"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль утту. Бул эгемендүү кыргыз тарыхындагы үчүнчү күмүш байге. Буга чейин 2008-жылдагы Пекин Олимпиадасында Канат Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль уткан. Ал эми экинчи күмүш медалды кечээ гана Акжол Махмудов багындырды.
Мекендешибиз финалдык беттеште жергиликтүү спортчу Юкако Каваиден намыс талашты. Анда эсеп 3:4 эсебинде Каваинин жеңиши менен аяктады. Анткени менен Айсулуу Тыныбекова күрөштүн 2-бөлүгүндө атаандашына 2 ирет коркунучтуу учурларды жаратып, татыктуу күрөш көрсөттү.
Белгилей кетүүчү нерсе, балбан кызыбыз япониялык бул спортчу айым менен буга чейин 3 жолу килем үстүндө жолуккан. Анын экөөсүндө мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова жеңишке жетишсе, тилекке каршы, бир жолкусунда жеңишти колдон чыгарып жиберген эле.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова "Токио-2020" Олимпиадасындагы эң алгачкы беттешин латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен өткөргөн. Анда балбан кызыбыз эч кыйналбастан 8:0 эсеп айырмачылыгында жеңишти камсыздаган.
Андан соң чейрек финалдык баскычта румыниялык Криста Тунде менен кез келген. Ал беттеште да мекендешибиз атаандашын мөөнөтүнөн мурда таза жеңиш менен утуп алган.
Ал эми жарым финалда украиналык балбан кыз Ирина Коляденко менен беттешип, каршылашын буйдамга келтирбестен 10:0 эсебинде жеңип, Олимпиаданын финалына чыккан.
Бул жеңиштен кийин Кыргыз өлкөсү Олимпиадалык рейтингде бир топ алдыга жылып, 2 күмүш жана 1 коло медаль менен Армения, Колумбия жана Доминикана Республикасынын катарында 58-орунга жайгашты.
Эске салсак, буга чейин спортчуларыбыздын арасынан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырса, Мээрим Жуманазарова эркин күрөш боюнча коло байгени камсыздаган.