XXXII жайкы Олимпиада оюндары өтүп жаткан Япониянын борбору Токио шаарына коркунучтуу делген "Непартак" тайфуну жакындап келе жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, "Непартак" тайфуну учурда Япониянын түштүгүндө, Тынч океанындагы Бонин аралдарында жайгашкан. Азыр бул аралдардын аймагындагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрди түзүүдө. Бирок "Непартак" Токиого жакындаган сайын шамалдын ылдамдыгы жогорулайт.
Тайфун Япониянын чыгыш жээгине келгенде, шамал 6-8 метрге чейин толкундарды көтөрүп, катуу жаан жаашы мүмкүн. Токио Олимпиадасынын уюштуруу комитети тайфун жакындап калгандыгына байланыштуу мелдештин графиги өзгөртүлүшү мүмкүн экендигин жарыялады.
"Непартак" 2021-жылы Тынч океанында пайда болгон сегизинчи тайфун болуп калды.