Поэтерапия: "Кыйналдым деп сенден кайда качамын, Тирүү туруп сенсиз кайда батамын"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

"Поэтерапия" рубрикасынын бүгүнкү каарманы - акын Низамидин Мурзаев. Ал калем учу менен сезимдерин, жан дүйнөсүндө болуп жаткан сырларын кагазга түшүргөн акындардын бири. Андан сырткары ал тажрыйбалуу мугалим, филология илимдеринин кандидаты, Алыкул таануучу, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Эл агартуунун отличниги, бир нече адабий сыйлыктардын ээси.


"Ар бир адамдын жашоосу кино сымал. Болгону режиссёрлук кызматты адам өзү аткарат" деген сөз бар. Акын болуу да Кудайдын кудурети. Анткени бул нерсе баарынын колунан келе бербейт. Низамидин Мурзаев кантип акындык өнөрдү аркалап калды дей турган болсок, эң биринчи канынан жаралган нерсе, экинчиси эмгектин, талыкпастыктын жыйынтыгы. Ал куюлуштуруп сүйлөгөн сөзмөр чоң эненин небереси болгон. Мектепте окуп жүргөн кезинде китепкананын баарын аңтарып, чыныгы адабият менен таанышып чыккан.

АЯЛГА
Мен ойлойм аткан таңды, чыккан күндү,
Кете албай ашык болгон өзүм өңдүү.
Күн сайын тегеренип чыгабы дейм,
Чырайга чыгарууга бүт көркүңдү.

Сен деп жашап өтүп жатат бүт күнүм,
Сен деп ырдап, ырдай берип бүттү үнүм.
Бүт өмүрүм сенин ысмың көркөмдөп,
Сага чырак болуп турсун бүт сүйүүм.

Жер сага окшойт - оордукту оордобой,
Суу сага окшойт - таза, керек, колго оңой.
Күн сага окшоп мээрим төгөт жашоого,
Өзүң гана кээде өзүңө окшобой.

Сулуулугуң тиктей берип көз түтпөс,
Улуулугуң айта берип сөз бүтпөс.
Эне, аялдын бут алдында бейиш бар,
Дейт хадисте, жетпейт буга башка сөз.

Жаш акындар сени ырдап картайды,
Жакшы акындар сени даңктап даңк алды.
Ар бирөөнүн кайталангыс сөзү бар,
Өзүм айтам, сага өзүм айтаарды!

Улуттук университеттин филология бөлүмүндө окуп жүргөн кезде ыр жазуу техникасы бир топ өсүп, жарышка чуркачу аргымактай тапталат. Беганас Сартов жетектеген жаш акындардын "Тоо жылдыздары" клубунда ырларын ыр ышкыбыздоруна окуп берип, аларды суктанткан учуру көп болот. Окууну бүткөндөн кийин илимпоз болсом, шаарда калсам деген максаты ишке ашпай калат. Себеби айылда ата-энеси күтүп жаткан болот. Ошентсе да айылда 40 жылга жакын мугалим болуп иштеп, жубайы Назгүл эжей экөө эл керегине жараган мыкты уул-кыздарга тарбия берет.

Сак бол, сак бол, кагылайын Кыргызстан!
Мейли күлүп, далыга чаап сүйлөсүн,
Ичи арамдар коюнуңа кирбесин.
Көз тумарым сага бердим, Мекеним,
Көз арткан көп, көзү сага тийбесин!

Төбөлдөрүң сени кандай сүйбөсүн,
Төшүн кагып: "Сүйөмүн", - деп сүйлөсүн.
Сак бол! Сак бол! Кагылайын Кыргызстан!
Атып, сатып, качып кетип жүрбөсүн!

Кыйналдым деп сенден кайда качамын,
Тирүү туруп сенсиз кайда батамын.
Мен өлгөндөн кийин дагы, Ата-Журт,
Сени сүйүп, сени коргоп жатамын!

"Атанын салган жолу бар, эненин бычкан тону бар" деп айтылгандай, Низам агайдын адамдык сапаттарынын, мекенге болгон сүйүүсүнүн калыптанышында атасынын орду чоң. Атасы Токтобек Мурзаев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, мергенчи, мугалим, бригадир, токойчу, кээде кагаз чиймелеп, ыр жаза койчу, эч кимге билинбеген таланты бар өзгөчө адам болгон.

АТАМ

Таң азандан ишке жөнөп күнүгө,
Өмүр берип, өнөр кесип түрүнө.
Кайтаарында жем тиштеген чымчыктай,
Алма, токоч ала келген үйүнө.

Тирүүлүктүн өлбөс ыйык наркы үчүн,
Тирек болуп жашоо менен сүйүүгө.
Адал таап, таза кийим кийдирип,
Аз тапса да, адал тамак ичирип.

Ынтымактуу уя кылып өз үйүн,
Ырыскылуу ак ниет турмуш кечирип,
Камкордуктун, адилдиктин туусу - атам,
Мага ошондой улуу, кымбат сезилип.

Он баланы ойдогудай бага алган,
Он баласы андай бакпайт, ал - арман.
Ата - жоомарт, бала - ноомарт, бала - үчүн,
Бакыт ата батасынан жаралган.
Үйдүн куту, үй түркүгү энекем,
Бу жашоонун туткасы атам боло алган.

Низамидин Мурзаевдин тарбия, табият, жаштык, сүйүү темаларына арналган көптөгөн ырлары бар. "Келечек муундарга эки нерсе бере алабыз: эң жакшы тарбия жана Ата Мекен. Туулган жердин ыйыктыгын билиш үчүн адамдык парзың, аны туя билген көкүрөктө акындык назик сезим болуш керек. Туулган жериң уюгуң, уюткуң, өзөгүң, дем берген күчүң, балалыгың өткөн, нарк-насилди үйрөнгөн жериң, куш болсоң барып коно турган уяң" дейт Низамидин агай.

Мекеним жүрөктөгү жалгыз ырым,
Калган ыр анын бутак жалбырагы.
Ырдалып келсе деле сансыз кылым,
Ырларым бүтпөйт жазган ал тууралуу.

Мекеним жүрөктөгү жалгыз ырым,
Бакытым, бар байлыгым, болгон күнүм.
Жашоодо түгөнбөгөн гүл азыгым,
Азапка, кубанычка толгон сүйүүм.

Жүрөктө катар жатат эки дүйнө,
Күрөштө күтүрөгөн базар шаары.
Тынч күндө унутулуп катуу күндө,
Тирүүгө тирек болгон мазарлары.

Элим бар мага байлык дайым ушу,
Мен ага бакыт, оомат, жыргал тилеп,
Жан-дүйнөм тынчтык бербей жайы-кышы,
Түшүмө түбөлүктүү ырлар кирет.

Калемдештери менен

Низамидин агайдын акындардан баа берип, суктанып окуганы Алыкул Осмонов болот. Анын акындык чеберчилигине таң берип жүрүп ырларын жатка билип калат. Агай Алыкулду изилдеп жүрүп 21 жыл дегенде 7 бөлүмдөн турган "Кыргыз акыны" деген салмактуу поэма жазат.

ТАБИГАТ ЫРЫ

"Өлгөндө сенин таттуу жытыңды,
Жаткым келет көкүрөккө кучактап."
(А. Осмонов. "Ата-Журтум").

Борошодон жаман кабар кеп угуп,
Тоо солк этти, акын өлдү деп угуп,
Тоо жоголсо, бүт кыргыздын ичинен,
Тоо издеген жалгыз ушул туулуп.

Кербенчинин төөлөрүндөй тоолордо,
Атың калат бийик, сүрдүү угулуп.
Суук желден суук кабар сөз угуп,
Көл толкуду, албууттанып буулугуп.

Көлгө акындай ынак курбу жок эле,
Жер баскандан адам болуп туулуп.
Сен жарыңдан ысык сүйгөн көлүңдө,
Ырың калды терең, сырдуу туюлуп.

Эс алганы тоого кайтып келбейсиң,
Кымыз ичип, сөз гүлүнөн тербейсиң.
Бирок, тоодой бийик болуп атагың,
Тоо бар кезде, тоолук барда өлбөйсүң!

Ыр жазганы, эми Көлгө келбейсиң,
Аппак тармал көл толкунун көрбөйсүң.
Бирок, көлдөй терең болуп сөздөрүң,
Көл бар кезде, кыргыз барда өлбөйсүң.

Тоо салмагын, байлык, баркын билгендей,
Алп тоолордун бийиктигин сүйгөндөй.
Жел калтаарып өтө алгыс чокудан,
Заманыңды тик карадың ийменбей.

Көл жыргалын, жылуулугун сезгендей,
Койнуна алып, сүйөм жарым дешкендей.
Маржан болуп колдон учкан бир доордун,
Түпкүрүндө жүгүн тарттың сезгенбей.

Кыл чокуда бийиктен ой кенендир,
Тээ түпкүрдө чуңкурдан сыр тереңдир.
Тоо менен көл жуурулушуп келгенде,
Бийигиңе, тереңиңе ченемдир.

Кыз сүйгөндөй, сүйөм көлүм, сүйөм деп,

Ыр жазчусуң көзүңө көл элестеп.
Тоодо атың, көлдө айкелиң турбаса,
Кийинкиде эмне адамдык касиет!

Өз кадырын өзү билип тургандай,
Сөз салмагын өзү ченеп туйгандай.
Низамиге, Шота менен Пушкинге,
Түбөлүккө катар тургун уялбай!

Тарынчааксың, тартынчааксың алп туруп,
Көзүң барда күйбөсө да бар туруп,
Жоктоп ыйлап тим болбостон өзүңдү,
Арбагыңды колдоп турат Ата-Журт!

Жакында Низамидин Мурзаевдин эки китеби басмадан чыкты. Алардын бири акыркы он жылда жазган ырлары жана беш поэмасы жазылган "Чымчыгым" аттуу китеби. Бирөөсү дил баян жазуунун практикалык маселелери иштелген илимий китеп. "Чымчыгым" китебинин аталышын агай төмөнкүчө түшүндүрөт: "Бул менин жан-дүйнөмдүн үнү.

Бирөөнүн ичинде бар крокодил,
Бирөөдө арстан, жолборс, ажыдаар бил.
Түлкүсү, карышкыры, доңузу бар,
А менин чымчыгым бар, чырылдап жүр".


Эркиндиктин куту жана куну

(Публицистикалык поэмадан үзүндү)

Ичимде чымчыгым бар пырпыраган,
Чындык деп түшө калып чыркыраган.
Жакшы ишке жан дилинен сүйүнүүчү,
Жаманга бүт тамыры зыркыраган.

Чымчыгым пырпыраса мен пырпырап,
Чымчыгым чыркыраса мен чыркырап.
Мен дагы сүйүнчүмүн ал сүйүнсө,
Көнгөнмүн зыркыраса тең зыркырап.

Чөөлөрү арстандарын атып жатса,
Хандары атып, сатып качып жатса.
"Кыйындар" жегенге эле кыйын чыкса,
Байкуш эл жакырлыкка батып жатса.

Карысын кары үйүнө ташып жатса ,
Баласын башка бирөө багып жатса,
Бүлөсүн Үркүндө да таштабаган,
Кыргыздын айкөл пейли тарып жатса,

Себебин таба албастан пырпыраган,
Чындыгын биле албастан чыркыраган.
"Бул эмне куну кеткен заман болду?" –
Деп мен да бүт тамырым зыркыраган.

Жер-суусун инвестору булгап турса,
Салыгын салык курсак уурдап турса.
Мамлекет карыз болуп жаткан сайын,
Чиновник жин тийгендей жыргап турса,

"Деп-утат" акча чачып шайланганда,
Кайра анан жеп-жутатка айланганда,
Шайлоочу өз көйгөйүн айталбаса,
Дудуктай өз тилинен байланганда.

Чымчыгым жөн тура албай чыркырайт да,
Тамыры талыганча зыркырайт да.
Ук-укпа элге мындай кыйкырган ал,
Туралбай бир орунда пырпырайт да:

Э-эй! Акча үчүн Президент шайлагандар!
Укугун өз напсиси байлагандар!
Коррупциянын башы силерсиңер –
Өз шору арам ашка кайнагандар!

Эй, аракка депутат шайлагандар!
Кимиси көп куят деп пайлагандар!
Силерсиңер мамлекетти талкалаган,
Балдардын келечегин жайлагандар!!!

Чымчыгым жөн тура албай чыркырайт да,
Канаты талыганча пырпырайт да,
Жүрөктү чокуп кирет тынчтык бербей,
Жүрөгүм ошого ооруп зыркырайт да.

Бөтөндөр карды ач келген марып жатса,
Жерлерин, кен байлыгын алып жатса,
Иш таппай өз жеринен кетип жатса ,
Кыргызга кыргыз жери тарып жатса.

Келгиндер кыз-келинин алып жатса,
Алтыны чет өлкөгө агып жатса.
Байлыктан куру калып ишенчээк эл,
Кайра өзү карыз болуп калып жатса.

Ишенген төбөлдөрү саткын чыкса,
Коңушу, “мейман”, “досу” баскын чыкса,
Чондоруң жеп ичкени билингенде,
Чөнтөккө салып алып качкын чыкса.

Алтынды тонна-тонна уурдагандар,
Акчаны миллиондоп “суулагандар”.
камалбай, шору каткан тоок уурдап,
Түрмөдө өмүр бою ыйлаган бар.

Ынтымакты кааласаң – бир болосуң,
Уурдаганды кааласаң – чыр болосуң.
Колдон кетсе кайрылбайт эгемендик,
Эркиндикти кордосоң – кул болосуң!

Бирөөнүн ичинде бар крокодил,
Бирөөдө арстан, жолборс, ажыдаар бил.
Түлкүсү, карышкыры, доңузу бар,
А менин чымчыгым бар, чырылдап жүр.
Чымчыгым ыйлап жүрөт, ыйлап жүрөт,
Өз жанын билбейм неге кыйнап жүрөт.


Сыясы кургай элек китебинде "Улуу сөз" аталышында ыры бар. Акын бул ырды Чыңгыз Айтматовдун "Канткенде адам уулу адам болот" деген суроосуна жооп катары жазганын айтат.

Улуу сөз

Адам уулу ошондо адам болот:
Жашоого келсе адамды сүйүү үчүн.
Кудайын тез тааныса, иши оңолот,
Ибадат кылып күндө жүрүү үчүн.

Адам уулун өзүндөй сыйлап турса,
Адам уулу ошондо адам болот.
Өзүнө каалаганды ага сунса,
Башына кетпес бакыт анан конот.

Башынан даяр болсо акыретке,
Адам уулу ошондо адам болот.
Адамча жашай алса ар ирмемде,
Ошондо адам уулу адам болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан