Поэтерапия: "Ким бирөөгө ор казсаң, тайыз каз өзүң түшүп калбагын..."

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын каарманы акын, жазуучу жана ырчы Марсгүл Абылова. Ал 1972-жылы 1-мартта Нарын облусунун Учкун айылында туулган. 2016-жылы Якутия Республикасынын 50 жылдык мааракесиндеги Гран-принин ээси. Борбордук Азиянын "Янги овоз" акын-жазуучу жана тарыхчы уюмунун мүчөсү. Орто Азия эл аралык "Акындардын акыны" наамынын ээси. 2019-жылы "Мыкты акын" наамдын жеңип алган. 2019-жылы өткөн Туркиянын Адана шаарында "Поэзия жана музыка" фестивалынын 5-чакырыгында, "Мыкты акын" наамы берилген. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин "Маданияттын кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Жумамүдүн Шералиев атындагы төш белгинин ээси, Туран биримдигинин "Мыкты калемгер" медалынын ээси. Кыргыз Республикасынын Жазуучулар уюумунун мүчөсү, 4 китептин автору.

Таланттуу үй-бүлөдөн чыккан Марсгүл Абылова Кыргыз Эл артисти, куудул Күмөндөр Абылов менен актёр, режиссёр Бакыт Мукулдун бир тууган карындашы.

Марсгүл Абылова Бүткүл дүйнөлүк акын жазуучулар уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси.

МУКАНБЕТ УУЛУ ДИНИСЛАМ


1992- 2014
(баламдын жаркын элесине арнаймын)

Ээй! Кагылайын балам ай,
бүгүн түрүү болгонуңда,
29 жашка толуп,
30 жашка карайт элең.
Динислам деп койгон элек,
Далай ишке жарайт элең.

Аппак жүзүң ,сүйкүм эле,
Ички дүйнөң таптаза.
Бир өзгөчө боорукериң...
Өлөр бала башкача.

Элпектигиң кыздан аша,
Мага жөлөк-арка элең.
Шыпылдаган кыймылдарың,
Эшик- үйгө тың берен.

Апакелеп, менден мурун,
эркелетип, калчусуң.
Иий кантейин, менден мурда,
Оо дүйнөгө барчумсуң.

Канчалык оор болду, балам,
Сага кырсык жеткенде,
Сени менен коштошордо,
Араң турдум безгенге.

Тунук тунум, турду муңум,
Аргам барбы башкача.
Кара көзүм, өзгөгүмдөн,
Өрт жалының каптаса.

Секетим ай, жаш чырпыктай,
Жаңы гана бүрдөгөн,
Той кылам деп күткөн элем,
Ошол күздө үйлөнгөн.

Каңырыгым түтөп кетет,
Башка такыр салбасын.
Ажал улук, каршы болуу,
Бей жай болуп калбасын.

Көздү ачып жумгучакты ,
Өттү жети жыл да бат.
Бейишинен оорун берсин,
Жаратканым кылсын март.

Оо каралдым, энеңмин мен,
Өчпөйт такыр элесиң.
Эстегенде боздоп- сыздап,
Көз жаш төгүп келемин.

Жаңыртпайын дегем бирок,
Менден башка ким эстейт.
Рамазан улук айда,
Куран окуйм жетет деп.

Сен көзүмө көрүнбөйсүң,
Жүрөгүмдө жашайсың.
Күлсөм күлүп мени менен,
Апакелеп басасың.

Жаткан жериң жайлуу болсуң,
Топурагың торколу,
Жаратканым бейиш берди,
Арбагыңа болжолу.

Бүгүн болчу туулган күнүң,
22 жашта курагың,
Сууң өтө аз турбайбы,
Жалп деп өчтү чырагың.

Орозодо куран окуп,
Арбагыңа багыштап.
Койсун деген нээте жаздым,
Мусулмандар кошуп ат.

Ал күн 2014-жылдын Орозо айы арапа күнү эле.

- Динислам уулума арналган ырым ушул жылдын 14-апрелинде жазылган. Уулумду эскерип жүргөнүм менен ага арнап ыр жаза элек болчумун.

Уулум киши колдуу каза болуп, жүрөгүмдү тилип кеткен. Балам урушкандарды арачалайм деп ортого түшө калып, аны сайып кетишкен. Баламды сайган жигит уулумдун классташы болчу. Ал бала менин кайын-журт жагыма тууган да болуп кетет. Албетте, ал бала балама бычакты атайын сайган жок, ал башка бирөөнү саям деп балама сайып салган. Мен баарына кайыл болуп, баламдын ажалы келип ошол окуя болгонун түшүнүп, унчукпадым.

Ыраматылык балам балдарымдын улуусу эле. Ал Улуттук Гвардияда кызмат өтөгөн. Уулумдун дүйнө салганына 7 жыл болду, быйыл да орозонун убагы анын туулган күнүнө туш келгендиктен, ушул ырды жаздым. Уулум болгондо дагы Орозо айынын арапа күнүндө каза болгон.

Эне үчүн баланын каза болгонунан өткөн оор азап жок. Баламдын жаркын элеси дайыма жүрөгүмдө сакталат.

САГЫЗГАН
(Тамсил)

Сактыгын билебиз, алдыга салбай,
Сагызган заманбап аппаратын кармай.
Сүйлөсө да, басса, турса дагы тартып,
Өзүнө сөз жугузбай,
Салабаттуу көрүнгөнсүп жүрдү далай.

Көрүнгөн жандыкка жакшы сөз арнай,
Калп сөздү айткан адаты калбай.
Шакылыктап, шакылыктап.
Күн жааса, ар кимге зонтигин тосуп,
Эки жүздүү сагызган жүрөт - дейт Буркутту жандай.

Эл көзүнө өзүн көтөрө чалмай,
Чала-була ыр-обонун арнай.
Тили-тилине тийбеген,
Тантык сагызган.
Акылына жараша калпын кошуп .
Жыргал доорун сүрүп, келе жатат сайрай.

Көнгөн-өскөнү, теги жаман сарала,
Арына жараша, сайраса кана?
Калптарды чындай айтып.
Өзүн акылдуу сезип, билерман боло калып.
Камерасына түрлүү жандыкты тартып.
Күнөө издеп жүргөн имиш.
Бүркүт, шумкарга АКТ жазып, каяша айтып.

Шынаарлап чоңдорду, кызматын тандай,
Тааныш салып, арызын кармай,
Ар кимди жамандагыч адаты калбай.
Ии-иий бир сөз менен айтканда ,
Жандыктарды жадатып бүттү.
Же акылга кирбеген дөөпөрөс сукту.
Айтор, бүркүт эсептешчү күндү күттү.

Бүркүт: Кел, Сагызган!
Сага берейин, тээтетиги чөлкөмдү бүтүн,
Кышкыга камдап коём.
Кадимки тоо теке улар этин.
Сенин тактыгыңды, сактыгыңды үлгү кылыш үчүн,
Кызматтыңдан көтөрүүнү чечтим,
Бул сенин эмгегиң үчүн - деп бере кетти,
Көзү чукулган койдун этин.

Сагызгандын көзү кызарып, шилекейи агып,
Үн-сөзү жок, чокулап жеп кирди кой этти жагып.
Куу кекиртек, кекиртек кыйла жерге секиртет.
Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт деген ушу.
Сурап дагы койбой ууланган койдун этин .

Ким бирөөгө ор кассаң , тайыс кас өзүң түшүп калбагын,
Муну жаздым түшүрсөң, билип-билбей алдадың.
Шакылыктап сайрадың, уу тил менен талыкпай.
Калыс болсоң айта башта, балекетин албагын,

"Сагызган" деген тамсил боюнча азыр билип-билбей ушактарды кетирген, фактыларды чыгарып эле бирөөгө жакшы көрүнүш үчүн чоңдорду жамандай калган дагы бир чоңдо жакшы көрүнүүнүн амалын издеген, арабыздагы адамдарды көрүп жазгам. Жакшынакай жүрүп эле бири-бирине тузак салган партиялар ушул сыяктуу көрүнүштөрдү чагылдырган чыгарма. Анда бергим келген ой бирөөгө тузак салба, өзүң түшүп калба деген маани.

СЕНИ СҮЙӨТ

Алтыным ай, ай жүрөгүмдү эзесиң,
Сүйөр болсоң анда неге, неге кетесиң?
Жашай албай калат өңдүү болдукпу?
Сен да мендей акыбалга жетипсиң.

Жазылып, ачыла элек сандыгымсың,
Сен менин дүйнөдөгү жалгызымсың.
Сүйүүнүн мүрөк суусу сенде болсо,
Жашоодо жашай элек калдыгымсың.

Жаңырып, жаңы жашоо башатындай,
Сен барда болгум келет жаш чагымдай.
Жетелеп чуркагым бар кыр-кырларда,
Махабат чалкып жатчу жаз айылындай.

Түгөнбөс махабатым сени менен,
Сагынып күндүр-түндүр эңсеп келем.
Сен болгун маңдайымда кубат берип,
Өмүрдү өтөп өтсөм, сансыз ченем.

Кубансам кубанычым, балкып денем,
Сагындым бар кезиңде чыкпайт элем.
Башымды катып сенин колтугуңа ,
Ошондо эң бактылуу жарың белем.

Муунуп ызалыктан көз жаш агат,
Алсыздан байкуш жүрөк араң кагат .
Алаксып өзүмдү алдап жашап жүрөм,
Аттиң ай, дагы канча өмүр калат.

Өткөрдүм далай түндү күтүп жүрүп,
Билгизбей башкаларга калптан күлүп.
Өзөгүм өрт чалгансып куйкаланды ,
Кантейин калган экем абдан сүйүп.

Эсиме салып бүгүн жылдарымды,
Аттиң ай, билип турдум ыйлаарыңды.
Кантейин болсо менде мезгил сааты,
Токтотуп ошол чакты, кылбаймынбы.

Ыйлаба, мен да ыйлабайм эзбе, жүрөк,
Эскирбей махабатым сенде жүрөт.
Чийки суу ичкен өңдүү жылдарымды,
Дарылап, кош жүрөктү бирге түнөт.

Дагы эле курган жүрөк сени сүйөт.

Негизи чыгармачылыкта жазылган ырлар көркөмдөлүп жазылат. Сүйүү темасындагы ырларым чынында абдан көп. Ушуга байланыштуу ырларымды социалдык тармактагы баракчама жазып чыгарсам "кимди сүйдүң?", "ким ал, ким сени сыздатып кетти?" деп суроо салып, комментарий жазып калышат. Бирок чынында жашоомдо бирөөнү сүйүп ооруган эмесмин. Бирок бирөөлөрдүн сүйүүсү, аларды көз жаштарынын убалы тийип кетти деп да ойлойм. Азыр чынында эч кимим жок, чынында сүйүүдө абдан ташбоормун, анткени көп адамдарды боздоттум, бул саптар ырларымда дагы бар. Чынында мерезмин, сыртымдан сүйүлүп, сүйүүгө суктанып сүйүүгө суусап турган адамга окшошмун, бирок жан дүйнөм эмнегедир башка. Жолдошум менен эки айрылыш жолго түшкөнүмө 7 жыл болду. Экөөбүз урушкан жокпуз, бирок балам каза болгон кезде 2 жолго түштүк. Себеби кайын-журтум аралашып, бир аз тескери көз-караштар болуп кеткендиктен жолдошум экөөбүз эки бөлөк жол менен кеттик. Сүйбөсөң деле ала качып кетсе, биринчи күйөөң сенин ысык-суугуңа күйө турган ошол болуп калат экен. Мен ага азыр да эч качан жамандык каалабайм. Азыр тууган сыяктуубуз, ушул ырым ошол жолдошума арналган.

ТАРБИЯЛАН, УЛУУ ЖУРТКА

Байыркы нарк-наскалуу, каада-салттуу,
Нукура Кыргыз болуу атуулдукка.
Токтобой, адам көчү уланууда,
Тарбиялан ,аракеттен жашоо нукка.

Улам жаңы төрөлгөн перзенттердин,
Санжырага туруу керек кошуп атын.
Уруктун генеалогиялык улануусун ,
Эскертер када-салттуу улуу журтум.

Акылдын таразалап тең салмагын,
Ажырап, өйдө-төмөн болгону, док.
Эртелеп кабар албай койгон болсоң,
Эптүү сөз, таарынуунун кереги жок.

Аралаш касың-досуң түрүп кулак,
Ансыз да, аңдып сени турушкан чак.
Жөн билги, тунук акыл болсо элим,
Жөнү жок, өпкөлөнбөй тилиңди тап.

Көзүндөгү огу бардан, тили заардан,
Көңүлдү агартпаган душман-кастан.
Сактоочу жалгыз кана ынтымак дейт,
Чачырап, канча кайра аман калган.

Алкынган жаман сөздөн оозуң тартып,
Жоо болбо, күндөштөрдөй бириңе-бириң.
Жат көзгө чалдыкпайлы бөтөн элдин,
Чурулдабай "Кыргыз" деген аттың билгиң.

Тарбиялан "Кыргыз" болуп улуу журтум.

Бул чыгармам ар бир жаратылышты жакшы туюп, кармап жүргөн салт-санаа жөрөлгөлөрүбүздү колдонуп, тилибизди таза сактап, улуу эл экенибизди даңазалап жашоо керектигин бергим келген. Албетте, жашоого келген ар бир кыргыздын милдети билген көргөнүбүздү кийинки муунга мурас кылып калтыруу болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан