Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Кытай АКШ менен Японияны артка калтырып, медалдардын саны боюнча кайрадан биринчи орунда келүүдө.
Бүгүн, 6-август Бишкек убактысы боюнча саат 07:30га карата Кытай 34 алтын, 24 күмүш жана 16 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга АКШ 29 алтын, 35 күмүш, 27 коло медалы менен жайгашса, Япония 22 алтын, 10 күмүш жана 14 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.
Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.