SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Айтолкун Мухамедимин кызы болду.
МЕЗГИЛ
Шашпа мезгил,
Шамал сымал ызылдап,
Тынчым алба,
Тырмап жүрөк тызылдап.
Сенин жыргал,
Сыйкырыңдан арылбай,
Тирүүлүктү,
Түгөткүм жок чырылдап.
Токто мезгил,
Таба электе жолумду,
Жула качпа,
Жылуулукту, сонунду.
Алды жакта,
Алда канча жыргал бар,
Тоскоол болбо,
Тоспо мага жонуңду.
Укчу мезгил,
Угуп турчу жөнүмдү,
Бырчалаба,
Бырыш кылба өңүмдү.
Ансыз деле,
Алсыз болуп акырын,
Карылыка,
Баш багабыз төгүнбү?
Кетпе мезгил,
Келечегим шаштырба,
Жеңдим дебе,
Жеңилүүгө азгырба.
Чаң-тополоң,
Салып коюп дүйнөмө,
Чыргоолонбо,
Чачымды ак бастырба.
ОЙ ТОЛГОО
Бир өмүр өтөт балким, башы бар аягы жок,
Жеткирбей карылыкка колунда таягы жок.
Артымда эмне калат, бар санаам ушул азыр,
Эмне дейт мен жөнүндө эки ооз баяны жок?
Тирүүлүк кетет мүмкүн бүгүн бар, эртеңи жок,
Арылбай түйшүктөрдөн ченеми, мерчеми жок.
Калтырам эмнелерди, айталам эмнелерди,
Угууга кимдер куштар, жашоомду көркөмү жок?
Бир күнү келет ажал эскертүү, аяны жок,
Жоготот жер үстүнөн аёосу, карамы жок.
Качандыр бир күндөрү жарыкты таштап анан,
Баш багам караңгыга калеми, барагы жок.
Кантейин өлүм келет, эскертүү аяны жок,
Куу турмуш өтө берет, башы да аягы жок.
Калгандар жер үстүндө жашаган, жашай берет,
Бир учур мен жок болом, эстөөгө баягы жок.
Бир күнү мен жок болом, кабары, карааны жок.
САРЫ КИШИ
( Атамдын элесине)
Кең пейил, таза жүрөк сүйкүм жүзү,
Керемет устачылык кылган иши.
Кабагы бат бүркөлүп, бат жазылган,
Көчөгө чыкпай калды Сары киши.
Коңшулар кобурашып турган кезде,
Кошулуп укпай калды Сары киши.
Бош сыңар муздак тартып үйдүн ичи,
Бозортот жакындарын ыйдын күчү.
Бапырап баягыдай балдарына,
Батасын бербей калды Сары киши,
Буулугуп ыйласак да сагынычтан,
Бурулуп келбей калды Сары киши.
Ойлонтпой өмүрүнүн келип күзү,
Олтурган, турган жерде калып изи.
Онтоткон ойлорунан чарчады го,
Ойгонбой кете берди Сары киши,
Ооматсыз бул жашоодон тажады го,
Оо дүйнө кете берди Сары киши.
Өмүрдө өкүтү күч күйүп ичи,
Өкүнүп ырлар жазат калем учу.
Өзөгүм өрттөп жалын каптап жатат,
Өзгөчө жан кутманым Сары киши.
Өзүңдөй балдарың бар аркаңдагы,
Өкүнбөй тынч уктагын Сары киши.
Асмандан нур төгүлүп кабырыңа,
Ар убак Бейиште жүр Сары киши.
БҮГҮН МЕН ЖОЛГО ЧЫКТЫМ
Бүгүн мен жолго чыктым,
Сагыныч, кусалыкты жыйнап алып,
Атамды, айылды эстеп ыйлап алып.
Көкүрөк көптү туюп турса дагы,
Жүрөгүм бир булкунуп туйлап алып.
Бүгүн мен жолго чыктым,
Үзүлгөн үмүттөрдү улап алып,
Чачылган кыялдарды курап алып.
Күткөндөр бар экени кубандырып,
Кудайдан амандыгын сурап алып.
Бүгүн мен жолго чыктым,
Багытым, мекенимди беттеп алып,
Бакубат бар жашоомду эстеп алып
Түгөнбөс түйшүктөрдү жыйыштырдым,
Көр турмуш көйгөйлөрүн четке кагып.
Бүгүн мен жолго чыктым,
Көңүлүм көксөп көктү карап алып,
Сагынган күндөрүмдү санап алып.
Күткүлө бүгүн мына бара жатам,
Бактылуу күлкүңөрдү самап алып.