Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы бүгүн, 1-август күнү килем үстүнө чыкты.
Кыргыз балбан кызы алгачкы жүрүшүн 1\8 финалда баштап анда, ал дагы коңшу казакстандык Эльмира Сыздыкова аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 6:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Кийинки жүрүшүндө кыргыз балбаны орусиялык Наталья Воробьева менен кез келип, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 12:0 эсеби менен жеңип, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Айпери Медет кызы америкалык балбан кыз менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Эми кыргыз балбан кызы коло байге үчүн күрөшөт.