Поэтерапия: "Селт этемин жазган катың көргөндө, Түркүн ойлор жүрөгүмдү сыздатып..."

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасында бул жолу акын Назгүл Осмонова ырларынын жаралуу тарыхы тууралуу айтып берет.

Назгүл Осмонова – акын жана журналист, котормочу. 1972-жылы Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. 1995-жылы Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. "Обон", "Сериал", "Де-факто", "Мекен-инфо", "Багыт", "Тура" гезиттеринде, "Чыгыш адабияты жана искусствосу" басма компаниясында журналист, башкы редактор, жооптуу редактор болуп эмгектенген. "Күн түнөгөн жүрөк", "Жетим көпөлөк", "Чаалыккан кыялдар", "Каркыра-Мезгил" ыр жыйнактарынын автору. Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты, жаш жазуучулардын "Ала-Тоо-97" фестивалынын баш байгесинин ээси. Кыргыз Республикасынын "Маданиятынын мыктысы".

Мекеним

Буюккан муңун көтөрүп,
Буулуккан ушул жылдардын.
Ата Журт күлсө мен күлүп,
Ыргалса кошо ыргалдым.

Кайгысы элдин каржалтып,
Калпынан качтым жыргалдын.
Кан менен кошо айланып,
Канымда кошо ырдалдың...

– Жаңыдан бой тартып, турмуштун ак-карасын түшүнүп калган жылдарым заман өзгөрүп, коомдук түзүлүш кыйраган токсонунчу жылдарга туш келди. Калдайган СССРдин карааны бир күндө кулап, аны тирек туткан миллиондогон адамдардын катарында биз, кыргыздар да өз арбайыбызды согуп баштадык. Мына ошол күндөн азыркы күнгө чейин эле басар жолубуз, багытыбыз белгисиз болуп келатканы чындык. Эгемендүүлүк алдык дегенибиз менен, анын баа-баркын, маани-маңызын, эркиндиктин кымбаттыгын сезе элекпиз. Сезүүгө аракет да кылбай жаткандайбыз. Заман капшабын айрыкча, эски доордун түшүнүктөрү менен ойлонууга көнүп калышкан чыгармачыл адамдар сезимталдык менен кабыл алып, бир топ машакатка түшөт экен. Кээ бирлери такыр эле кабыл ала албай, бул жашоого кол шилтеп койгондору да болду. Мага болсо, эркиндик – жуткан абамдай, ичер суумдай зарыл жана кымбат. Акындар үчүн эркиндик эң кымбат нерсе. Мына ушуну акын-жазуучуларыбыз кылдат пайдаланып, мыкты чыгармаларды жаратып калышса кандай сонун болмок. Бул ырымда эл кандай күндү баштан кечирсе, мен да ошол күндөр менен жашадым деген гана ойду айткым келди.

Махабат тумары

Сөздөр өлгөн көкүрөктө, көөдөндө,
Аралыктар махабатты муздатып.
Селт этемин жазган катың көргөндө,
Түркүн ойлор жүрөгүмдү сыздатып.

Деңиз болсоң толкундарың шарпылдап,
Кучагына албай калды ынагым.
Көр тирилик көйгөйүндө салкындап,
Жоготтукпу махабаттын тумарын?

Сөздөр өлгөн көкүрөктө, көөдөндө,
Селт этемин жазган катың көргөндө...

– Акындын ар бир ыры, ар бир сабы турмуштан, болгондо да өзүнүн баштан кечирип жаткан жашоосунан алынганда гана окурманга ынанымдуу болот чыгар. Бул ыр да мына ошондой мен баштан кечирген, дагы деле кечирип жаткан жашоомдон бир үзүм, жүрөктүн шыбыры, балким, селт эттирген, чыйрыктырган муңудур. Дүйнө ааламдашып, тээ эзелтеден келе жаткан баалуулуктар өзгөрүп, үй-бүлө мүчөлөрү ааламдын туш тарабына чилдей бөлүнгөн шартта менин үй-бүлөм да мындай көрүнүштөн сыртта калбады. Негизи ырга түшүндүрмө берүүнүн кажети жок. Саптар ынанымдуу көркөм чыкса, окурман саптардын артында эмнелер катылганын өзү аңдап-түшүнүп алат. Анан ырда баарын айтып койбой, окурмандын ой жүгүртүүсүнө да мейкиндик калтыруу керек. Ал да ойлонсун, толгонсун, ыр менен кошо жашасын, жыйынтыкты өзү чыгарсын.

Мезгилге

Ирмем сайын өмүрүңдү кемиткен,
Мезгилди биз шаштырабыз неликтен?
Бүктөмүндө калгым келди күндөрдүн,
Чыдай албай алоосуна демиткен.

Мезгил, мезгил, өктөмдүгүң куюндай,
Миң жылдарың мин секундча туюлбай.
Эстегенде мен да бир күн кетерим,
Бермет жаштар акмайы бар тыйылбай...

Жаштык чагым кереметтей туюлган,
Жашоо чиркин миң түрлөнүп кубулган.
Бирок, бирок ошондо да бул мезгил,
Кум сыңары салаалардан куюлган.

Убакытты кереметтүү, кубаттуу,
Укмуштуу да, кайгылуу да, мүшкүлдүү...
Кармап калыш эместигин эч мүмкүн,
Туйганымда көөдөн кере үшкүрдүм...

Сага баары баш ийерин билгенде,
Көздөн жашым мөлт деп, катуу үшкүрдүм...

- Бул жашоодо артка кайтарып алууга мүмкүн болбогон, баасы кымбат, эң асыл нерсе – бул мезгил. Мезгилди колдон чыгарсаң эч бир максаттарыңа жете албайсың. Мезгил биздин душманыбыз да, досубуз да. Дос же душман болору мезгилге жасаган мамилебизден көз каранды. Мына ушуну айткым келген.

Жаз ыры

Жолуктук биз бүгүн, жолуктук,
Асманга жетчүдөй оолуктук.
Бир ыйлап, бир күлүп жаштыкты,
Эстешип жүрөктү ооруттук.

Дарактар жаңыдан бүр ачкан,
Мезгилди сүйөмүн гүл ачкан.
Сени эмес – кучактап алсам дейм,
Ааламды бүтүндөй кулачтап.

Жаз бүгүн кириптир күчүнө,
Антсе да топчуңду бүчүлө.
Шамалы сүйүүнүн урбасын,
Жаз бүгүн кирсин ээ түшүңө?

- Аты айтып тургандай эле, бул ырым жаз жана сүйүү жөнүндө. Жаз болбосо жашоо, сүйүү болбосо кубаныч жок. Тилекке каршы, балалык таза сезимдердин баркын кийин гана билип, аттиң деп өкүнүп калат экенбиз. Мени жакшы көргөн, мен үчүн баарын берүүгө даяр болгон, бирок мен кашайып аны элес албаган, сезимин баалабаган адамым көп жылдан кийин жадырап алдымдан чыкса, апкаарыдым, уялдым, сүрдөдүм. Ал дагы деле унутпаганын айтты. Бирок мезгил деген мезгил. Жүрөктөр баягыдай соккон менен келбетибиз өзгөрүп, чачтарды саамай аралаган. Анын да, менин да үй-бүлөм бар. Ал-жай сурашып, айрылыш жолго түштүк. Окурманга айтарым – сыртта жаз, көңүлдө жаз... Өмүрдө да дайым жаз болсун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан