Япониянын борбору Токио шаарында болуп өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болгон казакстандык Нурислам Санаевге жаңы үлгүдөгү BMW унаасы тапшырылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, казак балбанына унаа Алматы аэропортуна учуп келери менен тапшырылган. Нурислам Санаев Олимпиадага эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмак ченинде катышып, коло байгеге ээ болгон.
Көпчүлүк казакстандыктар "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан балбандарына нааразычылыктарын билдиришүүдө. Олимпиадага катышкан казак балбандарынын көпчүлүгү алгачкы жүрүштөрүндө эле жеңилүү ызасын тартып калышкан.