Бүгүн, 31-июлда кыргыз оор атлетчиси Бекдөөлөт Расулбеков Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында өз күчүн сынады.
Кыргыз оор атлетчиси мелдешке 96 килограммга чейинки салмакта катышып, штанганы жулкуп көтөрүүдө 166 килограмм, түртүп көтөрүүдө 208 килограмм көтөрүп, жалпы 374 килограмм көтөрдү.
Муну менен кыргыз оор атлетчиси 14 спортчунун ичинен 6-орунду камсыздады.
Бул салмак категорияда алтын байге Катар өлкөсүнө кетти.