"Токио 2020" Олимпиадасында балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова өлкөбүз үчүн экинчи медалды алып келип, жалпы кыргыз элине кубаныч тартуулады. Ал коло медаль үчүн болгон беттеште монголиялык Батцэцэг Соронзонболдынга мүмкүнчүлүк бербей 10:1 эсеп артыкчылыгында жеңип коло медалды камсыздады.
Муну менен Кыргыз өлкөсү медалдардын саны боюнча тизмеге кирип, Армения, Индия жана Кения өлкөлөрү менен чогуу 63-орунга жайгашты.
Белгилей кетсек, балбан кызыбыз коло медалды багындыруу үчүн азербайжан жана монголиялык спортчулар менен күч сынашкан.