Мээрим Жуманазарованын атасы: "Айпери Медет кызын күрөшкө алдап алып келчүбүз"

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча коло медалды багындырган мекендешибиз Мээрим Жуманазарованын атасы жана биринчи машыктыруучусу Рахмадил Жуманазаров SUPER.KG порталынын коногу болду. Рахмадил Жуманазаров Олимпиадада өлкө намысын коргоп, жарым финалга чейин жеткен дагы бир спортчубуз Айпери Медет кызынын дагы биринчи машыктыруучусу. Тажрыйбалуу устат "Токио-2020" Олимпиадасы тууралуу берген маегинде кыздарды машыктырып баштаган алгачкы жылдарын эскерди.

"Таптакыр пайдубалы жок балдарды, болгондо да кыз кишини күрөшкө тартып, спортко алып келүү өтө кыйын иш болду. Мисалы Айперини (ред. Айпери Медет кызы) ата-энеси жибербей, эки-үч айдай келип жүрүп эле бир жылдай жок болуп кетти. Анан Мээрим кызымды жиберем үйүнө. Себеби экөөнүн үйлөрү жакын, бири-бири менен дос болчу да. "Сурап көрчү, көлгө барат бекен?" дейм. Анан ал дагы бала да. Көлгө баргысы келет. Анан жүрү көлгө барып келебиз деп алдап-соолап мелдештерге кошуп жүргөн учурлар болгон", - деди Рахмадил Жуманазаров.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы 2017-жылы Финляндияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү, Азия оюндарынын коло байге ээси, Сербияда өткөн Дүйнө Кубогунун күмүш медалынын жеңүүчүсү. Ошондой эле бир катар эл аралык мелдештердеги байгелүү орундардын ээси. "Токио-2020" жайкы Олимпиадасында жарым финалга чейин жетип, 5-орунду камсыздаганга жетишкен.

"Мээримдин колу сынганда күрөшкө эмнеге алып келдим деп капа болгом" дейт атасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан