Бүгүн, 27-июлда кыргыз дзюдочусу Владимир Золоев "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында беттешке чыгып, анда 1/16 финалда орусиялык Алан Хубецовго жеңилип калды.
Кыргыз дзюдочусу беттешке формасында эч кандай жазуусу жок чыкты. Калган спортчулардын бардыгынын формасында фамилиясы жана өлкөсүнүн аты жазылуу экенин баса белгилей кетүү керек. Формага жазууну Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары жазып бериши керек болчу.
Белгилей кетсек, Владимир Золоев Азия жана Океаниянын учурдагы чемпиону.