Поэтерапия: "Бүркүт болуп асманга учам депмин....Жанданткандай фейсбугун Цукербергдин..."

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

Кутмырза Жакыбалиев 1984-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында туулган. Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, чыгармачыл жаштардын эл аралык «Нурборбор» академиясынын мүчөсү, «Дүбүрт» ырлар жыйнагынын автору. Жакында “Закым ээрчиген чыйыр” аттуу экинчи ыр жыйнагы жарыкка чыкты.
Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинде уюштурулган «Менин улуттук университетим» аттуу дил баян (сочинение) жазуу сынагында 1-орун (2006); республикалык жогорку окуу жайлар аралык «жаш таланттарды издейбиз» аттуу адабий сынакта Баш байгенин (Гран-при) ээси (2007-ж.); КТРКнын «Жаштык» радио каналы тарабынан уюштурулган сынакта «Жылдын таланттуу жаш калемгери» номинациясынын жеңүүчүсү (2007-ж.); Кыргыз радиосунун 80 жылдыгына арналган «Таланттар таймашы» уктуруусунун Ардак грамотасы менен сыйланган. (2011-ж.). Кутмырза Жакыбалиевдин ырлары казак тилине которулуп жүрөт.
Учурда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы.
Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы.

Жашоо - деңиз

Жашоо - деңиз, мен барам чабак уруп,
Колдор талып, ал кетип калам уюп.
Жазыламын жарк эткен күндү көрсөм,
Тосот нурун камгактай ала булут.

Көлдүн бети чексиздик кыйыры жок,
Мезгил сызат бир мүнөт тынымы жок.
Бирок, аттиң, дүйнөдө болсо кана...
Көңүлдөр бүт суу сымал сыныгы жок!

Тереңдиктер ойлорго салат мени,
Кээде толкун көтөрүп чабат мени.
Бирде бийик чыгарса, бирде чумкуп,
Көкүрөктүн күйүгүп барат деми.

Тумчуктурса мейли эле, кармасынчы...
Шамал коштоп, оң жолго айдасынчы.
Жеңил эмес бул - турмуш билем аны,
Жээкке сүрүп, чыгарып салбасынчы!..

26.02.2018. 15:45

Мезгилдер
Ата-Журт айылыңа кезек –кезек,
Меймандар убагында келет - кетет.
Ар бирин ак ниеттен тосуп алсак,
Алар да мамилени сезет дешет.

Дайыма чогуу эмес бирден келет,
Кур келбей куржунунда бирден белек.
Айрымы бышыкчылык, кай бири ысык,
Аппак кар анан жерге ирмемделет.

Жүрөктүн ыргагында кагышындай,
Өзөндүн өз нугунда агышындай.
Маалында Ата-Журттун сыйын көрөт,
Теңирдин мыйзамында так ушундай.

Мелмилдеп жан дүйнөгө бүлүк кылган,
Ойготуп кытыгылап күлүп турган.
Түйшүгү ызгаар сууктун жүдөтсө да,
Түңүлбөй көздөр күтөт үмүт тунган.

Атам жана тоолор

Алыс калып ой-кыялдар баштапкы,
Турмуш калчап калган учур максатты.
Кетер элем азыр болсо бала кез,
Тоону көздөй токуп алып кашка атты...

Атам атчан, ээрчийм жайдак тай минип,
Тал-теректер салам айтат жан кирип.
Сугат бүтүп, чөп чабык да тез келчү,
Чалгы кайрап, далай колду тилдирип.

Күндөр күнгө куйрук улаш уланды,
Кээде бүркөө, кээде көңүл кубанды.
Бирок эстен кетпейт такыр ал күндөр,
Атама айтпай тердеткеним кунанды.

Жан дүйнөмдүн таянар ак чынары,
Кеттик ата, ат минип бастыралы.
Баягыдай өзгөрбөй жатса керек,
Кайыңдынын керемет капчыгайы.

Туюк-Төрү, Теке-Төр, Жыландысы,
Шардан бери Кашка-Суу уландысы.
Тескейинде тизилген карагайлар,
Мейкининде айланат кыраан кушу.

Эстегенде сезимдер алып учкан,
Моюн бербей тоскоолго айыгышкан.
Атам менен дагы көп тоого барсам,
Айыгармын курчаган сагынычтан!..

Токойдогу интернет.

Мышык айтат үргүлөп эстегенин,
Карала уй мактанат кепшегенин.
Айрымдары кезерип ачка жүрсө,
Карышкырлар жар салат эт жегенин.

Карагыла бырыш жок жашардым деп,
Өтө кымбат акчага жасандым деп.
Түлкү жүрөт коёнду теңине албай,
Куулук менен багымды ачармын деп...

Бүркүт болуп асманга учам депмин,
Кубалап мага жеткен куш ЭР депмин.
Дегенине уялбай короз жүрөт,
Жанданткандай фейсбугун Цукербергдин...

Эмгектенбей жору айтып тарп жегенин,
Кузгун күндө чыгарат "карк" дегенин.
Кошоматчы топ чөөлөр жар салышат,
Жырткычтардын төш кагып айт дегенин..

Жан-жаныбар интернеттен ошентип,
Бир-бирине алакасын жүргүзөт.
Өзгөлөрдү оюнда жок кошор түк,
Жеген ашын мактангандар күйгүзөт!.

Бал аары

Жаштык кезде гүлгүн курак бүрдөгөн,
Адам жоктур жүрөк туйлап сүйбөгөн.
Көп акындар салыштырат тамшанып,
Аялзатын бажырайган гүл менен.

Элестетип ажайып кооз талааны,
Кыздар гүл да, балдар болсо бал аары.
Ал аарылар гүлдүн соруп ширесин,
Сызып жөнөйт үзүлгөнчө карааны.

Уйгу - туйгу учат тынбай аарылар,
Табылса деп балдай ширин даамы бар.
Конбой кеткен гүлдөр түңүлбөгүлө,
Силерге да коно турган аары бар!..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан