"Менчелик түшүнөбү?"
Жарыгым, ишендиңби сөзүнө, күчүнөбү,
Жаңылбай так айта алам кеткенсиң үшүгөнү.
Көзүңөн салаа-салаа мөлтүрөп жаш кеткенде,
Көңүлүң айланчыктап, менчелик түшүнөбү?
Кол шилтеп таштап кетпей жашоого тырышабы?
Колуктум, берекем деп жүрөгүң жылытабы?
Кооз сүйлөп, эртең чанып, кеткенде азап чегип,
Кооздукту сүйгөн жаның көңүлүң бырышабы?
Бакыттын эшиктерин баатырың ачтырабы?
Баркыңды мендей билип барыңда жактырабы?
Бааланбай сезимдерим баткакта оонаса да,
Бар чыгар мени сүйгөн сенден да жакшыраагы..
"Өзгөчө жансың..."
Тынч жаткан сезимимди термеп эчен,
Карааның ак сүйүүмө эрмек экен.
Капилет сенин көзүң көрбөгөндө,
Калдайып агып кете бермек экем...
Айтпаган сезимимди камчылатып,
Аябай мээримимди тамчылатып.
Көзүмдү ала качып араң карайм,
Өзүмдү өзөртүп көп жанчып атып.
Кучагың өздүк кылып кысып бекем,
Куйкаланып демиңе ысып кетем.
Аяз күнү жашындык үйүбүзгө,
Ак сүйүүдөн салынган бышык бекем.
Тынч жаткан сезимимди термеп эчен,
Карааның ак сүйүүмө эрмек экен.
Капилет сенин көзүң көрбөгөндө,
Калдайып агып кете бермек экем.
"Коштошуу"
Кош дедиң, бекем кыстым соолуган кучагыма,
Колуңду булгаладың. Шашылдың учагыңа.
Коё тур дей албадым, көкүрөк түтөп-түтөп,
Сезимим сунуп бердим тагдырдын бычагына.
Койнуңа кирген жашты алакан аарчып анан,
Коштошуу арабасын айла жок тартып араң.
Кооздугу дүйнөбүздүн быркырап урап түштү,
Коштошуу сүйүүбүздүн баасына арзыбаган...
Буркурап көңүл ыйлап, боюмду таштап жардан,
Кулпулап жүрөгүмдү алыстап таштак жайдан.
Көңүлдү апапакай кирдеткен кара чекит,
Кол үздүм коштошууну буюрган баткак жайдан.
Кош дедиң, бекем кыстың жаш толгон кучагыңа,
Колуңду булгаладың, шашылдың учагыңа...
"Агама кат"
Оо, агатай, бүгүн сен отуздасың,
Оокат издеп, корогондой отуз жашың.
Ден соолукту талкалап, бүлүндүрүп,
Демиң өчүп,
Жаштыгыңды турмушка жүгүндүрүп.
Жүрөгүңдү кыйнап жашап,
Мизиң мокоп,
Жактырбаган ишиңден кыйгактатат.
Жарды болбой турмушуң толгон менен,
Жан дүйнөңдүн чатыры кыйрап жатат.
Көр турмуштун ызаасын араң сүйрөп,
Көңүлүң муз, өзгөгө жаман сүйлөп.
Сезимдерди майдалап быркыратып,
Сенек болуп,
Секелекти ичиңде тырпыратып.
Көңүлүң ыйлаак качат,
Көкүрөк көңдөй бошоп,
Секелектин колдору көөдөндү тырмап жатат.
Көздөрүңө күн тийип, күлүмүш болгон менен,
Көңүлүңдө жаш бала көздөрү ыйлап жатат.
Турмуштун торун кесип, тумчукпай бошонуп чыкпайсыңбы,
Турагой деп, суу себип, соолуган жүрөгүң укпайсыңбы.
Жаштыгыңды жаркытып, жандандырып,
Жаш баланы ойготуп,
Көңүлдө ойнотуп шаңдандырып.
Кыңылдап ырдап жашап,
Кыйшаңдап бийлеп коюп,
Бырс күлүп, жыргап жашап.
Кыйратып дүйнө күтүп, мас болбой мурасыңа,
Сырдашып ичиң менен бактылуу чындап жашап.
Кел, ага, турбайсыңбы,
Бекинип жата бербей,
Бактылуу жашооңду курбайсыңбы...