"Кайсы кесип жагарын билбей эле борборго келип алган айылдык кыздардын бири мен болчумун" дейт Кытайда окуп жаткан кыргыз кызы (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Татыктуу билим алып, керектүү адистикке ээ болуу - бүгүнкү күндүн талабы. Ал эми ага жетүү үчүн чет өлкөдө билим алуу чоң эмгекти жана түйшүктү талап кылары айтпаса дагы белгилүү. SUPER.KG порталынын бул жолку каарманы азыркы учурда Кытай мамлекетинин Гуанчжоу шаарындагы Сунь Ят-сен университетинде билим алып жаткан кези. Максаттарын ишке ашыруу үчүн талыкпай изденип, кыялдарынын артынан сая түшкөн кыргыз кызы Элгиза Бейшенбек кызы менен болгон маекти сунуштайбыз.

Элгиза Бейшенбек кызы 24 жашта. Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу кереметтүү Алайкуу өрөөнүндө төрөлүп, чоңойгон. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин чыгыш тилдер бөлүмүн аяктаган. Үй-бүлөлүү.

- Элгиза, саламатсызбы? Учурда кайсы өлкөдө, кайсы тармакта билим алып жатасыз?

- Саламатчылык, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин чыгыш тилдер бөлүмүн аяктаган соң Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Сунь Ят-сен университетине лингвистика жана колдонмо тил илими багытына магистратурага өттүм. Учурда студентмин.

- Кытайга болгон билим сапарыңыз тууралуу айтсаңыз. Эмнеден улам ал жакта билим алууга максат койдуңуз эле?

- Кытайга сапарымдын тарыхы узун десем болот. Эң алгач алты жашымда ата-энем менен баргам. Анда максатыбыз башка болчу. А окуу максатында 2-курста (бакалаврда) Кытайдын түндүк-чыгышына Цзилинь университетине exchange (студенттерди алмашуу программасы) программа менен бардым. Чет өлкөлүк студенттер үчүн атайын каралган Конфуций институтунун стипендиясын алчумун. Бир жыл тил үйрөнүү, маданият таануу, жер көрүү менен өттү. Кыргыз өлкөсүнө кайтып барып, бакалаврды бүтүрүп, кайра магистратурага Кытайдын түштүк жагындагы бир шаарга барууну чечтим. Шанхай жана Гуанчжоу шаарларынын университеттери жөнүндө изилдеп, Гуанчжоу шаарына токтолдум. Магистратурага окуу үчүн Кытайдан биздин Билим берүү жана илим министрлигине орундар берилет. Ал жакта сынак аркылуу тандап алынат. Мен ал сынактан өтпөй калгам. Себеби күлкүлүү (күлүп).

Сынакта "Эмнеге сени тандашыбыз керек?" деген суроого канааттандырарлык жооп бере алган эмесмин. Дил баянга баарын жаздым, сертификаттар, экзамендин жыйынтыктары колдорунда турат, дагы бир нерсе кошумчалоонун кереги жок болсо керек деп ойлогом да. Бул мага чоң сабак болду.

Учурда окууга тапшырууга даярданып жаткандарга кеңешим, колуңуздан эмне келет, эмне кылууну пландап жатасыз, кандай жетишкендиктериңиз бар, ошолорду сынак учурунда эч тартынбай айтыңыз.

Ошентип бир эле мүмкүнчүлүк калды. Ал дагы өзүм, университет менен түз байланышып, алар талап кылган документтерди даярдап, сынактарынан өтүш керек. Сунь Ят-сен университетинин талаптары жогору болду, HSK6 (Кытай тилин билүү даражасы боюнча сынак, Toefl, ielts сыяктуу), HSKK (Кытай тили боюнча оозеки экзамендин жогорку баскычы) ар кандай сынактардан сертификаттар жана албетте, окуудагы жетишкендик табели. Ошол окуу жылы кытай тили факультетине магистратурага 5 студент өттүк. 2 вьетнам, 1 тай, 1 орус улутундагы студент жана мен. Бул ирет Кытай өкмөтүнүн стипендиясын алдык.

Эмнеге бул өлкөдө окууну чечтим? Биринчиси, кесибимди андан ары өнүктүрүүгө башка вариант жок. Андан кийин "миң уккандан бир көргөн артык" дейт эмеспи, стереотиптерден арылгым келди. Алар чынында кандай эл? Кытайдын түндүк жагында бир топ шаарларды, айылдарды көрүп, түштүк жагын көрүүгө ниет кылып койгом. Себеби ар бир провинциянын тил жактан, жашоо-шарт, тамак-аш, климат, салт-санаа жактан айырмасы аябай билинет. Билүү, көрүү кызыктуу болду. Анан дагы саат сайын өнүгүп, өзгөрүп жаткан мамлекеттин кантип ошол нерселерди кылып жаткандары кызыгуу жаратты.

- Тил үйрөнүү чоң эркти, анан аракетти талап кылат эмеспи. Ал эми Кытай тилин үйрөнүү жогоруда айтылгандарды эки эсе көп талап кылат деп ойлойм. Айтсаңыз, кытай тилин өздөштүрүүдө кандай методдорду колдондуңуз?

- Кайсы гана чет тили болбосун бат жана терең үйрөнүп кетүү өз эне тилиңди жакшы билүүдөн башталат деп ойлойм. Себеби алгач тилдин логикасын түшүнүш керек. Ал өз тилиң менен салыштыруудан башталат. Үйрөнүп жаткан тилдеги сүйлөмдүн курулуш ирети кандай, бизде кандай деген суроолорго жооп таап окуса ылдам болот. Кытай тилинин фонетикасы менен жазуусу эле оор болбосо, грамматикасы кыргыз тилине караганда өтө эле жеңил. Жөндөмө, таандык, чак, жак мүчөлөрү жок. Алардын ордуна жардамчы этиштер, сөздөр эле колдонулат. Ал эми бир сөздүн 5-6, кээде 10дон ашык айтылышы жана жазылышы болгону кытай тилинин өзгөчөлүгү. Ар бир эле тилде "эмнеге андай?" деген суроого жооп табуу мүмкүн эмес болгон өзгөчөлүгү болот. Аны жөн гана кабыл алыш керек.

Мен колдонгон өзгөчө метод жок. Болгону кытай тили боюнча окуу китептерин жакшы колдонуш керек. Мыкты, системдүү иштелип чыккан окуу китептери көп. Баштаганда сөзсүз оор болот. Мен дагы биринчи жылы үйрөнө албай таштап койгум келген учурлар көп болгон. Бирок бир учур келет, ошондон өтүп алган соң кыйынчылыгы деле жок.

Нөлдөн баштагандар үчүн кытай тили эне тили болгон мугалимден үйрөнгөнү туура. Себеби фонетиканы башынан жакшылап тилге "отургузуш" керек. Мугалим дегеним, бардык эле кытай улутундагылар адабий тилде так, туура сүйлөй беришпейт. А мугалимдер атайын даярдоодон өтүшөт. Иероглифтер темасына келсек, жогоруда айткандай эле анын логикасын түшүнүш керек. Кайра-кайра жазып жаттаганга караганда аны бөлүктөргө бөлүп, эмнеге ушундай жазыларын билип жаттаган оңой. Себеби көп иероглифтердин сүрөттөрдөн келип чыкканы, бир окуя ойлоп таап, элестетип жазып үйрөнүүгө жардам берет.

- Сизди алдыга сүйрөгөн, чарчаганда күч берген, кыялдарыңызды эстетип турган өрнөгүңүз эмне?

- Жашоодо атам, апам, алардын мени окутуу үчүн кылган аракеттерин эстесем стимул болот. Ал эми кесибимде салыштыруудан мотивация алам. Кытайда кытай тилин өнүктүрүү, изилдөө, жайылтуу боюнча аябай чоң масштабда, узун убакытка байланган пландар иштейт. Каражат көп бөлүнөт. Биздин эле университетте тил илиминин жаңы багыттарынын бири нейролингвистика аябай өнүккөн. Эксперименттер үчүн жабдуулар, окуу класстардагы шарттар, Европанын, АКШнын профессорлорун алып келип лекция окуткан учурларын көрүп, кана эми Кыргыз өлкөсүндө кыргыз тилин өнүктүрүүгө, изилдөөгө ушундай мүмкүнчүлүк болсо, илимпоздорубуз баркталса деп кыялданып алам.

Ким кайсы тилди үйрөнсө, кайсы тилде сүйлөсө да эне тилин, тамырын унутпай жүрүүсүн каалайм. Биздеги окуу систем, мектептеги шарттар, университеттеги мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууга, учурда билим издеп чет жакка кетип, жаңы нерселерди үйрөнүп кайра мекенге кайтып сонун-сонун нерселерди ишке ашырып жаткан замандаштарыбыз шык берет.

- Байкоолорго караганда кесип тандоого келгенде эле бүтүрүүчүлөр да, ата-энелер дагы кыйын абалга туш болушат. Кайсы кесип жакшы деп тандай албай кыйналышат. Ар бирибиз ушул процесстен дагы өткөнбүз. Сиз бул багытта кандай кеп-кеңештерди берет элеңиз?

- Кесип тандоо жөнүндө кеңеш айтуу мага оор. Себеби өзүм окууга тапшырууга келгенде кайда барарымды так билген эмесмин. Бир эле максатым бюджетте окуу болчу. Эмне каалаганыңды, кайсы кесип жагарын билбей эле борборго келип алган тоолук, айылдык балдардын бири мен болчумун. Кыскасы, бюджетке өтсөм болду дегем.

- Кызыктуу окуяларыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

- Кызыктуу окуялар көбүнчө менин кебетемди кытайлар өздөрүнө окшоштуруп алгандан болот. Бир жолу жолдошум экөөбүз анын мугалимине бардык. Көпкө сүйлөшүп отургандан кийин жолдошума айтып жатпайбы "Мен экөөңөрдү бир улуттан (кыргыз) болсо керек деп ойлодум эле" деп. Анан мен дагы кыргызмын деп ишендиришке туура келген.

Мен путунхуа же нормага салынган адабий тилде сүйлөйм, китептерди окуйм, университетте сабактарда ошол боюнча сүйлөйбүз. А Гуанчжоуго башка аймактардан келген адамдар аябай көп болгон үчүн өздөрүнүн диалектисин, акцентин аралаштырып сүйлөшөт. Мен адабий тилди, жолдошум "көчө тилин" жакшы өздөштүргөнбүз. Экөөбүз бир жакка чыгып калганда таксиде, базарда, ашканаларда мен көп учурда түшүнбөй калам, жолдошумдан эмне деп жатат деп сурайм. Бир жолу сатуучу эже мага карап көп эле нерсе сүйлөдү, мен түшүнбөй жолдошумдан сурасам тиги эже аябай күлөт. Анын оюнда жолдошум чет өлкөлүк, а мен ага котормочу болуп иштейт деп ойлоп, мени карап сүйлөй бериптир (күлүп).

- Каалабасак дагы коронавирус темасына кайрылып кетели. Учурда Кытайда эпидемиологиялык абал кандай?

- Белгисиздик баарын эле дүрбөлөңгө салат. Алгачкы толкун башталганда университетте болчубуз. Коронавирус илдети аныкталып, жайылуу башталганда дароо катуу чаралар көрүлгөн. Алгачкы күндөрү дарыканаларда ар бир адамга беш даанадан ашык бет кап сатылбай калган учур да болду. Университеттин ичинде кирип-чыгуу көзөмөлү катуу болуп, кийин таптакыр жабылды. Биздин жатаканада чет элдик студенттердин көпчүлүгүн кетиргенге аракет кылды. Учурда дагы көзөмөл бар. "Кызыл линия" деп аталган аймактардагы студенттерге келүүгө тыюу салынган. Калганы адаттагыдай эле окууларын башташты. Акырындап калыбына келе баштайт деп ойлойм.

- Кыялдарынын артынан сая түшкөн кыргыз кызына бекем ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалайбыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан