Социалдык тармактарда кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекованын "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн аэропортто отурган сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Сүрөттө Айсулуу Тыныбекованын колуна электрондук теспе кармап отурганын көрүүгө болот. Бул сүрөт учурда көпчүлүк интернет колдонуучулары тарабынын желдей тарап, балбан кыздын жеңишке жетишин тилеп жатышат.
Айсулуу Тыныбекова баштаган кыз-келиндер курамасы Олимпиадага катышуу үчүн кечээ, 28-июль күнү Японияга учуп кетишкен. Айсулуу Тыныбекова килемге 3-август күнү чыгат.