Эртең, 7-августта "Ала-Тоо" аянтында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргогон улуттук курама командабыздын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу кече уюштурулат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу кече саат 13:00дө башталып, ага Олимпиадалык курамдын бардык мүчөлөрү, спортчулар жана машыктыруучулар катышат. Ошондой эле майрамдык иш-чараны кыргыз эстрада ырчылары коштойт.
Белгилей кетсек, Олимпиадага кеткен улуттук курама команда эртең, 7-августта Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишет.
Эске салсак, XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышып, 3 спортчубуз байгелүү орундарга жетишкен. Тагыраагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалды багындырган. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча балбанбыз Акжол Махмудов дагы күмүш байгени камсыздаган.
Ал эми Олимпиадада калган жалгыз спортчубуз жеңил атлетчи Дарья Маслова 8-августта мелдешке чыгат.