SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Дүйсөнали Алимакын.
Дүйсөнали Алимакын 1989-жылы 5-октябрда Кытай Эл Республикасына караштуу Иле Казак облусунда жарык дүйнөгө келген. Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетин аяктаган. "Жанарымда түн сөйлейді", "Караша кұстар ғазалы" аттуу ыр жыйнактарынын автору. Казакстан жазуучулар союзунун мүчөсү.
Цунами
Неге илээштим ошол эссиз куюнга,
Неге ээрчидим билбеймин?
Бир цунами баштап кеттиң оюмда,
Шондон бери дүйнөм муң.
Башка жерге кеткен жоксуң сен өзү,
Эми менде тынчтык жок.
Кокусунан сени көргүм келет ээх,
Аттигиниң жумуш көп.
Сен келүүгө дагы канча убак бар,
Чарчап калды саатым.
Ыр жазышат эч күнөөсүз барактар,
Жамынышып кара түн.
Чыккан күнүм окшош сенин жүзүңө,
Баткан күнүм чачыңа,
Мен олтураар унаа неге кечигет,
Жетким келди кашыңа.
Неге ээрчидим билбеймин,
Неге илээштим ошол эссиз куюнга?
Шондон бери күлбөймүн,
Бир цунами баштап кеттиң оюмда.
Күүгүм
Келгин куштун кабагында турду айып,
Саат жебеси карап калды нечеге.
Келе жатсам үнсүз кана жылмайып,
Сен жашаган жарык ушул көчөдө.
Көчөң - күңүрт, чырагы - ажал, калааң бар,
Шайтан жолун ким ээрчиди, түнөрдү.
Ары - бери кайчы өткөн адамдар,
Элесиңди адаштырып жиберди.
Түн жылмаят жарык чача сен күлсөң,
Жаман ой жок кадамдарым уланат.
Бет алдымдан сени чыгат деп жүрсөм,
А артымда күүгүм келет кубалап.
Түнкү термелүү
Күз ыйлатты бактагы гүлдү адеми,
Кандай сыйкыр байлаган мында мени?!
"Жалгызсыңбы ай бала?", - деди мезгил,
Жаңылышты, кашымда түн бар эми.
Байкалгансыйт жүзүмдө майда күлкү,
Албырыңкы ал жүзүм айдан нурлуу.
"Ашыксыңбы?" - деп сурайт жалбырактар,
- Капырай ай, - жандуубу, кайдан билди?
Түн керемет, бул ирмем бактың дешип,
Аргымагы үмүттүн так - тук этип.
- "Бүгүн кайда барасың?, - деди жолдор,
Мен сен жакка бараарым айтсын дешип.
Бир керемет ушул түн кооздогондой,
Сезимдерди жүрөктө козгогондой.
"Ай ушу сен сүйөсүң", - деди желдер,
"Ооба" дедим башка сөз оозго келбей.
Ырларды казак тилинен кыргызчалаган акын, "Жаңы толкун" адабий клубунун жетекчиси Кадырбек Аблабеков.