SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Азиза Байзаева.
Сен тарапка
Аптыгып сен тарапка шашып бардым,
Энтигип, кечигип да басып бардым.
Сууз карап, туш тарапты турганыңдан,
Сен мени көп күткөнүң билип калдым.
Колуңда кызыл гүлүң бере салдың,
Гүлгө кошуп кучагыңа тартып алдың.
Койо бербей бир калыпта турганыңдан,
Сен мени сагынганың сезип калдым.
Койо бербей мени көпкө кармаганың,
Элжиреп, жүрөгүмдү жараладың.
Жолтоо болуп экөөбүздүн сезимдерге,
Жолдон бирөө өтпөсүн тилеп жаттым.
Албырып эки бетим ыссып жатты,
Жүрөгүм толтоосунан эчак чыкты.
Тентек колуң денемди кытыгылап,
Белден ылдый уламдаан жылып жатты.
Табитим мурдагыдай тартпай калды,
Жүрөгүмө көп нерсе жакпай калды.
Ажайып, ошол түндүн белеги деп,
Эне болуу бактысы буйруп калды.
Нике шакек
Жыйналышта мен бүгүн жигит көрдүм,
Жашы улуу, бирок сулуу билип көрдүм.
Жыйынчактуу таралган кыска чачы,
Жибитти го жүрөктү кара кашы.
Үстүндөгү костюмдун өңү кара,
Жарашыктуу галстукту сөзгө сала,
Кайран көздү кашайтып издеттирген,
Кайда иштейт болду экен мындай бала.
Кыска жана түшүнүктүү бат сүйлөдү,
Калктын көбүн каратып ак сүйлөдү,
Колундагы китепке таяндыбы,
Айтор билбей чынында так сүйлөдү.
Жыйын бүтүп, жанына басып бардым,
Издегеним тапкандай шашып бардым,
Кыз болсом да биринчи таанышууга,
Уялбастан чынында жетип бардым.
Аста секин баарлашып суроо салдым,
Жылмайыңкы жүз менен жообун алды.
Кезектеги суроону берээр алдын,
Колундагы шакегин көрүп калдым.
Сизге бакыт, мага азап тартуулаган,
Нике шакек мени мынча ойго салган,
Сүйүү сөзүн айтууга камдап жаткан,
Тил тизгинин айласыз колго алдым,
Бактылуу бол деп ичимден күйүп, жандым.
Жолукпа
Булак көрсөң көзүн басып оолукпа,
Гүлдү көрсөң жулуп алып соолутпа.
Айрылыштан, бурулуштан чарчадым,
Жок дегенде жолдорумдан жоолукпа.
Ата-энеңдин көз жаштарын соолутпа,
Туугандардын каргышына жоолукпа.
Сагынып, сен деп жазган каттарымды,
Мактан тутуп, башкаларга окутпа,
Суранаарым сүйүү катын окутпа.
Унутамын
Унутууга мен сени тырышамын,
Убайымды анан мен, карыш алдым.
Узун сабак ырларды жазып алып,
Үшүгөндө оронуп, жамынбаймын.
Эстебеске мен сени камынганмын,
Элеп-желеп сезимдерди жөнгө салдым,
Эзилише кучакташкан сүрөтү бар,
Эски-жаман альбомумду ыргытамын,
Эми чындап мен сени унутамын.