Токио-2020: Медалдардын саны боюнча Кыргыз өлкөсү 64-орунга чыкты

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Кытай АКШны артка калтырып, медалдардын саны боюнча биринчи орунда келүүдө.

Бүгүн, 3-август Бишкек убактысы боюнча саат 20:30га карата Кытай 32 алтын, 21 күмүш жана 16 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга АКШ 24 алтын, 28 күмүш, 21 коло медалы менен жайгашса, Япония 19 алтын, 6 күмүш жана 11 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.

Ал эми Кыргыз өлкөсү 1 күмүш (Акжол Махмудов), 1 коло медалы (Мээрим Жуманазарова) менен 64-орунга чыкты.

Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.

Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
surgeon777
2021-08-03 22:09:42
Эртен буюрса Айсулуу алтын утса 42-орунга которулобуз!))
+11
Shbdn
2021-08-04 05:52:43
Аллахым Айсулууга күч кубат берекор.Аллам өзү колдосун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан