Поэтерапия: "Бакыраӊ көз татынакай бөбөгүм, Үйүӊдө эмес сен түрмөдө төрөлдүӊ"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

"Поэтерапия" рубрикабыздын каарманы Жыпаркүл Жетигенова болмокчу.

Жыпаркүл Жетигенова 1959-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында төрөлгөн. Акыркы 16 жыл (2004-жылдан 2020-жылга чейин) өкмөткө караштуу Жаза аткаруу тутумунун 2-мекемесинин, башкача айтканда аялдар абагынын камсыздоо бөлүмүндө иштеп келген.

Аталган жетекчиликтин Ардак грамотасы менен, ошондой эле 2016-жылы "Устат - 2020 ", "Мыкты айым" медалдары менен сыйланган. "Ала -Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылынын "Үлгүлүү үй-бүлө", "Данакер Лингво" маданий-илимий коомунун "Аруузат айым", "Асыл зат нуру" медалдарынын ээси. "Алыкул - 100" Ардак громатасын, "Байдылды - 85" алкыш баракчасын алган.

"Күзгү нөшөр", "Ыр сунам" аттуу ыр жыйнактары жана "Абактагы арзуу" романы жарык көргөн.
Учурда ардактуу эс алууда. Үй-бүлөлүү беш баланын мээримдүү энеси.

Түрмөдөгү бөбөккө

Бакыраӊ көз татынакай бөбөгүм,
Үйүӊдө эмес сен түрмөдө төрөлдүӊ.
Түйүлгөндөн тагдырыӊа жазылса,
Айтчы кантем кимге коём күнөөнү?

Заманада чар тарабы гүлдөгөн,
Үй буюрбай ушул кенен дүйнөдөн.
Киндик каныӊ тамган жериӊ кай болот?
Сен төрөлсөӊ ыраӊы суук түрмөдөн.

Айтчы бөбөк кимге коём күнөөнү,
Балким, турмуш, балким, тагдыр күнөөлүү?
Эжелериӊ, байкелериӊ багам деп,
Ууру жасап апаӊ кылды күнөөнү.

Укчу бөбөк, кимге коём күнөөнү,
Балким, жашоо, балким, атаӊ күнөөлүү?
Арак ичип сабай берип тажатса,
Бычак уруп апаӊ кылды күнөөнү.

Эч ким билбей бул жашоого келгениӊ,
Эл сыяктуу берилбеди жентегиӊ.
Апакендин коюнунда эркелеп,
Жада калса тоё эмчек эмбедиӊ.

Азан айтып коюлбады ысымыӊ,
Сүйүнчүгө берилбеди ырымыӊ.
Төрөлгөндөн салды сени убайга,
Апакеӊдин ат көтөргүс кылыгы.

Тор артында өтүп келет бала күн,
Сур дубалга сиӊип келет шыӊгыр үн.
Ойнобойсуӊ эжеӊ менен эрчишип,
Кучагынан чыгарбайт кунарсыз үй.

Эй бөбөгүм, эзип жүрөк турамын,
Күтөт дагы кандай тагдыр тузагы.
Жүрөөрүӊ чын үчкө чейин түрмөдө,
Андан кийин «Балдар үйү» турагыӊ.

Ойлоп, ойлоп ой түбүнө түшөмүн,
Көз алдымда өстүӊ эле бөбөгүм.
Карап туруп сууруп сени кеталбайм,
Жеӊе албадым мыйзамдын зор өкүмүн.

Оо энелер, жашоо берген адамга,
Алдырбачы ачуу деген шайтанга.
Сенин жеӊил мүнөзүӊдүн айынан,
Наристелер төрөлбөсүн абакта.
Балдарыӊар болбосунчу камакта.

Мен өзүм кызматыма карата акыркы 16 жыл өлкөдөгү аялдар абагында иштедим. Албетте, оор. Кызмат катары кадимкидей барып, келип иштеп жүрө берсе деле болот. Бирок чыгармачыл адам болгондон кийин, ар бир аялдын оор тагдырын карап туруп көз жаздымга калтыра албайт экенсиң. Өзгөчө ошол жердеги төрөлгөн наристелерди көргөндө жүрөгүң тилинет. Тагдыр дейбизби, турмуш дейбизби түйүлдүк кезден ушул жерден төрөлүп калуусуна күнөөлүүнү таппайсың. Үч жашка чейин түрмөдө, андан соң балдар үйүнө жөнөтүлөт. Мындан оор нерсе жок. Энесинен чыркырып ыйлап туруп бөлүнөт. Себеби мыйзам ушундай.

Түрмө дастандары

Эй түрмө, түрмө мен иштеген мекеме,
Билип, билбей мен өзүӊө келгем ээ.
Келгенден соӊ кетип кайда барамын,
Бул кызматты жазып койсо чекеме.

Эй түрмө, түрмө мен иштеген мекеме,
Арман, өксүк толуптур го денеӊе.
Күйүтүнөн тарткандары тамеки,
Ыш жыттанып араӊ турат кереге.

Апалар бар далай жашты багынткан,
Айылын, үйүн, уул-кыздарын сагынган.
Ким бирөөсү билип күнөө жасаса,
Кээ бирөөсү ак жеринен чалынган.

Бул түрмөдө карысы бар, жашы бар,
Оттой жанган келини бар, кызы бар.
Жаратылыш текши карайт баарына,
Ошондуктан жайы, жазы, кышы бар.

Жан дүйнөсүн салып чексиз убайга,
Жалынышат тизе бүгүп Кудайга.
Кечир дешет кылган күнөөм жеӊилдет,
Сөз түгөнбөйт күндөп-түндөп сураарга.

Бир кыз келген Ысык-Көлдүн койнунан,
Ал кызды да майда кырсык тооруган.
Чупа-чупс уурдабаса Айнура,
Балким, болмок апакай кыз чоюлган.

Келин болуп жоолук салып башына,
Бүлөө күтүп бала төрөп татына.
Ал чупа-чупс уурдабаса дүкөндөн,
Айнур аты куп жарашмак затына.

Жигит жандап селки болбой калганы,
Бул жашоодо аттиӊ ошол арманы.
Жигитке жар, эне болбой балага,
Аны дагы тагдыр өзү жайлады.

Ооба, бул кыз болбой калды Айнура,
Башын ийген эбак ушул тагдырга.
Куруп калган чупа-чупстун айынан,
«Чупа» деген атка конгон каймана.

Арман ошол ал соттолду төрт жолу,
Бул түрмөнүн ал туруктуу коногу.
Бошонсо эле бир кырсыкка жолугат,
Анан минтип бүтпөй келет жомогу.

Жашы болсо кыркка калды жакындап,
Мезгил мерез учуп барат закымдап.
Чыкса деле эч ким күтпөйт баары бир,
Ошондуктан кетүүгө ал шашылбайт.

Ал тазалап астындагы тезекти,
Ыйбаа карайт жакынындай эзелки.
Менчигине бекигендей жетелейт,
Мекеменин чарбасында эшекти.

Болбой калды ал жигитке колукту,
Бир чупа-чупс жаштык гүлүн соолутту.
Басыгы да эркек сымал өзгөргөн,
Кыз өӊдөнүп кийбейт көйнөк, жоолукту.

Көздөрүнүн нуру өчкөн тунарып,
Жашоо ага түбү жетпес мунарык.
Калбадыбы талкаланып тагдыры,
Келатканда тоту куштай таранып.

Мен бул ырды жазып жатып ыйладым,
Айнураны мен түрмөгө кыйбадым.
Учурунда кечиришсе не болмок,
Тентек кыздын ошол ууру кылганын.

Оо күнөөсүз да күнөөлүү пенделерим,
Болгон дагы боло элек энелерим.
Түрмө деген талкалаган тагдырды,
Жылаанга да бербейт элем эгерим.

Бир тобу бар чокунушат Исуска,
Ырын ырдап жалынышат Кудайга.
Ичтерине ыйман ойноп ылайым,
Кайра-кайра келишпесин бул жайга.

Жаткан жатат, баары жатат түрмөдө,
Майып жаткан тили келбей күрмөөгө.
Окуганда сот чыгарып өкүмүн,
«Инсульт» тапкан өзү кылган күнөөгө.

Аял жатат эл-журтуна таанылган,
Оорусу оор иче карды жарылган.
Көрө албаган көр бийликтин айынан,
Ооруса да эркинен бүт айрылган.

Өзү тапкан бизнесинен ажырап,
Элим деген үмүт ташка чабылат.
Алкы бузук ач көздөрдүн айынан,
Оор дартка, бул абакка кабылат.

Бирөө жатса миллионду жеп алып,
Бирөө жатат бир тоок үчүн камалып.
Түрмө үчүн тартип бирдей баарына,
Бай, кедейиӊ бирдей турат саналып.

Акын жатат капастагы булбулдай,
Жазган ыры эч бир жанга угулбай.
Ак жеринен күйүт басып муӊканат,
Жүрөгүнөн угулбаган ыр ырдай.

Келин алып кыз узатаар убакта,
Көөлгүй басып куда күтөөр куракта.
Бешенемде жазуу буйрук ушу экен,
Жатамын дейт жүрөк сыздап абакта.

