"Париждеги Олимпиадага даярданып баштадык" дейт спортчу Каныкей Кубанычбекова

"Токио-2020" Олимпиадасында спорттун ок атуу түрү боюнча катышкан Каныкей Кубанычбекова андагы көрсөткөн жыйынтыгы өзү күткөндөй болбогонун айтып өттү.

"Олимпиаданын жыйынтыгын көрүп алып, өзүмө нааразы болдум. Анткени күткөн жыйынтыкты көрсөтө алган жокмун. Эгер ошону көрсөтсөм, финалга чыкмакмын, балким, андан кийин медалга жетмекмин. Мунун баары өзүмдө болчу. Жакшы иштебей койдум же психологиялык жактан кичине даяр болбой калдым окшойт. Азыр баарын анализдеп отурабыз.

Бүгүндөн баштап Париждеги Олимпиадага даярданып баштадык", - деди Кубанычбекова.

Белгилей өтсөк, Олимпиада оюндарында көзгө атар кыргыз кызы 612,8 упай топтоп, 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээлеген.

Каныкей Кубанычбекова: "Париж олимпиадасына даярдыкты баштадым"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-5
2021-08-11 16:59:03
Эргеле тий
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан