Поэтерапия: "Кантип кыргыз десе болот ошону? Он ооз сөзүн орусчалап сүйлөгөн"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасында ырлары "Дүйнө таланттары" тайпасы тарабынан түрк, орус, казак жана өзбек тилдерине которулган, акын Нуржамал Султанбекованын бейнесине, чыгармачылыгына кайрылабыз.

Нуржамал Султанбекова 1957-жылы 14-апрелде Токтогул районунун Сарысөгөт айылында туулган. "Данакер Лингво" маданий илимий коомдук бирикмесинин мүчөсү.

Сыйлыктары:

  • 2018-жылы - "Аруузат айым" төш белгиси;
  • 2019-жылы - "Жылдын мыкты акыны";
  • 2020-жылы - "Алтын калем" төш белгилери менен сыйланган.
  • 2020-жылы - "Туран биримдиги" тарабынан "Мыкты каламгер";
  • "Ала-Тоо Мекенчил Инсандары" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан Кыргыз республикасынын "Эл сыймыгы" төш белгиси жана грамотасы.
  • "Жетиген" журналынын он жылдык мааракесинде "Эгемендик каарманы " төш белгиси жана дипломунун ээси.
  • 2021-жылы "Дүйнө таланттары" тайпасы тарабынан, беш жолку конкурска катышып, бир жолу баш байге. Үч жолу биринчи орун. Бир жолу экинчи орунга татыган.

Ырлары "Дүйнө таланттары" тайпасы тарабынан түрк, орус, казак, өзбек тилдерине которулган. Үч ырына кыргыз тилинде, бир ырына казак тилинде обон жаралган. Жеке китеби чыга элек, аралаш китептерге, газета-журналдарга ырлары басылып чыккан. 2023-жылы Пирамида каналынын тандоосу менен "Жылдын мыкты акыны" наамына эгедер болгон. Үй-бүлөлүү, баатыр эне.

АЛА ЖҮРГҮН, ЭСИҢЕ АК-КАРАНЫ

Кур кыялга курулай жетелеткен,
Адамдар бар ашыкча өтө кеткен.
Анда дагы бир кыял, бар го дебей,
Адыраңдап калышат, чыгып чектен.

Карап турсаң, өздөрүн укмуш сезген,
Айга-күнгө колдору, түптүз жеткен.
Ойлонбостон, аркасын бир да жолу,
Кырсык капыс болорун, эшик черткен.

Айтпай келет, бардыгы кокусунан,
Алда кимдин, ойлонбойт чоочушунан.
Көктөн жерге, ыргытса өзү билет,
Чачкан өңдүү, буудайдай кочушунан.

Сактап келет, Теңирим сактаганды,
Сүрүп салат, көөнүнө жакпаганды.
"Адам болуу, баарынан кыйын тура",
Ала жүргүн эсиңе ак-караны.

ОО ЖАРАТКАН! АДАШТЫРБА ЖОЛУМАН

Оо Жараткан! Адаштырба жолуман,
Калемим да түшпөй турсун колуман.
Тилегеним, бердиң менден аябай,
Менин дагы, пейилимдин тогунан.

Оо Жараткан! Бүт дитимден суранам,
Уул-кыздарым учугумду улаган.
Ыйман берип, келечеги кең болсо,
Түбө́лүктүү бактым ошол кубанам!

Оо Жараткан! бир-тууганды колдогун,
Бир максатта, бирге болсун жолдорум.
Алганына-бергенине кайылмын,
Алысташпай, сунуп турсун колдорун.

Оо Жараткан! Кайын журтум сактагын,
Бир да жолу, көргөнүм жок сатканын.
Жарым кылым, жашасам да ичинде,
Жамандыктан-жакшылыктан качпадым.

Оо Жараткан! Досторума тийбегин,
Досчулукта сонун өмүр сүргөмүн.
Ал достордун, арасында болбосом,
Кемигенин сезем дароо дүйнөнүн.

Оо Жараткан! Айылымды өстүргүн,
Эңсеп келген, максатына жеткиргин.
Кут береке чачып турган айлымдан,
Көргөнүм жок жамандыгын эч кимдин.

Оо Жараткан! Түпкүлүгүн ойлогон,
"Адам деген" ат да берген жолдомоң.
Сен болбосоң, ойлоп көрсөм, мен киммин?
Кагылайын калкым сенсиң колдогон!

"Бул ыр жакшы санаалаш адамдарга болгон сезимдер менен эле жазылган. Мындайча айтканда, жүрөгүңө жакын адамдарга болгон каалоо-тилектер".
Өмүрлүк жолдошу Болотбек Токтоматов

БҮТ ДҮЙНӨНҮ, ТАМШАНДЫРГАН ҮН МЕНЕН

Эне тилдин, барктай билсең кадырын,
Өз өлкөңө, кошкон ошол салымың.
Ала Тоонун кулуну деп суктанып,
Күнүң күлүп, Айың чачсын жарыгын!

Касиетин, эне тилдин билбеген,
Калк ичине, салып жүрөт дүрбөлөң.
Кантип кыргыз, десе болот ошону?
Он ооз сөзүн, орусчалап сүйлөгөн.

Башка тилде, болсо дагы салмагың,
Өз тилиңди, өмүр бою чанбагын.
Тилин чанып, дилин билбес адамдын,
Көргөнүм жок, көктөн оорун алганын.

Тилиң менен, сүйкүм сөздөр куралат,
Ал сөздөрдөн, көздөгөнүн кыла алат.
Шириндиги балдан таттуу эмеспи,
Сыйкырына алган баарын дубалап!

Бабам "МАНАС" кыргыз тилде сүйлөгөн,
"ЧЫНГЫЗ" өткөн, кыргыз болуп дүйнөдөн!
Үч кыл "КОМУЗ" сайрайт кыргыз тилинде,
Бүт дүйнөнү, тамшандырган "үн" менен!

"Ар бир улуттун өз тилин баалай билүүсү парз. Кыргыз тили дагы кылымдарды багынткан улуу тил. Тилибиз жоголсо, дилибиз жоголот. Эне тилимде сүйлөп, эне тилимде ыр жазам. Кыргыз тили мен үчүн ушунчалык ыйык дагы, бийик дагы, колумдан келишинче даңазалагым келет".

ӨЧПӨЙ КҮЙГӨН ЧЫРАКТАЙ

Сенсиз менин, жашоом толук эместей,
Сезимимди ээлеп алдың, бүт бойдон.
Жыйып-терип алгандарым, керектей,
Сени ойлосом, бири калбай чыкты ойдон.

Көңүлүмдүн эзип жүргөн түпкүрүн,
Көп сырлардын, арасына катасың.
Мен издеген, элестердин сүйкүмүн,
Эмнеликтен, эч көрсөтпөй жатасың?

Аалам сени, бекем катып койнуна,
Менден бөлүп, ичи тарлык кылгандай.
Алалбасам, ыйык шертти мойнума,
Анда туура, бийиктей бер булганбай.

Ойго батам, калып таттуу уйкумдан,
Кыялымда учкан сайын сабалап.
Ушунчалык берилсем да сыртыңдан,
Тургандайсың, эч ийилбей табалап.

Агымыңа кошулармын, бир күнү,
Алыстаба, жээрип менден ыраактай.
Алмашылбас миң күнүмө, бир күнү,
Ырга айланам, өчпөй күйгөн чырактай!

Таэнем Курман кызы Анардын жаркын элесине!

Ажарына айдын нурун түнөткөн,
Асыл энем чыкпайт такыр жүрөктөн!
Ал кезекте, байкалбаган баркыңды,
Азыр тынбай карай берем сүрөттөн!

Аз көрсөм да муңайым күлгөндөрүн,
Көп укчумун, кыңылдап жүргөндөрүн.
Ырдай берет апакем деп койчумун,
Унута албай, эзелки сүйгөндөрүн!

Канчалардын түтөтүп каңырыгын,
Өлүм кыркат өзөгүн тамырынын.
Муңканган үн, ыр эмес кошок экен,
Алып бүткөн баардыгын сабырынын.

Анан мени кыйналып багыптырсың,
Өчкөн отко, тамызгы салыптырсың.
Апа деген атыңдан айланайын,
Күйүт менен түйшүктөн карыптырсың.

Апакем асылымдан айрылганда,
Жаш элем, канаттарым кайрылганда.
Актабай мээнетиңди кала бердим,
Мээримиң сакталса да ай жылдарга.

Күйүттү басам дегем, сага берген,
Үмүтүм үбөлөнүп кала берген.
Колумдан эгер кокус келчүү болсо,
Бир сууруп чыгар элем кара жерден!

"Мени үч айлык кезимден таэнем баккан. Таэнем мен он тогуз жашка чыкканда өмүрдөн өттү. Балалыгымды таэнемсиз элестетүү мүмкүн эмес. Арбагы ыраазы болсун! Баккан мээнеттин актай албадым, ойлосом жаман болуп кетем. Ал кезде колумдан эч нерсе келбеген жаш элем. Балдары такыр токтобой, тогуз кыз, бир баладан жалгыз менин апам калыптыр. Өлүмдөн жүрөгү калган апасын аяп, ыйлай бербей алаксысын деп мени берген экен. Арбагыңдан айланайын алтын апакем, айтсам сөзүм жетпейт. Жайыңды Кудайым бейиштен берсин!".

ЖАКШЫ-ЖАМАН АРАЛАШЫП БИР ЖҮРӨТ

Асманды да, асман эмес жер деген,
Айткан сөзү, чагымчылык дембе-дем.
Айлакерлер, мынча эмне көбөйдү,
Аң-сезимин, айбандыкка теңдеген.

Узунду да, кыска десе каратып,
Укмаксан бол, кетпе андан талашып.
"Укмуштуунун төөсү жорго" деген сөз,
Ушул тапта, турган өңдүү жарашып.

Акты көөлөп, кара кылып таштаган,
Аны колдойт, адилетсиз башка жан.
Жамандыктын сурагы чоң делинет,
Жан чыдагыс, тозок отун аттаган.

Жакшы-жаман аралашып бир жүрөт,
Жагымсыздык жанчып жүрөк тилдирет.
Жаман деген, жууса кетпес кара так,
Жагымдуулук кармалбаган үлбүрөк.

ОЙЛОЧУМУН

Ойлочумун, сүйгөнүнө жеткендер,
Аздектешип, өтүшөт деп бир-бирин.
Алар деле, жасай берет турбайбы,
Кылар ишин, аң-сезимсиз жиндинин!

Ойлочумун, тоңсо дагы үшүбөй,
Жылынат деп сүйүүсүнүн отуна.
Алар деле, ысык-суука чыдабай,
Азгырыкка кетет тура кошула.

Ойлочумун, ооруп калса бирөөсү,
Алаттыр деп дартын колдон талашып.
Алар деле, жаны башка болгон соң,
Калат тура, кайдыгердей карашып.

Ойлочумун, бирин-бири кыйбастар,
Баа жетпеген бактылуулар дечимин.
Алар деле, көр-тиргилик деп жүрүп,
Келет тура, бүт сүйүүсүн жечү күн.

Ойлочумун, бар тарабы жарашса,
Ак сүйүүлөр, айланат деп көктөмгө.
Алар деле, дөөлөтүнө мас болуп,
Калат тура, көз тумандап көпкөндө.

ТАГДЫР ЖАШАЙТ БЕЛГИСИЗ КЫМТЫЛАНГАН

Сагынычтар көп болсо жуурулушкан,
Таарынычтар жаралат куурулушкан.
Аны менен бардыгы бүтүп калбас,
Мезгил күтөт, мерчемдүү бурулуштан.

Дарбаза бек заңгырап кулпуланган,
Ичи толгон дөөлөттөй сыртыңардан.
Балким арман жашайттыр, сыртка чыкпас,
Эт-жүрөктүн эзилтип, тынчын алган.

Бак-таалай да бүдөмүк так ушундай,
Баасы күчтүү мелдештин жарышындай.
Сен жетпеген, бактыны бирөө тепсеп,
Күм-жам кылып, садага чабышындай.

Ойлоруңдун оп-тартып, тынчын алган,
Жүрөгүңдүн жүз тилип, курчун алган.
Табышмактуу дүйнөнүн, арт жагында,
Тагдыр жашайт, белгисиз кымтыланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан