Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 2-август күнү килем үстүнө чыкты.
Кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө эле тунистик балбанды 11:0 эсебинде татыктуу түрдө жеңип, чейрек финалга чыгып, чейрек финалда Акжол Махмудов азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Акжол Махмудов армениялык күчтүү делинген Карапет Чалян менен кез келди. Бири-бирине төп келген эки балбан тең мыкты беттеш тартуулап, кыргыз балбаны атаандашын 6:2 эсебинде жеңип алды.
Муну менен кыргыз балбаны "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын финалына чыкты. Финалда ал венгриялык Томас Лоринц менен кез келет.
Акжол Махмудов муну менен Кыргыз курамасына жок эле дегенде күмүш медаль алып келди.
Төмөндө видеону көрсөңүз болот. Видеону тарткан Кабыл Макешов.