Көрүп туруп көрмөксөнгө салалбадым,
Көӊүл ооруп арабөк калалбадым.
Оо энелер төрөгөн баатырларды,
Аяп турам, бирок жооп табалбадым.

Көзүӊөрдөн таамып турат арманыӊар,
Айткылачы, мени неге арбадыӊар,
Оо аялдар, күнөө жасап келсеӊер да,
Мен үчүн айтып бүткүс дастансыӊар.

Батса керек жаныӊа токмок-тепки,
Күчүӊ мокоп чыгарып сен да кекти.
Айла жок күнөө тарттыӊ көрүп турам,
А, балким, тагдырыӊа ошол жетти.

Ууру деген өзү эле жазалбайт го,
Күйөө начар үй-бүлөсүн багалбайт эч.
Айла кетип балдарыӊ ачка турса,
Уурулуктан башка айла табалбай тек.

Ким күнөөлүү ооба, анан ал күнөөлүү,
Аялдарга чогултуп зор күнөөнү.
Алган жары жыргатып бакпайт беле,
Аялына маанек кылбай бул түрмөнү.

Көрүп туруп ызасын аялдардын,
Жан дүйнөмдү дагы да эзип алдым.
Угуп туруп алардын армандарын,
Жүрөгүмдөн толтосун кесип алдым.

Кечиргиле болду эми айталбаймын.

Белгилүү бир журналист мени менен маек куруп жатып: "Эже, сиз иштегенден бери жүрөк ооруткан окуя болду беле?", - деген суроосуна "Түрмөдө канча аял болсо ошончо жүрөк ооруткан окуя" деп жооп бергеним эсимде.

Айланбай калдым

Сөздөрүӊдү жүрөгүмө жазып алдым,
Көздөрүӊдү карегиме катып алдым.
Жолугууга чакыргансыӊ барган жокмун,
Жуурканыма чүмкөнүп жатып алдым.

Ырларымды өзүӊө арнап жазган менен,
Жүрөгүмдү экиге бөлө албадым.
Жашыбыздын айырмасын көрүп туруп,
Аркасынан жакшы күндү көрө албадым.

Чыккан жашты экиге бөлө албадым,
Сенин айткан шарттарыӊа көнө албадым.
Өнүп-өсүп шаар болуп турган кезде,
Кечирип кой, мен сендик боло албадым.

Келбейсиз деп күнөөлөп таарынбагын,
Чалынтпагын өзүӊ дагы чалынбагын.
Элге алынып тамырлап турган кезим,
Жаман атка кондуруп сен азгырбагын.

Башты жерге салбагыныӊ көтөргүнүӊ,
Унутпагын жашымдын өткөндүгүн.
Жалооруп сен жүрөгүмдү оорутпачы,
Билесиӊ го жаштык менден көчкөндүгүн.

Айланам дегем айланбай калдым гүлүӊө,
Арзыбай калдым арнаган сенин сүйүүӊө.
Кеч күздө келип адаштырбачы жолумдан,
Бактылуу болуп саламат-эсен жүргүн ээ.

"Айланбай калдым" деген ырдын тарыхына мындай деп жооп берейин. Акынга бир жылт эткен сезим, илхом келгенде ырга айланып кетет да. Бир жаап өткөн жамгыр. Асмандагы булут. Анын сыңарындай бул ыр дагы бир адамдын мага деген арзуусунан жаралып калган ыр десем болот.

Куйсаңчы сүйүү шарап

Арбын жыл дегдедимби?
Айттырбай келбедиңби.
Армандуу жүрөгүмдүн,
Арзуусун сезбедиңби?
Өмүргө өмүр улап,
Өзүмдө арзуу турат.
Өрт коюп сезимдерге,
Өзөктү өрттөп барат.
Кубантып жүрөгүмдү,
Куйсаңчы сүйүү шарап.

Кечигип келбедиңби?
Кабарың бербедиңби?
Капилет келип алып,
Карачы эзгениңди?
Көңүлгө көңүл улап,
Көөдөндө эргүү турат.
Көп жылдар күтө берип,
Көмөкөй кургап барат.
Кумарды тараталы,
Куйсаңчы сүйүү шарап.

Арманым айткым келбейт,
Артыма кайткым келбейт.
Арзуумду кайрып алдым,
Алдыга шашкым келбейт.
Өзүңдөн алып кубат,
Өрт болуп жанып турам.
Махабат шарабына,
Мас кылып сүйүү сунат.
Кумарды тараталы,
Куйсаңчы сүйүү шарап.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KaGaH
2021-09-16 11:36:06
Калеминиз курчуй берсин эжеке
+5
ayzhan12
2021-09-18 12:22:09
Руханий поэзия экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан