"Токио-2020": 2:1 эсебинде утулуп калды. Акжол Махмудов күмүш медалга ээ болду

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 3-августта финалда беттешке чыкты. Анда ал венгриялык фаворит балбандардын бири Тамас Лоренц менен кез келип, атаандашына 2:1 эсебинде жеңилип калды.

Кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө эле тунистик балбанды 11:0 эсебинде татыктуу түрдө жеңип, чейрек финалга чыгып, чейрек финалда

азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Акжол Махмудов армениялык күчтүү делинген Карапет Чалян менен кез келди. Бири-бирине төп келген эки балбан тең мыкты беттеш тартуулап, кыргыз балбаны атаандашын 6:2 эсебинде жеңип алган.

Финалда Акжол Махмудов менен беттешкен Тамас Лоренц тууралуу маалыматты бул шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Tinatin2002
2021-08-03 17:13:04
Куттуктайм азаматсын. Кийинки олимпиада да алтын аласын буйруса.
+12
aslan_akjol89
2021-08-03 17:15:55
Акжол,молодец!Сен жашсын али.Ушул жашына туура келет кумуш медаль.Буйруса,кийинки олимпде алтынды кыйналбай эле алабыз!
+13
Nursul
2021-08-03 17:16:10
Эң жакшы куттуктайм. Көңүлүңдү түшүрбө аманчылык болсо кийинки оюндарда алтын аласың.
+8
Pankration_MMA
2021-08-03 17:16:30
Блиин, алтын уруш керек эле!
+5
Nina.alex
2021-08-03 17:21:15
Суйом да ущул баланы. Корсом эле эрий берем течка болуп
+4
CR7_JUV
2021-08-03 17:27:01
Nina.alex, коюңуз эми ээрибениз
+3
Pankration_MMA
2021-08-03 17:29:39
Nina.alex, Ишке ашпаган куру кыялдан арылып, ишке аша турган кыялдарга кабылсаң!!!
0
Nina.alex
2021-08-03 18:20:22
Pankration_MMA,балким ашып калаар
+1
KaGaH
2021-08-03 18:42:43
Nina.alex, резина аспап жардамга келсин!))
-2
Alixan-Nookat.2015
2021-08-03 17:22:52
Азаматсың 22 жашта олимпиада чемпиону болуу чоң жетишкендик.
+7
Mister-XXX
2021-08-03 17:26:06
Венгерлик балбан олимпиададан алтын ала элек экен.Негедир Акжол жакшы күрөшпөй койгондой сезилди.Башкача айтканда сүйлөшүп алгандай болду.Акжол жаш,тиги балбан ушул менен карьерасын токтотот.
Үч жылдан кийин Лондондо Акжол алтын медаль эми сеники болушу керек.
+4
Siren90
2021-08-03 17:28:31
Күрөшкөн деле жок, аракет болбоду, менимче туура эмес кылып алуудан коркту окшойт
+4
Agayu
2021-08-03 17:46:06
Мен билгемин кумуш алат деп.Акжол слабый корунгон
-6
IOA
2021-08-03 18:09:57
Достойно эле курошту. Азаматсын Акжол келечек алдыда буюрса
+4
Milduri
2021-08-03 19:59:12
Күмүш медал да эң жакшы Казакстандан алдыдабыз, медел боюнча биз 64-орунда болсок, Казакстан 75-орунда аларда күмүш жок, 3 бронза бар, эртең буйруса алтын алсак 41-орунга көтөрүлөбүз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан