үмүт. Ак гүл. Азезил
Үмүттүн жалп деп өчүп шам-чырагы,
Үшкүрүк жан дүйнөмдү камчылады.
Асфальтты жарып чыгып... бели сынган,
Ак гүлгө мөлт деп жашым тамчылады...
Боз туман каптап журтту туш тараптан,
Бөрүлөр улуп-уңшуйт курсагы ачкан...
Ок тийип абийир, ардын жүрөгүнө,
Ойгонду азезилдер уктап аткан...
Акылсыз, түркөй жанды караан кылып,
Айланса айгай салып караңгылык.
Алдастайт периштелер Ала-Тоодо,
Алалбай "адамдарды" АДАМ кылып...
Үмүттүн жалп деп өчүп шам-чырагы,
Үшкүрүк жан дүйнөмдү камчылады.
Асфальтты жарып чыгып... бели сынган,
Ак гүлгө мөлт деп жашым тамчылады...
Кыргыз өлкөсүндөгү төңкөрүш, пикет, талап-тоноочулук көрүнүштөр себепкер болгон. Ар бир ызы-чуу болгон сайын ушул ырды жүрөгүмдөн өткөрчүмүн. Анан көп жылдардан бери аң-сезимимде, жан дүйнөмдө сактап, сыртка чыгара албай бук болуп жүрчүмүн. Соңку 5-6-октябрдагы окуялардын чыгышы ошол ырдын жазылышына, жаралышына, жанар тоодой көкүрөгүмдү көзөп чыгышына себепкер болду.
Элеттеги эскиздер
Тигине, биздин үйдүн алмалары,
Тамчылап, бирден жерге түшүп жатат.
Музоонун оозунда шым... Андан ары,
Магдырап сүткө тойгон күчүк жатат.
Чаңытып көчөнүн боз топурагын,
Чуркаса куюн тынбай оюнкараак.
Шамалдын кулагына доошу калың,
Шыбырап ыр окууда момун дарак...
Тутанып таш очоктун оту мына,
Тууралган эт чыңырат майга түшкөн.
Ак талдар бийлейт дайра шоокумуна,
Ак шайы көйнөгүнө сайма түшкөн.
Өптүрбөй агат булак мөлтүр өңүн,
Өрт чалган кызгалдактын баласына.
Таңыркап карайт гүлдөр өз сүрөтүн,
Тартылган көпөлөктүн канатына...
Чурулдап шакка конгон таранчылар,
Чокуса чоктой күйгөн мөмөлөрүн.
Жабыла жалбырактар адам сымал,
Жар салат табигаттын төрөгөнүн...
Чөп баскан адырдагы жолго жатып,
Чегиртке кыяк тартат ал арада.
Чүкөдөй чал келатат ойго батып,
Чаалыккан жалгыз аттуу арабада...
Кудуңдап жаш баладай айыл улам,
Кунт коюп угат түрдүү дабыштарды.
Желаргы өзөн жакка кайып улам,
Жүгүрөт шуудуратып камыштарды.
А тигил суу тегирмен талкан тартып,
Айланат мезгил менен жылдагыдай.
Кайыңдын көлөкөсүн тартаңдатып,
Күн болсо батып барат мурдагыдай...
Бала кезимде сүрөтчү, айкелчи болгум келчү. Кагазга, таштын бетине ар кандай сонун сүрөттөрдү тартчумун. Чоподон ар кандай фигураларды жасачумун, ташты чегип таланттуу адамдардын элесин чагылдырчумун. Тилекке каршы, шаарга келип окуу жайга киргенден кийин бул жакта андай мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошол өнөрүм өзүнөн-өзү калып кетти. Анан бүтүндөй күчүмдү, энергиямды сөз өнөрүнө жумшадым. Башкача айтканда, сөз менен сүрөт тартып, сөз менен айкел жасоого өттүм. Анан көптөн бери айылга барбай жүргөн элем. Акыркы жолу эки жыл мурда өзүмдүн айылыма барып, ошол жердеги табиятты, көрүнүштү чагылдырып жазып, бир жыл бышырдым бул ырымды. Андан соң ушундай "Элеттеги эскиздер" деп ат коюп, ыр жыйнагыма киргиздим.
Ичимдеги бир адам
Эмнегедир коркунуч басат мени,
Ээн баш ойлор алкымдан асат мени.
Мезгил учкан мейкиндик талаасына
Мен ырларды, а ырлар жазат мени...
Көңүл чөгүп, бычаксыз канап турдум,
Күн отуна сөөгүмдү калап турдум.
Көз жүгүртүп көкүрөк күзгүгө мен
Көпкө дейре өзүмдү карап турдум.
Көөдөнүмдү куйкалап кучак жалын,
Күйдү-күйдү жалбырак, бутак-шагым.
Муңга толгон жүрөктүн отун алчу
Муздак ташты моюндан кучактадым!
Бүт шимирип мендеги ысыктыкты,
Бир заматта ошол таш ысып чыкты.
Алоолонгон жанымды билбейм бирөө
Аскаларга алпарып жышып чыкты.
Тыңшап үнүн табигат, теребелдин,
Түрмөктөлгөн ырларга тебелендим.
Түпнускамды табалбай, түпнускамды
Тегерендим дүйнөнү, тегерендим...
Сезбей качан түн кирип, таң атканын,
Сезбей күндүн жарык нур таратканын.
Көрдүм анан эң алгач өзүмдү мен
Көлөкөлөр жетелеп баратканын...
Ичким келди... А бирок ичирбеди,
Ичимдеги жалын-өрт кичирбеди.
Иттик кылып жатканын көрдүм анан
Ичимдеги бир адам, ичимдеги!
Көбүк бүркүп, деңиздей толкуп турдум,
Көргүм келбей күзгүдөн коркуп турдум.
Издеп жүргөн көрсө мен өмүр бою,
Ичимдеги өзүмдөн коркуптурмун...
"Ичимдеги бир адам" ырым мындан 15 жыл мурда кокусунан жазылган. Айттырбай кирип келген конок сыңары... Бул ырды жаратам деп түк ойлогон эмесмин. Өзүнөн-өзү эле саптар, уйкаштыктар шаркыратмадай агып, кумдай куюлуп келген. Өзүм да таң калгам. Кагазга түшүргөн соң үстүндө көп жыл иштедим. Философиясы өтө терең, башкача ыр. Муну ар бир окурман эле бир жолу окуганда түшүнө бербейт. Кайра-кайра окушу керек.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Arianaa
2021-01-07 13:10:21
Энеге жазылган ырыныз абдан жакты. Онорунуз оркундой берсин!
0
anipa11
2021-01-07 15:41:28
Ырларыңыз мыкты, ийгилик!
0
Blek-jek
2021-01-07 19:07:15
Алтынбек Исмаилов азаматсыз Ийри-Суудан салам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан