"Токио-2020": Легендарлуу гимнаст Оксана Чусовитина карьерасын жыйынтыктап жатканын жарыялады

46 жаштагы көркөм гимнастика боюнча легенда Оксана Чусовитина "Токио-2020" Олимпиадасындагы ийгиликсиз мелдешинен кийин карьерасын жыйынтыктап жатканын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

46 жаштагы Оксана Чусовитина карьерасындагы сегизинчи жана акыркы Олимпиадасына катышты. Мындай көрүнүш көркөм гимнастиканын тарыхында болгон эмес. Ал СССРдин, Германиянын жана Өзбекстандын курама командаларында мелдештерге катышып, Олимпиада оюндарында, Европа, Азия жана Дүйнө чемпиондуктарында алтын утуп алган.

Чусовитина 1992-жылы "Барселонада" Олимпиада оюндарында дебют жасап, СССРдин атынан алтын медалга ээ болгон. 2002-жылы спортчу үй-бүлөлүк себептерден улам Германияга көчүп барып, 2006-2012-жылдары Германиянын атынан мелдештерге катышкан. 2008-жылы "Пекин" Олимпиадасында ал күмүш медалга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан