Эркин күрөш боюнча улуттук кураманын үмүтү Эрназар Акматалиев тууралуу айтып беребиз

Казакстандын Алматы шаарында өткөн эл аралык турнирде жылдызы жанып, эркин күрөш боюнча улуттук курамага алгачкы лицензияны алып келген команданын жана бүтүндөй кыргыз элинин үмүтү болгон балбан Эрназар Акматалиев тууралуу айтып беребиз.

Аты-жөнү: Эрназар Акматалиев;

Туулган жылы: 1998-жыл 2-июль;

Спорттун түрү: Эркин күрөш;

Салмак чени: 65 килограмм;

Машыктыруучусу: Руслан Мажинов.

Балбан Нарын облусуна караштуу Нарын районунда жарык дүйнөгө келген. Алматы шаарында өткөн турнирге чейин Акматалиев жаштар арасындагы эл аралык жана республикалык турнирлерге катышып, байгелүү орундарга ээ болгон.

2021-жылдын башында өткөн Кыргыз Республикасынын чемпиондугунда ал атаандашы Алибек Осмоновго утулуп калган. Буга карабастан машыктыруучулар аны Алматы шаарында өткөн лицензиялык турнирге жибергени олжолуу чечим болгон. 57 килограмм салмак ченинде катышкан Эрназар Акматалиев алтын байге үчүн беттеште ирандык атаандашы Амирмохаммед Язданачератини 15:13 эсебинде утуп алган.

Эрназар Акматалиев килемге 5-август күнү чыгат.

Спорттук жетишкендиктери:


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан